Башталыш 48:1—22
48 Кийинчерээк Жусупка: «Атаң начарлап баратат»,— деп айтышты. Ошондо ал уулдары Менаше менен Эпрайымды+ алып, атасына жөнөдү.
2 Жакыпка: «Уулуң Жусуп келди»,— деп кабарлашты. Ысрайыл бүт күчүн жыйнап, өйдө болуп, төшөгүнө отурду.
3 Анан Жусупка мындай деди:
«Кудурети Күчтүү Кудай мага Канаан жериндеги Луздан+ көрүнүп, батасын берген+.
4 Анан: „Сени укум-тукумдуу кылып+, урпактарыңды көбөйтөм, сенден көптөгөн элдер тарайт+. Бул жерди түбөлүккө сенин укум-тукумуңа берем“,— деген+.
5 Мен сага келгенге чейин Мисирде төрөлгөн уулдарың Эпрайым менен Менаше, Рубейин менен Шымон+ сыяктуу эле, меники болот+.
6 Ал эми алардан кийин төрөлө турган балдарың сеники болот. Алар ушул эки бир тууганынын аты менен аталып, алардын үлүшүнөн мурас алышат+.
7 Мен Падандан+ келатканда, Эфратага дагы бир топ калганда, Канаан жеринде Рахил көз жуумп+, анын сөөгүн Эфратага+ (Бетлехемге)+ кеткен жолдун боюна койдум».
8 Анан Ысрайыл Жусуптун уулдарын көрүп: «Булар кимдер?» — деп сурады+.
9 Жусуп: «Булар — Кудай мага ушул жерде жүргөнүмдө берген балдарым»,— деп жооп берди+. Ошондо атасы: «Аларды мага жакын алып келчи, батамды берейин»,— деди+.
10 Карылыктан улам Ысрайылдын көзүнүн курчу кетип, көрбөй калган эле+. Жусуп балдарын ага жакын алып келди. Жакып аларды кучактап өптү да+,
11 Жусупка: «Сенин жүзүңдү көрөм деп эч ойлогон эмес элем+, Кудай болсо минтип уулдарыңды да көрсөттү»,— деди.
12 Анан Жусуп балдарын атасынын алдынан* алып, жерге чейин ийилип таазим кылды+.
13 Ал Эпрайымды, Ысрайылдын сол жагына турушу үчүн, оң колу менен кармап+, ал эми Менашени, анын оң жагына турушу үчүн, сол колу менен кармап+, ага жакын алып келди.
14 Бирок Ысрайыл оң колун сунуп, Эпрайым кичүү болсо да+, анын башына койду+. Ал эми сол колун Менашенин башына койду+. Ал Менашенин тун уул экенин билип турса да, ошентти+.
15 Анан Жусупка мындай деп батасын берди+:
«Аталарым Ыбрайым менен Ыскак кызмат кылган чыныгы Кудай+,
Мени өмүр бою, ушул күнгө чейин кайтарып келген чыныгы Кудай+,
16 Мени ар кандай кырсыктардан сактап* келген периште+ бул балдарга батасын берсин+.
Алар менин жана аталарым Ыбрайым менен Ыскактын ысмы менен аталышсын+,
Жер бетинде алардын укум-тукуму көбөйсүн»+.
17 Жусупка атасынын оң колун Эпрайымдын башына койгону жаккан жок+. Ошондуктан ал атасынын колун Эпрайымдын башынан алып, Менашенин башына коймокчу болду да+,
18 атасына: «Ата, андай эмес, тунум — бул+. Оң колуңузду ушунун башына коюңуз»,— деди.
19 Бирок атасы макул болбой: «Билем, балам, билем. Андан дагы эл чыгат, ал да улуу болот+. Бирок кичүүсүнүн улуулугу аныкынан ашып түшөт+, анын тукумдары бир канча элдин санындай көп болот»,— деди+.
20 Ал ошол күнү аларга мындай деп батасын берди+:
«Ысрайыл эли бата бергенде сенин ысмыңды колдонуп:
„Кудай Эпрайым менен Менашеге батасын бергендей, сага да батасын берсин“,— деп айтышсын+».
Ошентип, ал Эпрайымды Менашеден жогору койду+.
21 Андан кийин Ысрайыл Жусупка: «Менин өлөрүмө аз калды+, бирок Кудай силер менен болуп, силерди ата-бабаларыңардын жерине кайра алып барат+.
22 Башка бир туугандарыңа караганда сага жерди бир тилкеге көп берем+. Аны мен аморлуктардан кылычым менен, жаам менен тартып алгам»,— деди.