Башталыш 5:1—32

5  Адамдын жашоосу жөнүндөгү билдирүү мындай: Кудай Адамды жаратканда аны өзүнө окшоштуруп жараткан+.  Аларды эркек-аял кылып жаратып+, батасын берген жана жараткан күнү+ аларды адам деп атаган+.  Адам 130 жашка чыкканда өзүндөй болгон, өзүнө окшош уулдуу болуп, атын Шет койгон+.  Шет төрөлгөндөн кийин, Адам 800 жыл жашаган. Ошол мезгил аралыгында анын дагы башка уул-кыздары төрөлгөн+.  Адам 930 жашка чыгып көз жумган+.  Шет 105 жашка чыкканда Энош+ деген уулдуу болгон.  Энош төрөлгөндөн кийин, Шет 807 жыл жашаган. Ошол мезгил аралыгында анын дагы башка уул-кыздары төрөлгөн.  Шет 912 жашка чыгып көз жумган.  Энош 90 жашка чыкканда Кенан+ деген уулдуу болгон. 10  Кенан төрөлгөндөн кийин, Энош 815 жыл жашаган. Ошол мезгил аралыгында анын дагы башка уул-кыздары төрөлгөн. 11  Энош 905 жашка чыгып көз жумган. 12  Кенан 70 жашка чыкканда Маалалил+ деген уулдуу болгон. 13  Маалалил төрөлгөндөн кийин, Кенан 840 жыл жашаган. Ошол мезгил аралыгында анын дагы башка уул-кыздары төрөлгөн. 14  Кенан 910 жашка чыгып көз жумган. 15  Маалалил 65 жашка чыкканда Жарет+ деген уулдуу болгон. 16  Жарет төрөлгөндөн кийин, Маалалил 830 жыл жашаган. Ошол мезгил аралыгында анын дагы башка уул-кыздары төрөлгөн. 17  Маалалил 895 жашка чыгып көз жумган. 18  Жарет 162 жашка чыкканда Энох+ деген уулдуу болгон. 19  Энох төрөлгөндөн кийин, Жарет 800 жыл жашаган. Ошол мезгил аралыгында анын дагы башка уул-кыздары төрөлгөн. 20  Жарет 962 жашка чыгып көз жумган. 21  Энох 65 жашка чыкканда Матушал+ деген уулдуу болгон. 22  Матушал төрөлгөндөн кийин, Энох чыныгы Кудайдын жолунда* 300 жыл жүргөн. Ошол мезгил аралыгында анын дагы башка уул-кыздары төрөлгөн. 23  Энох бардыгы болуп 365 жыл жашаган. 24  Ал чыныгы Кудайдын+ жолунда* жүргөн+. Анан аны Кудай алып кеткендиктен, кийин аны эч ким көргөн эмес+. 25  Матушал 187 жашка чыкканда Лемек+ деген уулдуу болгон. 26  Лемек төрөлгөндөн кийин, Матушал 782 жыл жашаган. Ошол мезгил аралыгында анын дагы башка уул-кыздары төрөлгөн. 27  Матушал 969 жашка чыгып көз жумган. 28  Лемек 182 жашка чыкканда уулдуу болгон. 29  Ал: «Бул биздин Жахаба каргаган жерди+ иштеткенде тарткан азабыбызды, оор эмгегибизди жеңилдетип, сооронуч болот» — деп, уулунун атын Нух*+ койгон. 30  Нух төрөлгөндөн кийин, Лемек 595 жыл жашаган. Ошол мезгил аралыгында анын дагы башка уул-кыздары төрөлгөн. 31  Лемек 777 жашка чыгып көз жумган. 32  Нух 500 жашка чыккандан кийин, андан Шем+, Хам+, Жапет+ төрөлгөн.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «чыныгы Кудай менен».
Сөзмө-сөз: «чыныгы Кудай менен».
Мааниси: «эс алуу; сооронуч».