Жезекиел 11:1—25
11 Мени рух+ көтөрүп+, Жахабанын үйүнүн чыгышты караган чыгыш дарбазасына+ алып келди. Дарбазанын алдында жыйырма беш киши туруптур+. Алардын арасынан эл төрөлөрү+ Азур уулу Жазания менен Беная уулу Пелатияны көрдүм.
2 Анан Кудай мага мындай деди: «Адам уулу, булар — жамандык кылууну ойлогон, бул шаарга каршы кеңеш берген кишилер+.
3 Алар: „Жакында үйлөрдү курабыз+. Шаар — чоң казан+, биз болсо этпиз“,— деп жатышат.
4 Ошон үчүн аларга каршы пайгамбарлык кыл. Адам уулу, пайгамбарлык кыл»+.
5 Мага Жахабанын руху түштү+. Ошондо Ал мага мындай деди: «„Жахаба мындай дейт+: “Оо, Ысрайыл үйү, айтканыңар туура. Мен силердин эмнелерди ойлоп жатканыңарды билем+.
6 Силер бул шаарда көптөрдү өлтүрдүңөр, көчөлөрүн өлүккө толтурдуңар”“+,— деп айт».
7 «Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Силер бул шаардын ортосуна таштаган өлүктөр — эт+, шаар — чоң казан+. Бирок силер шаардан чыгарыласыңар“»+.
8 «„Силер кылычтан коркчусуңар+, ошон үчүн силерге каршы кылыч жиберем,— дейт Эгедер Теңир Жахаба+.—
9 Мен силерди анын ичинен чыгарып, бөтөн жерликтердин колуна салып берем+, силерге чыгарган өкүмдөрүмдү аткарам+.
10 Силер кылычтан сулайсыңар+, силерди Ысрайылдын чек араларында+ жазалайм. Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер+.
11 Бул шаар силер үчүн чоң казан+ болбойт, силер анын ичиндеги эт болбойсуңар. Силерди Ысрайылдын чек араларында жазалайм.
12 Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер, анткени менин көрсөтмөлөрүм боюнча жүргөн жоксуңар, өкүмдөрүмдү аткарган жоксуңар+, тескерисинче, тегерегиңердеги элдердин өкүмдөрүн аткардыңар“»+.
13 Пайгамбарлык кылып бүтөрүм менен, Беная уулу Пелатия өлдү+. Ошондо мен жүзтөмөндөп жыгылып: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба!+ Ысрайылдын калган элин кырып таштайсыңбы?»+ — деп кыйкырып жибердим+.
14 Жахаба мындай деди:
15 «Адам уулу, Иерусалимдин тургундары бир туугандарыңа+, кандаш бир туугандарыңа, бүт Ысрайыл үйүнө: „Жахабадан алыс жашагыла. Бул жер бизге таандык, ээлик кылышыбыз үчүн бизге берилген“,— деп жатышат+.
16 Ошондуктан айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мен аларды элдердин арасына кууп жиберсем да+, жер-жерлерге чачыратып жиберсем да, барган жерлеринде алар үчүн бир аз убакытка ыйык жай болом”“+.
17 Ошондуктан айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мен силерди элдердин арасынан, чачырап кеткен жерлериңерден чогултуп келем, силерге Ысрайыл жерин берем”+.
18 “Алар келип, андагы бардык жийиркеничтүү, ыпылас нерселерди жок кылышат+.
19 Мен аларга бир жүрөк берем+, алардын ичине жаңы рух салам+. Көкүрөктөрүнөн таш жүрөктү алып+, эт жүрөк берем+.
20 Ошондо алар менин көрсөтмөлөрүм боюнча жүрүшөт, өкүмдөрүмө карманып, аларды аткарышат+. Алар менин элим болушат+, мен алардын Кудайы болом”“+.
21 „“Ал эми жүрөгү менен жийиркеничтүү, ыпылас нерселерине байлангандарды+ өздөрүнүн жолуна жараша жоопко тартам”,— дейт Эгедер Теңир Жахаба“»+.
22 Ошондо керуптар+ канаттарын көтөрдү, алардын жанында дөңгөлөктөр+, ал эми үстүндө+ Ысрайыл Кудайынын даңкы турду+.
23 Анан Жахабанын даңкы+ шаардын ортосунан көтөрүлүп, шаардын чыгыш тарабындагы+ тоонун үстүнө токтоду+.
24 Мени рух+ көтөрүп+, Кудайдын руху берген аян аркылуу Каздимге, туткундагы элге+ алып келди. Анан ал аян менден алынды.
25 Ошондо Жахабанын көргөзгөндөрүнүн баарын туткундагы элге айта баштадым+.