Забур 53:1—6

Башчыга. Махалат*+. Маскил. Дөөтүнүн забуру. 53  Акылсыз адам жүрөгүндө:«Жахаба жок»,— дейт+.Андай адамдар ыймансыздык менен залакалуу, жийиркеничтүү иштерди кылышат+.Бири да жакшылык кылбайт+.  Кудайды издеген, түшүнүгү бар бирөө бар болду бекен деп+,Жахаба адам баласына асмандан көз салды+.  Алардын баары жолдон адашкан, баары бирдей бузулган+,Арасында жакшылык кылган бир да адам жок+,Бирөө да жок.  Кыянаттык кылгандардын бири да түшүнгөн жокпу?+Алар элимди нан жегендей жеп-жутуп жатышат+.Алар Жахабаны чакырышкан жок+.  Коркунуч жок жерден+Аларды катуу коркунуч басты+,Анткени Кудай сага кол салгандардын сөөктөрүн чачат+.Сен баарын уяткарасың, анткени аларды Жахаба четке какты+.  Ысрайылга Сиондон улуу куткаруу келсе кана!+Жахаба элинин туткунда жүргөндөрүн кайтарып келгенде+,Жакып сүйүнсүн, Ысрайыл кубансын!+

Шилтемелер

Еврей тилиндеги музыкалык термин. Так мааниси белгисиз.