Ошуя 14:1—9
14 «Оо, Ысрайыл, Жахаба Кудайыңа кайтып кел+, анткени сен кылмышыңдан улам чалындың+.
2 Жахабага кайрылып келип, өкүнгөнүңөрдү айткыла+. Баарыңар ага мындай дегиле: „Кылган кылмышыбызды кечирип+, жакшы нерселерибизди кабыл ала көр. Ошондо биз сага букачарлардай ооз курмандыгын чалабыз+.
3 Бизди Ашур куткарбайт+. Мындан ары атка минбейбиз+. Колубуздан бүткөн нерселерди “Кудайыбыз!” дебейбиз, анткени жетимге сен гана кайрымдуулук кыласың“+.
4 Мен алардын ишенимсиздигин айыктырам+. Каарым кайткандыктан+, аларды өз эрким менен жакшы көрөм+.
5 Мен Ысрайыл үчүн шүүдүрүмдөй болом+. Ал лилия гүлүндөй гүлдөйт, Лебанон дарагындай тамыр жаят.
6 Ал бутактайт, даңкы зайтун дарагыныкындай+, жыты Лебанон дарагыныкындай болот.
7 Алар кайрадан Анын көлөкөсүндө жашашат+, эгин өстүрүшөт, жүзүм сабагындай гүлдөшөт+. Аны Лебанон шарабындай унутушпайт.
8 Эпрайым: „Эми бул буркандарды эмне кылмак элем?“ — дейт+.
Мен аны угам, ага кам көрөм+. Мен барпайган арчадаймын+. Мен сага жемиш берем».
9 Ким акылдуу болсо, ушуларды түшүнсүн+. Ким эстүү болсо+, ушуларды билсин. Анткени Жахабанын жолдору түз+. Адил адамдар ал жолдордон чыкпайт+, ал эми мыйзамды бузгандар ал жолдордо чалынат+.