Забур 75:1—10

Башчыга. «Мени жок кылба». Асаптын забуру+. Ыр. 75  Биз сага ыраазычылык билдиребиз, оо, Кудай, ыраазычылык билдиребиз+.Сенин ысмың биз менен+.Адамдар сенин кереметтүү иштериңди жарыялайт+.  «Мен убакыт белгилеп койдум+,Адилдик менен өкүм чыгара баштадым+.  Жер менен анын бардык тургундары дүрбөлөңгө түштү+.Мен анын түркүктөрүн оңдодум»+. (Села)  Акылсыздарга: «Акылсыздык кылбагыла»,— дедим+,Ыймансыздарга: «Мүйүзүңөрдү* жогору көтөрбөгүлө»,— дедим+.  Мүйүзүңөрдү жогору көтөрбөгүлө,Кекирейе сүйлөбөгүлө+.  Зоболоңордун көтөрүлүшүн чыгыштан да, батыштан да,Түштүктөн да күтпөгүлө.  Себеби Кудай — сот+.Ал бирин басынтат, экинчисин көтөрөт+.  Жахаба колуна чөйчөк кармап турат+,Ичинде күчтүү шарап көбүрүп-жабырып жатат.Ал андагы тундурманы төгөт,Жер жүзүндөгү ыймансыздардын баары аны шыпкап ичет+.  Мен болсо ошол тууралуу түбөлүк айтам,Жакыптын Кудайын даңктап ырдайм+. 10  «Ыймансыздардын мүйүздөрүн сындырам»+.Ал эми адил адамдын мүйүзү жогору көтөрүлөт+.

Шилтемелер

Ыйык Китепте «мүйүз» деген сөз көп учурда күч-кубатты, бийликти билдирет.