Забур 74:1—23
Маскил. Асаптын забуру+.
74 Оо, Кудай, эмне үчүн бизди түбөлүккө таштап кеттиң?+Эмне үчүн жайытыңдын оторуна+ каарың кайнап жатат?
2 Байыртан өзүң ээ болгон жамаатыңды+,Мурасың катары куткарып алган урууну+,Өзүң жашап келген ушул Сион тоосун эстей көр+.
3 Көптөн бери жаткан урандыларга кадам шилте+.Ыйык жердегинин баарын душман талкалап кетти+.
4 Сага кастык кылгандар сыйынуу жайынын ортосунда ыркырап жүрүшөт+,Алар өз белгилерин орнотуп алышкан+.
5 Душмандар жыш токойду кыйыш үчүн балтасын өйдө көтөргөндөр катары жаман атка конушкан.
6 Алар ыйык жайыңдагы оюм-чийимдерди балта, барскан менен бирин калтырбай кыйратышты+.
7 Ыйык жайыңды өрттөп жиберишти+,Ысмыңды алып жүргөн ыйык чатырды жерге кулатып, арамдашты+.
8 Алар өздөрүнүн тукуму менен бирге ичинен:«Кудайдын бул жердеги сыйынуу жайларынын баары өрттөлөт»,— дешти+.
9 Биз өз белгилерибизди көрбөй калдык, пайгамбар да калган жок+.Арабызда мунун качанга чейин созуларын билген эч ким жок.
10 Оо, Кудай, кас тарап сага качанга чейин акарат кылат?+Душман сенин ысмыңды түбөлүккө жек көрөбү?+
11 Эмне үчүн колуң менен, койнуңдан чыгарган оң колуң менен чара көрбөй жатасың?+Биз кырылып жок болобузбу?
12 Ошентсе да Кудай — байыртан бери менин Падышам+,Ал жер үстүндө улуу куткаруусун көрсөтөт+.
13 Сен деңизди күч-кубатың менен толкуткансың+,Суулардагы алп жаныбарлардын баштарын жанчкансың+.
14 Лебиатандын*+ башын* жанчкансың,Аны чөлдүү аймактардын тургундарына азык кылып бергенсиң+.
15 Сен булак чыгарып, сууну дайрадай агызгансың+,Соолубас дарыяларды какшыткансың+.
16 Күн да, түн да сага таандык+,Жарыктын булагын — күндү — жараткансың+.
17 Сен жердин бардык чектерин белгилегенсиң+,Жай менен кышты жараткансың+.
18 Оо, Жахаба, душмандын тил тийгизгенин+,Акылсыз элдин ысмыңа акарат кылганын эсте+.
19 Бактектин жанын жырткычка салып бербе+,Бечара элиңди биротоло унутпа+.
20 Келишимиңди эсте+,Анткени жердин караңгы бурчтары зордук-зомбулуктун уюгуна айланды+.
21 Кыйналган адам кемсинтилбесин+,Бей-бечара менен жакыр сенин ысмыңды даңктасын+.
22 Ордуңан тур, оо, Кудай, өкүмүңдү чыгар+,Акылсыздын сага күнү бою тил тийгизгенин эсте+.
23 Сага кастык кылгандардын үнүн унутпа+,Сага каршы чыккандардын чуусу басылбай, асманга көтөрүлүп жатат+.