Забур 131:1—3
Шаарга чыгуу ыры. Дөөтүнүн забуру.
131 Оо, Жахаба, менин жүрөгүм бой көтөргөн эмес+,Көздөрүм менменсинген эмес+,Мен улуу иштерге+,Кол жеткис нерселерге умтулган эмесмин+.
2 Энесинин алдында отурган, эмчектен жаңы чыккан баладай болуп+,Мен жанымды сооротом, тынчтандырам+.Менин жаным эмчектен жаңы чыккан баладай+.
3 Ысрайыл азыр да, түбөлүк да+Жахабаны күтсүн+.