Забур 129:1—8

Шаарга чыгуу ыры. 129  Ысрайыл мындай десин+:«Душмандарым мага жаш кезимен бери кастык кылып келатышат+.  Алар мага жаш кезимен бери кастык кылып келатышат+,Бирок үстөмдүк кыла алышкан жок+.  Сокочулар жонумду айдап+,Узун-узун бороз салышты».  Жахаба адил+,Ал ыймансыздардын аркандарын кесип таштады+.  Сионду жек көргөндөрдүн баары+Уятка калышат, артка качышат+.  Алар үйдүн үстүндөгүЖулуна электе куурап калган көк чөптөй болушат+.  Ал чөпкө орокчунун колу толбойт+,Боо байлагандын кучагы толбойт.  Жанынан өтүп бараткандар да:«Силерге Жахабанын батасы тийсин+,Силерге Жахабанын ысмы менен бата беребиз»+,— дешпейт.

Шилтемелер