Забур 107:1—43
(107—150-забурлар)
107 Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы+,Анткени анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.
2 Жахаба куткаргандар ушинтип айтышсын+.Ал аларды душмандын колунан куткарган+,
3 Ар кайсы өлкөлөрдөн+,Күн чыгыш менен күн батыштан+,Түндүк менен түштүктөн чогулткан+.
4 Алар ээн талаа+, эрме чөлдө тентип+,Жашаганга шаар таппай жүрүшкөн+.
5 Ачка болушкан, суусашкан+,Алардын араң эле жаны калган+.
6 Кыйналганда Жахабага жалынышкан+,Ал болсо аларды азаптарынан арылткан+.
7 Отурукташа турган шаарга жеткириш үчүн+Аларды туура жолго салган+.
8 Жахабага мээримдүүлүгү үчүн,Адам баласына жасаган кереметтүү иштери үчүн+ ыраазычылык билдиришсин+.
9 Анткени ал суусаган жандын суусунун кандырган+,Ачка болгон жанды жакшылыкка тойгузган+.
10 Айрымдар караңгылыкта, коюу түндө жашашкан+,Азап-кайгынын туткуну болушкан, темир менен кишенделишкен+.
11 Анткени Кудайдын айткандарына каршы чыгышкан+,Эң Жогорку Кудайдын жетекчилигин четке кагышкан+.
12 Ошондуктан ал алардын жүрөгүн кыйынчылыктар аркылуу багынткан+,Алар чалынганда, эч ким жардам берген эмес+.
13 Кыйналганда Жахабаны чакыра башташкан+,Ал болсо аларды азаптарынан кайрадан куткарган+.
14 Чынжырларды үзүп+,Аларды караңгыдан, коюу түндөн чыгарган+.
15 Жахабага мээримдүүлүгү үчүн+,Адам баласына жасаган кереметтүү иштери үчүн ыраазычылык билдиришсин+.
16 Ал жез эшиктерди талкалаган+,Темир бекиткичтерин сындырган+.
17 Акылы жоктор кылмыштарынан улам+,Күнөөлөрүнөн улам азап тартышкан+.
18 Алардын жаны тамак аттуунун баарынан жийиркенген+,Алар өлүм дарбазасына жакындашкан+.
19 Кыйналганда Жахабаны чакыра башташкан+,Ал болсо аларды азаптарынан кайрадан куткарган+.
20 Ал буйрук берип, аларды айыктырган+,Көрдөн сактап калган+.
21 Жахабага мээримдүүлүгү үчүн+,Адам баласына жасаган кереметтүү иштери үчүн ыраазычылык билдиришсин+.
22 Ыраазычылык курмандыктарын чалышсын+,Анын иштерин кубаныч менен жар салышсын+.
23 Кеме менен деңизге чыккандар+,Зор сууларда соода жүргүзгөндөр+
24 Жахабанын иштерин+,Суу туңгуюктарындагы кереметтүү иштерин көрүшөт+,
25 Ал сүйлөгөндө, катуу шамал болорун+,Толкундардын бийик көтөрүлөрүн көрүшөт+.
26 Кемедегилер бирде асманга көтөрүлүп,Бирде тереңге түшүшөт.Алааматтан улам алардын жаны көзүнө көрүнөт+.
27 Алар мас кишидей теңселишет, чайпалышат+,Алардын бүт акылмандыгынан майнап чыкпайт+.
28 Кыйналганда Жахабага жалбарышат+,Ал болсо аларды азаптарынан куткарат+.
29 Ал катуу шамалды тынчтандырат+,Ошондо деңиз толкундары басылат+.
30 Айлана жымжырт болгондо, алар сүйүнүшөт.Ал аларды көксөгөн жээгине жеткирет+.
31 Жахабага мээримдүүлүгү үчүн+,Адам баласына жасаган кереметтүү иштери үчүн ыраазычылык билдиришсин+.
32 Аны эл чогулган жыйналышта даңазалашсын+,Аксакалдар отурган жерде даңкташсын+.
33 Ал дарыяларды чөлгө+,Агын сууларды какшыган жерге айлантат+,
34 Тургундарынын жаман иштери үчүнТүшүмдүү жерди шор жерге айлантат+.
35 Чөлдү камыштуу көлмөгө+,Какшыган жерди агын сууларга айлантат+.
36 Ошол жерге шаар куруп жашашсын деп+,Ачкаларды отурукташтырат+.
37 Алар мол түшүм алыш үчүн+Талаага эгин айдап, жүзүм отургузушат+.
38 Кудай батасын бергендиктен, абдан көбөйүшөт+,Ал алардын малынын суюлушуна жол бербейт+.
39 Бирок эзүүдөн, кырсыктан, кайгыдан улам+Эл бүк түшөт, алардын саны кайрадан азаят+.
40 Ал аттуу-баштууларды жектейт+,Ошондуктан алар жолсуз ээн талаада каңгып калышат+.
41 Бирок ал жакырды кыйынчылыктан коргойт+,Аны отордой көбөйтүп, чоң үй-бүлөлүү кылат+.
42 Муну чынчылдар көрүп, кубанышат+,Ал эми ыймансыздардын баары оозун басат+.
43 Ким акылдуу болсо, ушуларды байкайт+,Жахабанын мээримдүүлүгүн чагылдырган иштерге назар салат+.