Забур 85:1—13

Башчыга. Корактын уулдарынын забуру. Ыр. 85  Оо, Жахаба, сен өз жериңе ырайым кылып+,Жакыптын туткундагы уулдарын кайтарып келгенсиң+.  Өз элиңдин айыбын+,Алардын бардык күнөөсүн кечиргенсиң+. (Села)  Ачууңду тыйгансың+,Кайнаган каарыңды кайт кылгансың+.  Оо, куткаруучу Кудайыбыз, бизди калыбыбызга келтир+,Бизге ачууланганыңды токтото көр+.  Түбөлүккө каардана бересиңби?+Муундан муунга ачуулана бересиңби?+  Элиң сенин алдыңда кубанышы үчүн+,Бизди кайрадан жандандырбай коёсуңбу?+  Оо, Жахаба, бизге мээримдүүлүгүңдү көрсөт+,Бизди куткар+.  Мен чыныгы Кудай Жахабанын эмне дээрине кулак салам+,Анткени ал элине, ишенимдүү кызматчыларына тынчтыкты жар салат+.Бирок алар кайрадан өзүлөрүнө таянбасын+.  Биздин жер даңкка бөлөнүшү үчүн+,Кудайдын куткаруусу Андан корккондорго жакын+. 10  Мээримдүүлүк менен чындык жолугушту+,Адилдик менен тынчтык бири-бирин өптү+. 11  Чындык жерден өнүп чыгат+,Адилдик асмандан төмөн карайт+. 12  Жахаба да берекесин төгөт+,Ошондо жерибиз түшүмүн берет+. 13  Адилдик Кудайдын алдында жүрөт+,Ал Анын изи менен жол салат+.

Шилтемелер