Забур 14:1—7

Башчыга. Дөөтүнүн ыры. 14  Акылсыз адам жүрөгүндө:«Жахаба жок»,— дейт+.Андай адамдар залакалуу, жийиркеничтүү иштерди кылышат+.Бири да жакшылык кылбайт+.  Арасында түшүнүгү бар, Жахабаны издеген бирөө бар болду бекен деп+,Жахаба адам баласына асмандан көз салды+.  Алардын баары жолдон адашкан+, баары бирдей бузулган+.Арасында жакшылык кылган бир да адам жок+.Бирөө да жок+.  Кыянаттык кылгандардын бири да түшүнгөн жокпу?+Алар элимди нан жегендей жеп-жутуп жатышат+.Алар Жахабаны чакырышкан жок+.  Жахаба адил муундун арасында болгондуктан+,Ал жактан аларды улуу коркунуч басты+.  Силер кысымга алынган кишиниЖахабаны баш маана кылганы үчүн шылдыңдайсыңар+.  Ысрайылга Сиондон куткаруу келсе кана!+Жахаба элинин туткунда жүргөндөрүн кайтарып келгенде+,Жакып сүйүнсүн, Ысрайыл кубансын!+

Шилтемелер