Забур 84:1—12
Башчыга. Гиттит+. Корактын уулдарынын забуру. Ыр.
84 Сенин улуу чатырың+ кандай сонун,Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба!+
2 Жаным Жахабанын короолорун көксөп, алдан тайды+.Тирүү Кудайдын алдында жүрөгүм да, денем да шаттанат+.
3 Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, Падышам, Кудайым!Улуу курмандык жайыңдан чымчык да жай табат,Ал жакка чабалекей да уя салат,Балапандарын багат.
4 Сенин үйүңдө жашагандар бактылуу!+Алар сени тынымсыз даңкташат+.(Села)
5 Сенден күч-кубат алган+,Үйүңө кеткен жолдорду жүрөгүндө эңсеген+ адамдар бактылуу.
6 Алар бака өрөөнүндө* баратканда+,Ал жер булактай көрүнөт.Насаатчы+ даңкка бөлөнөт.
7 Алардын күчүнө күч кошулат+,Ар бири Сионго, Кудайдын алдына барат+.
8 Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, тиленүүмдү ук+,Оо, Жакыптын Кудайы, кулак сал+.(Села)
9 Оо, Кудай, биздин калканыбыз+, назарыңды сал,Майланганыңдын жүзүн кара+.
10 Анткени сенин короолоруңдагы бир күн миң күндөн артык+.Ыймансыздардын чатырларында жашагандан көрө+,Кудайдын үйүнүн босогосунда турганым жакшы+.
11 Себеби Жахаба Кудай — күн+ жана калкан+.Ал ырайым кылат, даңкка бөлөйт+.Жахаба кынтыксыз жүргөндөрдү жакшылыктан кем кылбайт+.
12 Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, сага таянган адам бактылуу+.
Шилтемелер
^ Же: «Бака деген бадалдар өскөн өрөөндө».