Башталыш 46:1—34

46  Ошентип, Ысрайыл бардык мал-мүлкүн алып жолго чыкты. Беир-Шебага+ жеткенде атасы Ыскактын Кудайына+ арнап курмандыктарды чалды.  Анан Кудай түндө Ысрайылга аян берип+: «Жакып, Жакып!» — деп чакырды. Ал: «Угуп жатам!» — деди+.  Кудай ага: «Мен чыныгы Кудаймын+, атаңдын Кудайымын+. Мисирге баргандан коркпо, анткени ошол жерде сенден улуу эл жаратам+.  Мен Мисирге сени менен барам, анан кайра ал жерден сени өзүм алып чыгам+. Сен өлгөндө, Жусуп көзүңдү өз колу менен жабат»,— деди+.  Ысрайылдын, Жакыптын, уулдары фараондун Жакыпты алып келиш үчүн жөнөткөн арабаларына атасы Жакыпты, балдары менен аялдарын салып жөнөштү+.  Алар Канаан жеринде топтогон мал-мүлкүн да ала кетишти+. Ошентип, Жакып бүт бала-бакырасы менен Мисир жерине барды.  Ал Мисирге өзү менен кошо бүт тукумун: бардык уул-кыздарын, неберелерин ала барды+.  Ысрайылдын, тактап айтканда, Жакыптын Мисирге барган уулдары булар+: тун уулу — Рубейин+.  Рубейиндин уулдары: Ханох, Палу, Кесрон, Карми+. 10  Шымондун+ уулдары: Жемуел, Жамин, Охат, Жахин+, Зохар жана канаандык аялы төрөгөн Шабул+. 11  Лебинин+ уулдары: Гершон+, Каат+, Мерари+. 12  Жүйүттүн+ уулдары: Эр+, Онан+, Шелах+, Перес+, Зерак+. Эр менен Онан Канаан жеринде өлгөн+. Перестин уулдары: Кесрон+ менен Хамул+. 13  Исахардын+ уулдары: Тола+, Пуба+, Аюп, Шимрон+. 14  Забулундун+ уулдары: Серет, Элон, Жахлел+. 15  Лия Падан-Арамда Жакыпка ушул уулдарын+ жана кызы Динаны төрөп берген+. Анын бардык уул-кыздары отуз үч жан эле. 16  Гаттын+ уулдары: Зипон, Хаги, Шуни, Эзбон, Эри, Арот, Арели+. 17  Ашырдын+ уулдары: Имнак, Ишба, Ишби, Берия+. Анын Серак деген да кызы болгон. Бериянын уулдары: Хебер менен Малкиел+. 18  Булар — Лабан өзүнүн кызы Лияга күң катары берген Зилпанын Жакыпка төрөп берген уул-кыздары+. Алар бардыгы биригип он алты жан эле. 19  Жакыптын аялы Рахилдин+ уулдары: Жусуп+ менен Бенжемин+. 20  Мисирде Жусуптан Менаше+ менен Эпрайым*+ төрөлдү. Аларды ага Он деген шаардын дин кызматчысы Потипердин кызы Асинат төрөп берди+. 21  Бенжеминдин уулдары: Бела+, Бехер+, Ашбел, Гера+, Нааман+, Эхи, Рош, Мупим+, Хупим+, Арт. 22  Булар — Рахилдин Жакыпка төрөп берген уулдары. Алар бардыгы биригип он төрт жан эле. 23  Дандын+ уулдары: Хушим+... 24  Напталынын+ уулдары: Жахсил, Гуни+, Жесер, Шилем+. 25  Булар — Лабан өзүнүн кызы Рахилге күң катары берген Биланын+ Жакыпка төрөп берген уулдары. Алар бардыгы биригип жети жан эле. 26  Жакыптын Мисирге аны менен чогуу барган тукумдары+, келиндерин кошпогондо, алтымыш алты жан эле. 27  Мисирде Жусуптан эки уул төрөлгөн. Ошентип, Мисирге Жакыптын үй-бүлөсүнө кирген жетимиш* жан барган+. 28  Жакып Гошенге баратканын Жусупка билдириш үчүн өзүнөн мурун Жүйүттү жөнөттү+. Анан алар Гошенге барышты+. 29  Жусуп арабасын коштуруп, атасы Ысрайылга жолугуш үчүн Гошенге жөнөдү+. Атасын көргөндө чуркап барып, мойнунан кучактап, көпкө чейин ыйлады+. 30  Анан Ысрайыл Жусупка: «Эми өлө берсем болот+. Анткени сенин жүзүңдү көрдүм, сенин тирүү экениңди билдим»,— деди. 31  Жусуп бир туугандары менен атасынын үй-бүлөсүнө мындай деди: «Барып, фараонго+: „Канаан жериндеги бир туугандарым менен атамдын үй-бүлөсү келиптир+. 32  Алар — койчулар+, мал багышат+. Бул жакка бардык майда малы менен бодо малын, бүт мүлкүн ала келишиптир“,— деп айтайын+. 33  Эгер фараон силерди чакырып: „Эмне иш кыласыңар?“ — деп сураса, 34  силерге Гошен жерин бериши үчүн+, ага: „Кулдарың, ата-бабалары сыяктуу эле, жаштайынан мал багышат“+,— деп жооп бергиле. Анткени мисирликтер кой баккандардын баарынан жийиркенишет»+.

Шилтемелер

Септуагинтада Эпрайымдан кийин дагы беш ысым саналып өтөт. Мындан Элч 7:14тө Степандын эмне үчүн 70 эмес, 75 киши деп айтканын түшүнүүгө болот. Кыязы, ал Септуагинтадагы билдирүүгө таянган.
Септуагинтага ылайык, «жетимиш беш». Бш 46:20нын шилт-н кара.