Мыйзам 9:1—29
9 Кулак сал, Ысрайыл! Бүгүн сен өзүңдөн алда канча күчтүү, алда канча көп элдердин+ жерин, асман тиреген чеби бар шаарларын+ басып алыш үчүн Иордандын аркы өйүзүнө өткөнү жатасың+.
2 Ал жактагы күчтүү, чоң адамдардын, Анактын тукумдарынын+, жерин басып аласың. Ал элди өзүң жакшы билесиң, алар жөнүндө: „Анактын тукумдарына ким каршы тура алат?“ — деген сөздөрдү да угуп жүрөсүң.
3 Бирок, өзүң билгендей, Жахаба Кудайың сенин алдыңда барат+. Ал — жалмап салуучу от+, ал аларды кырат+, сага багындырып берет. Жахаба айткандай, сен аларды бат эле басып алып, кырып жок кыласың+.
4 Жахаба Кудайың ал элдерди сенин алдыңдан кууп чыкканда: „Жахаба мени адил болгонум үчүн бул жерди ээлесин деп алып келди“,— деп ойлобо+. Анткени Жахаба аларды ал жерден ыймансыздыгы үчүн кууп чыгып жатат+.
5 Сен ал жерди адил болгонуң үчүн же жүрөгүң таза болгону үчүн ээлегени бараткан жоксуң+. Жахаба Кудайың ал элдерди ыймансыз болгону үчүн кууп чыгып жатат+. Жахаба ата-бабаларың Ыбрайымга+, Ыскакка+, Жакыпка+ берген антын аткарыш үчүн ошентип жатат.
6 Ошондуктан билип кой, Жахаба Кудайың ал жакшы жерди сага адил болгонуң үчүн берип жаткан жок, анткени сен тоң моюн элсиң+.
7 Жахаба Кудайыңды чөлдө каардантканыңды+ эстеп жүр, эч унутпа. Мисир жеринен чыккандан тартып ушул жерге келгенге чейин силер Жахабага каршы чыгып келдиңер+.
8 Хорепте да Жахабаны каарданткансыңар. Жахаба ушунчалык каардангандыктан силерди жок кылгысы келген+.
9 Таш лоокторду — Жахаба силер менен түзгөн келишимдин+ сөздөрү жазылган лоокторду+ — алганы тоого чыгып, ал жерде мен нан да жебей, суу да ичпей, кырк күн, кырк түн болдум+.
10 Анан Жахаба мага өзүнүн колу* менен+ жазылган эки таш лоокту берди. Аларга Жахабанын силер ошол жерге чогулган күнү от ичинен айткан сөздөрү+ жазылган болчу.
11 Кырк күн, кырк түн өткөндөн кийин Жахаба мага эки таш лоокту, келишим лоокторун, берди+.
12 Анан Жахаба мага: „Ордуңан тур да, тезирээк тоодон түш, анткени сен Мисир жеринен алып чыккан эл бузулду+. Алар мен көрсөткөн жолдон бат эле бурулуп, өздөрүнө буркан куюп алышты“+,— деди.
13 Жахаба мага дагы мындай деди: „Мен бул элдин тоң моюн экенин көрүп турам+.
14 Мени токтотпо! Мен аларды жок кылып+, алардын ысмын жер үстүнөн өчүрөм+. Сенден болсо алардан алда канча көп, күчтүү эл чыгарам“+.
15 Ошондо мен бурулуп, тоодон түшө баштадым. Тоо күйүп жаткан эле+. Колумда эки келишим лоогу бар болчу+.
16 Анан карасам, силер Жахаба Кудайыңарга каршы күнөө кылып жатыптырсыңар. Силер өзүңөргө музоо куюп+, Жахаба көрсөткөн жолдон бат эле бурулуп кетиптирсиңер+.
17 Ошондо мен эки лоокту эки колдоп кармап жерге ыргытып, силердин көзүңөрчө талкалап салдым+.
18 Анан, мурункудай болуп, Жахабанын алдында жүзтөмөндөп жыгылып, кырк күн, кырк түн жаттым. Силер күнөө кылганыңар үчүн, Жахабанын көз алдында жаман иш кылып, аны капалантканыңар үчүн+, нан да жеген жокмун, суу да ичкен жокмун+.
19 Мен Жахабанын силерди жок кылгысы келгенчелик катуу каарданганынан корктум+. Бирок Жахаба мени бул жолкусунда да укту+.
20 Жахаба Арунга да аябай ачууланып, аны өлтүргүсү келди+. Ошондо мен Арун үчүн да жалындым+.
21 Андан кийин мен силердин күнөөңөрдү — музоону+ — отко өрттөп, талкалап, топурактай кылып майдалап, тоодон аккан сууга чачып салдым+.
22 Силер Жахабаны Таберада+, Масада+, Киброт-Хатабада+ да каарданттыңар+.
23 Жахаба Кадеш-Барниден+ силерди: „Баргыла да, мен силерге берип жаткан жерди ээлегиле“,— деп жөнөткөндө, силер Жахаба Кудайыңардын буйругуна каршы чыгып+, ага ишенбей+, тилин албай койдуңар+.
24 Мен силерди билген күндөн бери эле силер Жахабага каршы чыгып келатасыңар+.
25 Жахаба силерди кырып жок кыларын айтканда+, мен Жахабанын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, кырк күн, кырк түн жаттым+.
26 Жахабага жалынып+, мындай дедим: „О, Эгедер Теңир Жахаба, өзүңдүн улуулугуң менен кун төлөп бошотуп алган, күчтүү колуң менен+ Мисир жеринен алып чыккан элиңди+ — өз менчигиңди+ — жок кыла көрбө.
27 Кулдарыңды: Ыбрайымды, Ыскакты, Жакыпты эстей көр+. Бул элдин тоң моюндугуна, ыймансыздыгына, күнөөсүнө көңүл бурба+.
28 Сен бизди алып чыккан жердин тургундары+: “Жахаба аларды өзү убада кылган жерге алып бара албай койгондуктан, аларды жек көргөндүктөн чөлдө кырып салды”,— деп айтышпасын+.
29 Анткени булар — сенин элиң, сенин менчигиң+. Сен буларды ал жактан өзүңдүн улуу күчүң, сунулган колуң менен алып чыккансың“+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «манжасы».