Ышая 18:1—7
18 Эфиопия дарыяларынын аймагындагы канаты бар чырылдаган чегирткелердин жерине кайгы!+
2 Ал өкүлдөрүн+ суулар аркылуу, деңиз аркылуу папирус кемелер менен жөнөтүп: «Күлүк кабарчылар, бою узун, териси жылмакай элге, баарын сестенткен, тебелеп-тепсеген, жерин дарыялар алып кеткен күчтүү элге баргыла»,— дейт+.
3 Жердин бардык тургундары+, жер жүзүндө жашагандар, тоолорго белги коюлгандагыдай+ кубулушту көрөсүңөр, мүйүз сурнай тартылгандагыдай үндү угасыңар+.
4 Анткени Жахаба мага мындай деди: «Мен өз жайымды+ тынч карап турам. Бул күндүзгү жарык+ менен ысыктай, оруп-жыюу маалындагы аптапта түшкөн шүүдүрүмдөй болот+.
5 Түшүм жыйнаганга чейин эле жүзүм гүлдөп бүтүп, мөмөсү быша баштаганда, жүзүмчү бычак менен анын бутактарын, мурутчаларын кесип салат+.
6 Алар тоодогу жырткыч куш менен жер бетиндеги айбанатка калат+. Аларды жайында жырткыч куш жейт, түшүм жыйноо маалында жер бетиндеги айбанат жейт+.
7 Ошондо асман аскерлеринин Кудайы Жахабага бою узун, териси жылмакай эл+, баарын сестенткен, тебелеп-тепсеген, жерин дарыялар алып кеткен күчтүү эл белек алып келет+. Ал белекти асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын ысмы менен аталган жайга, Сион тоосуна+ алып келишет».