Ышая 31:1—9
31 Мисирге жардам издеп баргандардын+, аттарга таянгандардын, көп сандаган майдан арабаларына+, күчтүү аттарга ишенип+, Ысрайылдын Ыйыгын карабагандардын, Жахабаны издебегендердин башына каран түн түшөт+.
2 Бирок Кудай да акылман+, ал алаамат каптатат+, сөзүн аткарбай койбойт+. Ал кыянатчылдардын үйүнө+, жамандык кылгандар издеген жардамга каршы чыгат+.
3 Мисирликтер — Кудай эмес, пенделер+. Алардын аттары — рух эмес, эт+. Жахаба колун сунганда, жардам бергендер чалынат, жардам алгандар жыгылат+, баары бирдей жок болот.
4 Анткени Жахаба мага мындай деди: «Арстан, жалдуу жаш арстан, олжосунун үстүндө арылдап+, жардамга чакырылган койчулардын баары кыйкырса да, алардын үнүнөн коркпойт, ызы-чуусун тоотпойт. Ошо сыяктуу эле, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба Сион тоосу үчүн, анын адыры үчүн согушканы түшүп келет+.
5 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба Иерусалимди калкып учкан канаттуулардай коргойт+. Аны коргойт, куткарат, аяйт, сактайт»+.
6 «Ысрайыл уулдары, ашынган козголоңуңар менен кимге каршы чыксаңар+, ошого кайрылып келгиле+.
7 Ошол күнү ар бир адам күмүштөн жасалган пайдасы жок кудайларынан, алтындан жасалган пайдасыз кудайларынан баш тартат+. Силер аларды өз колуңар менен жасап, күнөөгө баткансыңар+.
8 Ашурлуктар кылычтан кырылат, бирок адамдын кылычынан эмес; кылычтын мизине алынат, бирок пенденин кылычынын мизине эмес+. Алар кылычтан качат, балдары кулга айланат.
9 Анын аскасы коркуп качат, төрөлөрү белгини көрүп+ үрөйү учат»,— дейт жарыгы Сиондо, меши+ Иерусалимде болгон Жахаба.