Забур 13:1—6

Башчыга. Дөөтүнүн ыры. 13  Оо, Жахаба, мени качанга чейин эстебейсиң?+ Түбөлүккөбү?+Качанга чейин менден жүзүңдү жашырасың?+  Качанга чейин жаным каршылык көрсөтөт,Эртеден кечке жүрөгүмдү кайгы басат?Качанга чейин душманым үстөмдүк кылат?+  Мага көз кырыңды сал, жооп бер, оо, Жахаба Кудайым.Өлүм уйкусуна кетпешим үчүн+, көзүмдүн нуру өчпөсүн+,  Душманым: «Аны жеңдим!» — дебесин,Олку-солку болгонумда, мага кастык кылгандар сүйүнбөсүн+.  Мен болсо сенин мээримдүүлүгүңө таянам+,Сен куткаргандыктан, жүрөгүм кубанычка толсун+.  Жахабаны даңктап ырдайм, анткени ал менден жакшылыгын аябайт+.

Шилтемелер