Забур 54:1—7

Башчыга. Кыл аспаптар үчүн. Маскил. Дөөтүнүн забуру. Зиптиктер келип, Шабулга: «Дөөтүнүн биз жакта жашынып жүргөнүн билбейсиңби?»+ — дешкен убакта жазылган. 54  Оо, Кудай, мени ысмың менен сактай көр+,Кудурет-күчүң менен мага болуш+.  Оо, Кудай, тиленүүмдү уга көр+,Оозуман чыккан сөздөргө кулак сал+.  Анткени чоочундар мага каршы көтөрүлүп,Зулумдар жанымды алууну көздөп жатышат+.Алар Кудайды ойлоп да коюшпайт+. (Села)  Бирок Кудай — менин жардамчым+,Жахаба жаныма колдоо көрсөткөндөрдүн арасында.  Ал душмандарыма кыянат иштери үчүн тиешесин берет+;Чындыгың боюнча аларды жок кыл+.  Мен сага курмандык чалууга даярмын+,Оо, Жахаба, ысмыңды даңктайм, анткени бул жагымдуу+.  Сен мени бардык кыйынчылыктарымдан арылттың+,Көзүм душмандарымдын кулаганын көрдү+.

Шилтемелер