Башталыш 49:1—33
49 Бир нече убакыттан кийин, Жакып балдарын чакырып, мындай деди: «Баарыңар чогулгула, келечекте эмне болоруңарды айтып берейин.
2 Чогулгула, Жакыптын уулдары, кулак салгыла, Ысрайыл атаңардын сөзүнө кулак салгыла+.
3 Рубейин, сен тун уулумсуң+, менин күч-кубатымсың, тукум улоочу күчүмдүн башталышысың+. Сенин кадыр-баркың да, күч-кубатың да ашып-ташып турган эле.
4 Бирок бой көтөрбө, анткени бузуктугуң ээ-жаа бербеген сууларга окшош+. Сен атаңдын төшөгүнө жаттың+. Мен жаткан жерди арамдап койдуң+. Ал мен жаткан жерге чыкты.
5 Шымон менен Леби — экөө бир тууган+. Алардын кылычтары — зордук-зомбулуктун куралдары+.
6 Жаным, аларга жакындаба+, алардын чөйрөсүнө кошулбайын+, анткени алар ачууга алдырып, элди кырышты+, өздөрүн өздөрү билип, букалардын буттарындагы тарамыштарын кесишти.
7 Алардын ачуусу каргышка калсын+, анткени ал катаал+, алардын каарына каргыш тийсин, анткени ал жаалдуу+. Жакыптын жеринде аларды чачыратып салам, Ысрайылдын арасына чачыратып жиберем+.
8 Жүйүт+, бир туугандарың сени даңкташат+. Колуң душмандарыңдын мойнунда болот+. Атаңдын уулдары сага таазим кылышат+.
9 Жүйүт — арстандын күчүгү+. Уулум, олжоңду жеп, кайра турасың, жерге жатып, арстан сымал керилесиң. Аны тургузганга ким даай алат?+
10 Бардык адамдар баш ие турган+ Шило* келмейинче+, Жүйүттүн колунан падыша таягы түшпөйт+, башкаруучунун таягы буттарынын ортосунда болот.
11 Эшегин жүзүмгө, кодигин эң жакшы жүзүмгө байлайт. Ал кийимин шарапка, жүзүмдүн ширесине жууйт+.
12 Анын көздөрү шараптан кызарып, тиштери сүттөн агарды.
13 Забулун деңиз жээгинде+, кемелер кеме казыгын таштаган жерде жашайт+, анын алыскы чеги Сидонду көздөй созулат+.
14 Исахар+ — эки жагына артылган жүктүн ортосунда жаткан күчтүү эшек.
15 Ал жердин отурукташканга ылайыктуу, жагымдуу экенин көрөт. Жүк көтөрүш үчүн ийнин тосуп, кулдай иштегенге мажбур болот.
16 Дан Ысрайылдын бир уруусу катары өз элин соттойт+.
17 Дан жол боюнда жаткан жыландай, мүйүздүү жыландай болсун. Ал аттын бутун чакса, чабандес чалкасынан кетет+.
18 Жахаба, сен куткара турган убакты күтөм+.
19 Гатка талап-тоноочулардын тобу кол салат, бирок ал аларды артынан калбай кууйт+.
20 Ашырдын тамак-ашы мол болот+, ал падышаныкындай тамактар менен камсыз кылып турат+.
21 Напталы+ — суйкайган марал. Анын оозунан ширин сөздөр чыгат+.
22 Жусуп — жемиштүү дарактын бутагы+, булактын жээгинде өсүп+, бутактары дубалдан ашып турган жемиштүү дарактын бутагы+.
23 Жаачылар ага кол салып, жаа тартышты, ага каршы кастык ойлошту+.
24 Бирок анын жаасы катуу бойдон калды+, күчтүү колдору шамдагай бойдон калды+. Ысрайылдын Койчусу менен Ташы+ Жакыптын Кудуреттүү Кудайынан+ келет.
25 Ал — атаң кызмат кылган Кудайдан берилген белек+. Кудай сага жардам берет+. Ал Кудурети Күчтүү менен+. Кудай сага жогорудагы асман менен төмөндөгү суу туңгуюктарынын баталарын төгөт+. Балдарыңды, малыңды көбөйтүп бата берет+.
26 Атаңдын баталары түбөлүк турган тоолордун баталарынан+, кылымдан кылымга турган адырлардын+ кооздугунан ашып түшөт. Бир туугандарынан бөлүнгөн Жусуп ал баталарды ала берет*+.
27 Бенжемин олжосун карышкырга окшоп жара тартат+. Эртең менен кармаган жемин жейт, кечинде болсо олжосун бөлүштүрөт»+.
28 Ушулардан Ысрайылдын он эки уруусу тараган. Атасы аларга бата берип жатып ушуларды айтты. Ал ар бирине өзүнө ылайык бата берди+.
29 Андан кийин аларга мындай деп керез айтты: «Мен ата-бабаларыма кошулганы жатам+. Сөөгүмдү Хеттин тукумдарынан болгон Эпрондун талаасындагы үңкүргө+, ата-бабаларым жаткан жерге койгула.
30 Канаан жериндеги Мамренин тушундагы Махпела талаасындагы үңкүргө койгула. Ал талааны Ыбрайым Хеттин тукумдарынан болгон Эпрондон сөөк коюш үчүн сатып алган эле+.
31 Ал жерге Ыбрайым менен Саара+, Ыскак менен Ребека коюлган+. Ал жерге мен Лияны койгом.
32 Ал талаа үңкүрү менен кошо Хеттин уулдарынан сатылып алынган»+.
33 Ошентип, Жакып уулдарына керезин айтып бүттү. Анан буттарын төшөккө коюп, көз жумуп, ата-бабаларына кошулду+.
Шилтемелер
^ Мааниси: «кимге таандык болсо, ошол».
^ Сөзмө-сөз: «Алар дайыма Жусуптун башында болот».