Башталыш 42:1—38

42  Жакып Мисирде эгин бар экенин угуп+, уулдарына: «Эмнеге бири-бириңерди карап отурасыңар?  Мисирде эгин бар деп уктум+. Ачкадан өлүп калбашыбыз үчүн, тирүү калышыбыз үчүн, ошол жакка барып, эгин сатып келбейсиңерби»,— деди.  Ошондуктан Жусуптун он агасы+ эгин сатып келгени Мисирге жөнөштү.  Бирок Жакып: «Балам кокусунан кырсыкка кабылып, өлүп калбасын» — деп+, Жусуптун иниси Бенжеминди агалары менен кошо жиберген жок+.  Ошентип, Ысрайылдын уулдары эгин сатып алганы башкалар менен бирге Мисирге барышты, анткени Канаан жеринде ачарчылык болуп жаткан+.  Жусуп Мисир жерине башчылык кылып+, ар кайсы жерден келген адамдарга эгин сатып жаткан эле+. Ошондуктан ага бир туугандары келип, жерге чейин ийилип таазим кылышты+.  Агаларын көрөрү менен Жусуп аларды дароо тааныды, бирок таанымаксан болуп+: «Кайдан келдиңер?» — деп зекий сүйлөдү. Алар: «Тамак-аш сатып алганы Канаан жеринен келдик»,— деп жооп беришти+.  Жусуп агаларын тааныды, бирок алар аны тааныган жок.  Ошол замат Жусуп алар жөнүндө көргөн түштөрүн эстеди+. Анан: «Силер чалгынчысыңар! Бул жерге кайсы жагынан кол салса болорун байкаганы келдиңер»,— деди+. 10  Тигилер болсо: «Жок, мырзам+, кулдарыңыз+ тамак-аш сатып алганы келишти. 11  Биз баарыбыз бир атанын балдарыбыз. Биз чынчыл кишилербиз. Кулдарыңыз чалгынчы эмес»,— дешти+. 12  Бирок Жусуп: «Жок, силер бул жерге кайсы жагынан кол салса болорун байкаганы келдиңер!» — деди+. 13  Ошондо тигилер: «Биз, кулдарыңыз, он эки бир тууганбыз+. Канаан жеринде жашаган бир кишинин балдарыбыз+. Кенжебиз атабыз менен калды+, ал эми бирөөнөн айрылып калганбыз»,— дешти+. 14  Бирок Жусуп мындай деди: «Чалгынчысыңар деп ошон үчүн айттым да. 15  Чынын айтып жатасыңарбы же жокпу, текшерип көрөйүн. Кенже иниңер бул жерге келмейин, фараон тирүү*, силер эч жакка кетпейсиңер+. 16  Араңардан бирөөнү иниңерди алып келгени жибергиле. Калганыңар болсо камакта отурасыңар. Ошондо айткан сөздөрүңөрдүн чын-төгүнү билинет+. Эгер калп айткан болсоңор, фараон тирүү, анда чындап чалгынчысыңар». 17  Ошентип, аларды үч күнгө камап койду. 18  Үчүнчү күнү Жусуп аларга: «Мен чыныгы Кудайдан корком+. Андыктан аман калышыңар үчүн мен айткандай кылгыла. 19  Эгер чынчыл кишилер болсоңор, бириңер камакта калгыла да+, калганыңар эгинди жеткиргиле, анткени үйүңөрдөгүлөр ачка отурушат+. 20  Анан айтканыңар чын экенин далилдеш үчүн кенже иниңерди мага алып келгиле. Ошондо тирүү каласыңар»+,— деди. Алар ошондой кылышты. 21  Алар бири-бирине: «Бир тууганыбызга жасаган мамилебиз үчүн күнөөлүүбүз+, анткени ал ырайым кылышыбызды сурап жалынганда, биз аны укпай койгонбуз. Ошон үчүн ушундай балээге кабылдык»,— дешти+. 22  Рубейин аларга: «„Балага каршы күнөө кылбагыла“,— деп айтпадым беле, бирок силер укпай койгонсуңар+. Эми анын каны үчүн жоопко тартылып жатабыз»,— деди+. 23  Алар Жусуптун түшүнүп жатканын билишкен жок, анткени ал алар менен котормочу аркылуу сүйлөшүп жаткан эле. 24  Жусуп ары барып, ыйлап жиберди+. Анан кайра келип, бир туугандары менен сүйлөшкөн соң, алардын көзүнчө Шымонду+ байлатып салды+. 25  Андан кийин алардын каптарын данга толтурууну, ар биринин акчасын кайра өз кабына салып коюуну+ жана жолго жетерлик азык берүүнү буйрук кылды+. Анын айтканын орундатышты. 26  Ошентип, бир туугандары эгиндерин эшектерине артып, жолго чыгышты. 27  Жолдо түнөгөнү токтошкондо, алардын бири эшегине жем бериш үчүн кабынын оозун чечсе+, ичинде акчасы жатыптыр+. 28  Ал бир туугандарына: «Акчамды кайра кабыма салып коюшуптур!» — деди. Алар жүрөктөрү түшүп, калтырап+, бири-бирине: «Кудай эмнеге ушинтти?» — деп жатышты+. 29  Акыры, алар Канаан жерине, атасы Жакыпка келип, ага болгон окуянын баарын мындай деп айтып беришти: 30  «Ал жердин башчысы зекип сүйлөдү+, анткени бизди жерин байкаганы келген чалгынчылар деп ойлоду+. 31  Бирок биз ага: „Биз чынчыл кишилербиз+, чалгынчылар эмеспиз. 32  Биз бир атанын балдарыбыз+, он эки бир тууганбыз+. Бирөөнөн айрылып калганбыз+, ал эми кенжебиз Канаан жеринде атабыз менен калды“,— дедик+. 33  Ошондо ал жердин башчысы бизге+: „Силердин чынчыл экениңерди+ мындан билейин: араңардан бирөөңөр мени менен калсын+. Калганыңар болсо үйүңөрдө ачка отургандарга тамак-аш алып, жолго чыккыла+. 34  Анан кенже иниңерди мага алып келгиле. Ошондо силердин чалгынчы эмес, чынчыл кишилер экениңерди билем. Анан бир тууганыңарды бошотуп берем. Ошондо бул жерге келип, соода-сатык кыла аласыңар“,— деди»+. 35  Анан алар каптарындагы эгинди төгө баштаганда, ар биринин кабынан акча салынган түйүнчөгү чыкты. Аны көрүп, өздөрү да, атасы да коркуп кетти. 36  Жакып балдарына: «Мени балдарыман айрылттыңар!+ Жусуптан айрылдым, Шымондон айрылдым+, эми Бенжеминди алып кеткени жатасыңар! Эмнеге мунун баары менин башыма түштү?!» — деп боздоду. 37  Рубейин ага: «Эгер аны кайра сизге алып келип бербесем, эки баламды өлтүрүп салыңыз+. Аны менин колума тапшырыңыз, мен аны кайра сизге алып келем»,— деди+. 38  Бирок Жакып: «Балам силер менен барбайт, анткени агасы өлүп, жалгыз калды+. Жолдон кокус бир нерсе болуп өлүп калса, ак баскан башыма кайгы кошуп, мени көргө* жибересиңер»,— деди+.

Шилтемелер

Адатта, айткан сөздөрүнүн чын экенин баса белгилеш үчүн кимдир бирөөнүн тирүү экенин айтып ант беришчү.
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.