Башталыш 43:1—34

43  Ал жердеги ачарчылык абдан катуу болду+.  Ошондуктан Мисирден алып келген эгиндери түгөнгөндө+, атасы уулдарына: «Дагы барып, бир аз тамак-аш сатып келгиле»,— деди+.  Ошондо Жүйүт+ атасына: «Ал киши бизге: „Кенже иниңерди ала келбесеңер, жүзүмдү көрбөйсүңөр“,— деп ачык эле эскерткен+.  Эгер инибизди биз менен кошо жиберсеңиз+, барып, азык сатып келебиз.  Жибербесеңиз барбайбыз, анткени ал киши: „Кенже иниңерди ала келбесеңер, жүзүмдү көрбөйсүңөр“,— деп айткан»+,— деди.  Ысрайыл+: «Эмнеге мени мынча азапка салдыңар? Инибиз бар деп ага эмнеге айттыңар?» — деди.  Алар: «Ал: „Атаңар дагы эле тирүүбү?+ Дагы башка бир тууганыңар барбы?“ — деп, өзүбүз, туугандарыбыз жөнүндө сурап туруп албадыбы, ошон үчүн айттык+. Анын: „Иниңерди бул жерге алып келгиле“+,— деп айтарын кайдан билдик»,— дешти.  Анан Жүйүт атасы Ысрайылга: «Баланы мени менен жибериңиз+, биз да, сиз да, балдарыбыз+ да өлүп калбашы үчүн, тирүү калышыбыз үчүн+, жолго чыгалы.  Балага мен жооптуу болоюн+. Эгер бир нерсе болсо, мени жоопко тартыңыз+. Аны кайра алып келип, алдыңызга койбосом, өмүр бою сиздин алдыңызда айыптуу болоюн. 10  Минтип создуктурбаганда, эмгиче эки жолу барып келмекпиз»,— деди+. 11  Ошондо Ысрайыл балдарына мындай деди: «Мейлиңер+, анда мындай кылгыла: бул жердин эң жакшы нерселеринен: бир аз бальзам+ менен балдан+, ладандан, чайыры бар кабыктан+, мистеден, бадамдан+ каптарыңарга салып, ал кишиге тартуу катары алып баргыла+. 12  Ошондой эле мурункудан эки эсе көп акча алып алгыла. Каптарыңарга кайра салынган акчаны да ала баргыла+. Балким, бул жаңылыштык болсо керек+. 13  Иниңерди алып, ал кишиге кайра баргыла. 14  Кудурети Күчтүү Кудайдын жардамы менен силер анын көз алдында ырайым таап+, ал киши ошол жакта калган бир тууганыңарды да, Бенжеминди да коё берсе экен. Мен болсо балдарымдан айрылышым керек болсо, айрылайын»+. 15  Ошентип, алар тартуу менен кошо эки эсе көп акча алып, Бенжеминди ээрчитип, Мисирди көздөй жөнөштү. Ал жакка жетип, кайрадан Жусуптун алдына барышты+. 16  Жусуп алар менен кошо Бенжеминдин келгенин көргөндө үйүнө көзөмөл кылган кишиге: «Буларды үйгө киргизип, мал союп, тамак даярдап кой+. Булар түштө мени менен тамактанышат»,— деди. 17  Ал дароо Жусуп айткандай кылып+, аларды Жусуптун үйүн көздөй алып жөнөдү. 18  Анын үйүнө барышканда алар коркуп+: «Булар бизди өткөндө каптарыбыз менен кетип калган акча үчүн бул жакка алып келишти. Эми бизди кармап, кулга айландырышат да, эшектерибизди тартып алышат»,— дешти+. 19  Анан Жусуптун үйүнө көзөмөл кылган кишиге жакын барып, үйдүн кире беришинде ага мындай дешти: 20  «Кулак салсаңыз, мырзам, биз тамак-аш сатып алганы бул жакка мурун да келгенбиз+. 21  Кетип баратып түнөгөнү токтоп+, каптарыбыздын оозун чечсек, ар бирибиздин кабыбыздын ичинде акчабыз жатыптыр. Салмагы эч кемибептир. Ошол акчаны өз колубуз менен кайра берели дедик+. 22  Тамак-аш сатып алыш үчүн дагы акча ала келдик. Өткөндө болсо каптарыбызга акчабызды ким салып койгонун билбейбиз»+. 23  Тиги киши аларга: «Баары жайында, коркпогула+. Мурун акча төлөгөнүңөрдү билем. Бирок силердин Кудайыңар, атаңардын Кудайы кенчти кайра каптарыңарга салып койгон»,— деди+. Анан аларга Шымонду алып келди+. 24  Андан соң аларды Жусуптун үйүнө киргизип, буттарын жууганга суу алып келди+, ошондой эле алардын эшектерине жем берди+. 25  Алар тартуусун+ түшкүгө, Жусуп келе турган маалга даярдап коюшту, анткени анын ошол жерде тамактанарын угушту+. 26  Жусуп үйүнө киргенде, алар тартуусун берип, анын алдында жүзтөмөндөп жыгылышты+. 27  Жусуп алардын ал-жайын сурап+, анан: «Силер айткан кары атаңар кандай жүрөт? Дагы эле барбы?» — деп сурады+. 28  Алар: «Сиздин кулуңуз, атабыз, дагы эле бар, жакшы жүрөт»,— деп жооп беришти да, анын алдына тизелеп, жерге чейин ийиле таазим кылышты+. 29  Анан Жусуп энесинин уулун, иниси Бенжеминди көрүп+: «Бул баягы силер айткан иниңерби?»+ — деп сурады да, ага кайрылып: «Кудай сага ырайым кылсын+, уулум!» — деди. 30  Ал бир тууганын көргөндө жүрөгү дүкүлдөп, ыйлап жибере жаздагандыктан чыгып кеткенче шашты+. Анан ички бөлмөгө кирип, өксөп ыйлады+. 31  Андан кийин бетин жууп, өзүн колго алды да+, кайра берки бөлмөгө кирип: «Тамак тарткыла»,— деди+. 32  Ошондо Жусупка өзүнчө, бир туугандарына өзүнчө, аны менен тамактанган мисирликтерге өзүнчө тамак тартышты. Анткени мисирликтер еврейлер менен чогуу отуруп тамактанышчу эмес, бул алар үчүн жийиркеничтүү болчу+. 33  Жусуптун бир туугандарын анын алдына жашына жараша отургузушту: биринчи кылып туңгучтук укугуна карап улуусун, андан кийин кичүүсүнө чейин улуулата отургузушту+. Алар бири-бирин таң кала карап жатышты. 34  Жусуп өзү отурган үстөлдөгү тамактан аларга сунуп жатты. Ал берки бир туугандарына караганда Бенжеминге беш эсе көп берди+. Ошентип, алар Жусуп менен тойгончо ичип-жешти+.

Шилтемелер