Забур 12:1—8

Башчыга. Төмөнкү октава+. Дөөтүнүн ыры. 12  Оо, Жахаба, мени куткара көр+. Анткени ишенимдүүлөр калбай калды+,Адам баласынын арасындагы ишенимдүүлөр көздөн кайым болду.  Баары бири-бирине калп айтышат+,Эки жүздүүлүк*+ менен куулана сүйлөшөт+.  Жахаба куулана сүйлөгөн оозду,Менменсине сүйлөгөн тилди жок кылат+,  «Тилибиз менен жеңебиз+.Оозубуз менен каалаганыбызды сүйлөйбүз. Бизге ким кожоюндук кыла алат?!» — дегендерди жок кылат.  «Кыйналгандар таланып-тонолуп, жакырлар үшкүрүнүп жаткандыктан+,Эми ордуман турам,— дейт Жахаба+,—Аларды өзүн жогору эсептегендерден куткарам»+.  Жахабанын сөздөрү — таза сөздөр+,Жер меште жети жолу эритилип, тазартылган күмүштөй.  Оо, Жахаба, аларды сен өзүң коргойсуң+.Ар бирин бул муундан түбөлүккө сактайсың.  Ыймансыздар туш тарапта жүрүшөт,Анткени адам баласынын арасында жүзү каралык даңазаланат+.

Шилтемелер

Же: «Кош жүрөк».