Забур 69:1—36

Башчыга. Лилиялар+. Дөөтүнүн забуру. 69  Мени куткара көр, оо, Кудай, анткени жанымды суу каптады+.  Бут коёрго жер таппай, терең сазга баттым+.Терең сууга кирдим,Мени суунун шар агымы агызып кетти+.  Жардамга чакыргандан чарчадым+,Тамагым кургап калды.Кудайымды күтө берип көзүм талыды+.  Мени себепсиз эле жек көргөндөр башымдагы чачыман көп+.Жөн жерден душман болуп, мени жок кылгысы келгендер көбөйдү+.Тартып албаган нерсемди берүүгө мажбур кылышты.  Оо, Кудай, сен менин акылсыздыгымды билесиң,Айыбым сенден жашыруун эмес+.  Оо, Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+,Сенден үмүттөнгөндөр менин айыман уят болушпаса экен+,Ысрайылдын Кудайы+,Сени издегендер менин айыман басынтылышпаса экен+.  Анткени сен үчүн акарат сөздөргө чыдап жатам+,Жүзүмдү маскаралык каптады+.  Бир туугандарыма жат киши+,Энемдин уулдарына бөтөн жерлик болуп калдым+.  Анткени сенин үйүңө болгон ынтамдан улам ичим өрт болду+,Сага акарат кылгандардын акарат сөздөрү мага тийди+. 10  Орозо кармап, ыйладым+,Бирок ошон үчүн да акарат сөздөрдү уктум+. 11  Кийим ордуна таар кийгенимде,Алар мени ылакап кылышты+. 12  Дарбазанын алдында отургандар мени кеп кылышты+,Мен күчтүү ичимдик ичкендердин ырына айландым+. 13  Бирок мен, оо, Жахаба, сенден тилендим+,Оо, Кудай, ылайыктуу убакта тилендим+.Мага улуу мээримдүүлүгүң менен жооп бер, чыныгы куткаруучу экениңди көрсөт+. 14  Мени саздан чыгара көр, чөгүп кетпейин+.Өзүмдү жек көргөндөрдөн+, терең суулардан кутулайын+. 15  Мени суунун шар агымы агызып кетпесин+,Суунун ирими жутуп албасын,Кудуктун оозу үстүмөн жабылып калбасын+. 16  Мага жооп бер, оо, Жахаба, анткени сенин мээримдүүлүгүң жакшы+.Улуу кайрымдуулугуң менен мага назар сал+. 17  Кызматчыңан жүзүңдү жашырба+.Мага дароо жооп бер, анткени мен оор абалдамын+. 18  Жакын келип, жанымды куткар+,Душмандарыман арылт+. 19  Сен шылдың болгонумду, уятка калганымды, кемсинтилгенимди билесиң+.Мени менен касташкандардын баары сенин көз алдыңда+. 20  Акарат сөздөр жүрөгүмдү жаралады, жараатым айыккыс болду+.Бирөө боор ооруйбу деп үмүттөндүм, бирок андай болгон жок+.Сооротуучуларды издедим, бирок тапкан жокмун+. 21  Мага тамак ордуна уулуу чөп беришти+,Суусаганымда, кычкыл шарап ичирүүгө аракеттеништи+. 22  Аларга өздөрүнүн үстөлү* кылтак болсун+,Жыргап жатышканда тузакка түшүшсүн+. 23  Көздөрү тунарып, көрбөй калышсын+,Бүткөн боюн калтырак баскыдай кыл+. 24  Аларды айыптап ашкереле+,Аларга кайнаган каарың төгүлсүн+. 25  Дубал менен курчалган жайлары ээн калсын+,Чатырларында эч ким жашабасын+. 26  Анткени алар сен ойрон кылгандын артынан сая түшүп+,Сен жаралагандардын азабын кеп кылып жатышат. 27  Алардын күнөөсүнө күнөө кош+,Сенин алдыңда алар адил деп эсептелбесин+, 28  Тирүүлөрдүн китебинен өчүрүлсүн+,Ысымдары адил адамдардын ысмы менен бирге жазылбасын+. 29  Мен кыйналып, азап чегип жатам+.Оо, Кудайым, мени куткар, мени корго+. 30  Мен Кудайдын ысмын ыр менен даңктайм+,Ыраазычылык билдирип, аны даңазалайм+. 31  Муну Жахаба букага караганда+,Мүйүздүү, ача туяктуу букачарга караганда көбүрөөк жактырат+. 32  Муну мүнөзү жумшактар көрүп, кубанышат+.Кудайды издегендер, жүрөгүңөр жандансын+. 33  Анткени Жахаба жакырларды угат+,Туткундалган элине кайдыгер карабайт+. 34  Асман менен жер+,Деңиздер менен аларда жашагандардын баары Аны даңктасын+. 35  Кудай Сионду куткарат+,Жүйүт шаарларын тургузат+.Алар ал жерде жашап, ага ээлик кылышат+. 36  Анын кызматчыларынын тукуму ал жерди мураска алат+,Анын ысмын жакшы көргөндөр ошол жерде жашашат+.

Шилтемелер

Курмандык үстөлү.