Сандар 9:1—23
9 Ысрайыл эли Мисир жеринен чыккандан кийинки экинчи жылдын биринчи айында+ Синай чөлүндө Жахаба Мусага мындай деди:
2 «Ысрайыл уулдары белгиленген убакта+ пасах майрамын өткөрүшсүн+.
3 Аны белгиленген убакта, ушул айдын он төртүнчү күнү кечинде+, караңгы киргенге чейин*, бардык мыйзамы, тартиби боюнча белгилегиле»+.
4 Муса Ысрайыл уулдарына пасах майрамын белгилөөнү айтты.
5 Алар биринчи айдын он төртүнчү күнү кечинде, караңгы киргенге чейин, Синай чөлүндө пасахты белгилешти. Жахаба Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары так ошондой кылышты+.
6 Бирок кээ бирлери өлгөн адамга*+ тийип таза эмес болуп калгандыктан ошол күнү пасахты белгилей алышкан жок. Андыктан алар ошол күнү Муса менен Арунга барышты+.
7 Анан ага: «Биз өлгөн адамга тийип таза эмес болуп калдык. Эми белгиленген убакта Ысрайыл уулдары менен бирге Жахабага курмандык+ чалбай калабызбы?» — дешти.
8 Муса аларга: «Тиги жерде күтө тургула, Жахаба силер тууралуу эмне деп айтарын угайын»,— деди+.
9 Жахаба Мусага мындай деди:
10 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Эгер силердин же тукумдарыңардын арасынан кимдир бирөө өлгөн адамга+ тийип таза эмес болуп калса же алыскы сапарда жүрсө, ал баары бир деле Жахабага арнап пасах майрамын белгилеши керек.
11 Алар аны экинчи айдын+ он төртүнчү күнү кечинде, караңгы киргенге чейин белгилеп, пасах курмандыгынын этин калама жана ачуу чөптөр менен жешсин+.
12 Андан эртең мененкиге чейин эч нерсе калтырышпасын+, анын бир да сөөгүн сындырышпасын+. Аны берилген көрсөтмөлөргө ылайык даярдашсын+.
13 Эгер адам таза болсо, алыскы сапарда жүрбөсө, бирок пасахты белгилебесе, ал* элинин арасынан жок кылынсын+, анткени белгиленген убакта Жахабага курмандык чалган жок. Ал күнөөсү үчүн жоопко тартылышы керек+.
14 Эгер араңарда келгин жашаса, ал да Жахабага арнап пасах майрамын белгилеши керек+. Аны бардык мыйзамы, тартиби боюнча белгилесин+. Келгин үчүн да, жергиликтүү тургун үчүн да — баарыңар үчүн бир мыйзам болсун“»+.
15 Ыйык чатыр+, башкача айтканда, келишим сандыгы турган ыйык чатыр тургузулган күнү анын үстүндө булут+ пайда болду. Ал эми кеч киргенден таң атканга чейин ал ыйык чатырдын үстүндө от сыяктуу болуп турду+.
16 Дайыма ушундай болчу: чатырдын үстүндө күндүз булут турчу, түнкүсүн от сыяктуу нерсе турчу+.
17 Булут чатырдан жогору көтөрүлөрү менен+, Ысрайыл уулдары жолго чыгышчу, ал эми булут токтогондо токтоп, ошол жерге чатырларын тигишчү+.
18 Алар Жахабанын буйругу боюнча жолго чыгып, Жахабанын буйругу боюнча чатырларын тигишчү+. Булут ыйык чатырдын үстүндө турган күндөрү алардын кошууну жолго чыкчу эмес.
19 Булут ыйык чатырдын үстүндө көп күн турса да, Ысрайыл уулдары Жахабага баш ийип, жолго чыгышчу эмес+.
20 Кээде булут ыйык чатырдын үстүндө бир нече эле күн турчу. Ысрайыл уулдары Жахабанын буйругу боюнча+ чатырларын тигип, Жахабанын буйругу боюнча жолго чыгышчу.
21 Айрым учурларда булут+ чатырдын үстүндө кеч киргенден таң атканга чейин туруп, эртең менен жогору көтөрүлчү. Ошондо алар жолго чыгышчу. Булут качан жогору көтөрүлбөсүн, күндүзбү же түнкүсүнбү, алар ошол замат жолго чыгышчу+.
22 Булут ыйык чатырдын үстүндө эки күн турабы, бир айбы же андан да көп турабы, ал күндөрү Ысрайыл уулдарынын кошууну жолго чыкчу эмес. Ал эми булут көтөрүлгөндө, жолго чыгышчу+.
23 Алар Жахабанын буйругу боюнча чатырларын тигип, Жахабанын буйругу боюнча жолго чыгышчу. Алар Жахабанын Муса аркылуу+ берген буйруктарын аткарып, Жахабага баш ийишчү+.