Жакан 20:1—31

20  Жуманын биринчи күнү*+ эртең менен эрте, жарык кире электе магдалалык Мариям мүрзөгө барып+, анын оозундагы таштын жылдырылып калганын көрдү.  Ал Симон Петир менен Исанын жакшы көргөн шакиртине+ чуркап барып: «Мырзабызды мүрзөдөн+ алып кетишиптир. Аны кайсы жерге коюшканын билбейбиз»,— деди.  Ошондо Петир+ менен тиги шакирт сыртка чыгып, мүрзөнү көздөй жөнөштү.  Экөө тең чуркап баратышты. Тиги шакирт Петирден батыраак чуркап, мүрзөгө биринчи жетти.  Ал эңкейип, мүрзөнүн ичин карады да, жерде жаткан зыгыр кездемени+ көрдү, бирок ичкери кирген жок.  Артынан Симон Петир келди. Ал мүрзөнүн ичине кирип, жерде жаткан зыгыр кездемени көрдү+.  Исанын башына оролгон кездеме болсо тиги кездеменин жанында эмес, оролуу бойдон өзүнчө жатыптыр.  Анан мүрзөгө биринчи чуркап келген шакирт да ичкери кирди. Ал да бардыгын көрүп, айтылган сөздөрдүн чын экенине ишенди.  Бирок алар Исанын тирилиши керектиги жөнүндө жазылган аяттарды+ дагы деле түшүнө элек болчу. 10  Анан шакирттер үйлөрүнө кайтышты. 11  Мариям болсо мүрзөнүн жанында туруп, ыйлап жатты. Ыйлап жатып мүрзөнүн ичин эңкейип карады да, 12  ак кийимчен эки периштени көрдү+. Бири Исанын сөөгү коюлган жердин баш жагында, экинчиси аяк жагында отуруптур. 13  Алар Мариямдан: «Эмнеге ыйлап жатасың?» — деп сурашты. Ал: «Мырзамды алып кетип калышыптыр. Аны кайсы жерге коюшканын билбейм»,— деп жооп берди. 14  Анан артын карап, Исанын турганын көрдү, бирок аны тааныган жок+. 15  Иса андан: «Эмнеге ыйлап жатасың? Кимди издеп жүрөсүң?» — деп сурады+. Мариям аны бакчы деп ойлоп: «Мырзам, эгерде аны сен алып кеткен болсоң, кайсы жерге койгонуңду айтчы, алып кетейин»,— деди. 16  Иса ага: «Мариям!» — деди+. Мариям бурулуп, ага еврейче: «Раббуни!» — деди+. (Бул сөз «устат» дегенди билдирет.) 17  Ошондо Иса: «Мени кармаба. Анткени мен али Атама бара элекмин. Бир туугандарыма барып+, менин Атама жана силердин Атаңарга, менин Кудайыма+ жана силердин Кудайыңарга+ кетип баратканымды айт»,— деди+. 18  Магдалалык Мариям шакирттерге барып: «Мен Мырзабызды көрдүм!» — деп кабарлады да, анын эмне дегенин айтып берди+. 19  Ошол күнү, жуманын биринчи күнү+, шакирттер кечинде бир үйгө чогулушту. Жүйүттөрдөн корккондуктан+ алар эшиктерди бекитип алышкан эле. Бир убакта Иса пайда болуп+, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун»,— деди+. 20  Анан аларга капталын+, колдорун көрсөттү. Шакирттер Мырзасын көрүп, кубанып кетишти+. 21  Иса кайрадан: «Силерге тынчтык болсун. Атам мени дүйнөгө жибергендей эле+, мен да силерди дүйнөгө жиберип жатам»,— деп айтты+. 22  Ушуларды айткандан кийин шакирттерине үйлөп: «Ыйык рухту кабыл алгыла+. 23  Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, анын күнөөлөрү кечирилет+. Ал эми кимдин күнөөлөрүн кечирбесеңер, анын күнөөлөрү кечирилбейт»,— деди+. 24  Он экинин бири, Эгиз деп да коюшкан Томас+, Иса келгенде, алардын арасында жок болчу. 25  Ошондуктан алар: «Биз Мырзабызды көрдүк!» — деп айтышканда, ал: «Колдорундагы мыктан калган жарааттарды көрмөйүн, ал жарааттарга жана капталына+ колумду тийгизмейин ишенбейм»,— деп айтты+. 26  Сегиз күндөн кийин шакирттер кайрадан чогулушту. Алардын арасында Томас да бар эле. Үйдүн эшиктери бек болсо да, Иса пайда болуп, алардын ортосуна туруп: «Силерге тынчтык болсун»,— деди+. 27  Анан Томаска кайрылып: «Манжаңды бул жериме тийгизип, колдорумду карап көр+. Колуңду сунуп, капталыма тийгизип көр. Мындан ары шектенбе, ишен»,— деп айтты. 28  Ошондо Томас: «Мырзам, Кудайым!» — деди+. 29  Иса ага: «Мени көргөнүң үчүн ишенип калдыңбы? Көрбөй туруп ишенгендер бактылуу»,— деп айтты+. 30  Иса шакирттеринин көз алдында дагы башка көптөгөн кереметтерди көрсөткөн. Бирок алар бул түрмөккө жазылган жок+. 31  Ал эми булар Исанын Кудайдын Уулу, Машаяк экенине ишенишиңер үчүн+ жана ишенүү менен анын ысмы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды+.

Шилтемелер

Мт 28:1дин шилт-н кара.