Забур 30:1—12

Үйүн арнагандагы ыр+. Дөөтүнүн забуру. 30  Оо, Жахаба, мени куткарганың үчүн+,Душмандарымдын табасын кандырбаганың үчүн сени даңктайм+.  Оо, Жахаба Кудайым, сага жардам сурап жалбарганымда, мени айыктырдың+.  Оо, Жахаба, сен жанымды көрдөн* алып чыктың+,Көрдө жатпашым үчүн, өмүрүмдү сактап жүрдүң+.  Жахабага берилгендер, аны обон салып даңктагыла+,Ыйык ысмына* ыраазычылык билдиргиле+.  Анткени ал көз ирмемге эле каарданат+,Ал эми ырайымын өмүр бою көрсөтөт+.Кечинде ый чыкса+, эртең менен кубанычтуу үн жаңырат+.  Мен санаасыз жашап жүргөнүмдө+:«Эч качан олку-солку болбойм»,— дечүмүн+.  Оо, Жахаба, менин тоомду ырайымың менен бекемдедиң+,Бирок жүзүңдү жашырганыңда, тынчым кетти+.  Оо, Жахаба, сени чакырып жаттым+;Жахабадан ырайым кылышын сурап жалбара бердим+.  Көргө түшкөнүмдөн, канымдын төгүлгөнүнөн эмне пайда?+Сени топурак даңктайбы+, чындыгыңды жарыялайбы?+ 10  Оо, Жахаба, үнүмдү угуп, ырайым кыл+,Мага жардам бер, Жахаба+. 11  Сен күйүтүмдү бийге айланттың+,Үстүмөн таарды* чечтиң, мени кубаныч менен курчадың+. 12  Сени жүрөгүм* даңктап ырдасын, унчукпай калбасын+.Оо, Жахаба Кудайым, сени түбөлүк даңазалайм+.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Сөзмө-сөз: «эскерилишине».
Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда ж. б. у. с. учурларда кийишчү же колдонушчу.
Сөзмө-сөз: «даңкым».