Забур 108:1—13

Ыр. Дөөтүнүн забуру. 108  Оо, Кудай, жүрөгүм бекем+,Сени даңктап ырдайм, обон салам+.Бүт жүрөгүм* менен обон салам+.  Ойгон, кыл аспап, сен да ойгон, арфа+.Мен таңды ойготом+.  Оо, Жахаба, сени элдердин арасында даңазалайм+,Улуттардын арасында даңктап ырдайм+.  Анткени сенин мээримдүүлүгүң улуу, асманга жетет+,Чындыгың көккө жетет+.  Оо, Кудай, даражаң асмандан да жогору көтөрүлсүн+,Даңкың бүт жер үстүндө болсун+.  Сүйүктүүлөрүң аман калышы үчүн+,Оң колуң менен куткар, жооп бер+.  Кудай ыйыктыгы менен мындай деди+:«Мен шаттанам, Шекемди+ үлүшкө берем+,Сукот өрөөнүн өлчөйм+.  Гилат+ да, Менаше+ да меники,Эпрайым — мен дайындаган башчынын чеби+,Жүйүт — бийлик таягым+.  Маап+ — чылапчыным+.Эдомго+ сандалымды ыргытам+.Пелиштиге+ жеңиш үнү менен кыйкырам»+. 10  Мени чептүү шаарга ким киргизет?+Эдомго ким жеткирет?+ 11  Оо, Кудай, өзүң эмеспи? Сен бизди таштап кеттиң+,Оо, Кудай, аскерлерибиз менен салгылашка чыкпай калдың+. 12  Бизди азаптан арылтып, жардам бер+,Анткени пенденин куткаруусу куру бекер+. 13  Биз Кудайдан күч алабыз+,Душмандарыбызды ал өзү тебелейт+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «даңкым».