Забур 39:1—13

Башчыга. Жедутун*+. Дөөтүнүн ыры. 39  Мен: «Тилим менен күнөөгө батпаш үчүн+Жолдорумду байкап жүрөм+.Алдымда ыймансыз турганда+,Оозума ооздук* салам»,— дедим+.  Мен сүйлөбөй, үн катпай+,Жакшылыкты да сөз кылбай калдым+,Сыздаткан оорумду бастым.  Көөдөнүмдө жүрөгүм чок болду+,Үшкүрүнүп, оттой күйдүм.Ошондо тилим мындай деди:  «Оо, Жахаба, өмүрүмдүн акырын+,Күндөрүмдүн санын билгидей болоюн+,Өмүрүмдүн канчалык кыска экенин аңдайын+.  Мына, мага саналуу эле күн бердиң+,Сенин алдыңда бүт өмүрүм эч нерсеге арзыбайт+.Чын эле, пенде канчалык бекем турбасын, ал — тек гана дем+. (Села)  Чын эле, адамдын өмүрү көлөкөдөй+.Чын эле, адамдар бекер эле түйшүк тартышат+.Бирөө дүнүйө топтойт, бирок анысы кимге каларын билбейт+.  Оо, Жахаба, анда мен эмнеге үмүттөнүп жүрөм?Мен сени күтөм+.  Мени бардык кылмыштарымдан арылт+,Акылсызга кор кылба+.  Сенин иш-аракетиңен улам+Унчуккан жокмун+, оозумду ача алган жокмун+. 10  Башыма салган алааматыңды менден алыстат+.Анткени колуңдун кастыгынан жок болуп баратам+. 11  Сен адамдын күнөөсүн ашкерелеп, аны оңдоп-түзөйсүң+,Анын баалуу нерселерин күбөдөй жеп жок кыласың+.Чын эле, ар бир пенде — тек гана дем+. (Села) 12  Оо, Жахаба, тиленүүмдү ук,Зарлаган үнүмө кулак сал+.Көз жашымды көрүп, унчукпай койбо+.Анткени сенин алдыңда тек гана бөтөн жерликмин+,Ата-бабаларымдай эле келгинмин+. 13  Өлүп, жок болгонума чейин+,Менден көзүңдү ал: кайрадан кубанычка бөлөнөйүн»+.

Шилтемелер

Мааниси белгисиз.
Же: «тумшук кап».