Башталыш 41:1—57

41  Арадан эки жыл өткөндөн кийин, фараон түш көрдү+. Түшүндө ал Нил дарыясынын жээгинде туруптур.  Бир убакта дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, жээкте оттой баштады+.  Андан кийин дарыядан түрү бир укмуш, кыржыйган жети уй чыгып+, жээкте жүргөн тиги уйларга кошулду.  Анан түрү бир укмуш, кыржыйган уйлар көрүнүшү жакшы, семиз уйларды жеп коюшту+. Ошондо фараон ойгонуп кетти+.  Фараон кайра уктап, дагы бир түш көрдү. Түшүндө буудайдын бир сабагында бадырайган, жакшынакай жети машак пайда болду+.  Андан кийин чүрүшкөн, чыгыштан соккон ысык шамал күйгүзүп кеткен+ жети машагы бар буудай өсүп чыкты+.  Анан чүрүшкөн машактар бадырайган, жакшынакай жети машакты жеп койду+. Ошондо фараон ойгонуп кетип, түш көргөнүн билди.  Эртең менен тынчы кеткен+ фараон Мисирдеги сыйкырчылык кылган дин кызматчылар+ менен акылмандардын баарын чакыртып+, аларга түшүн айтып берди+. Бирок эч кимиси анын түштөрүн жоруй алган жок.  Ошондо шарап сунуучулардын башчысы+ фараонго мындай деди: «Бүгүн мен күнөөлөрүмдү, туура эмес иштеримди эстедим+. 10  Улуу урматтуу фараон, сиз кызматчыларыңызга каарданып+, мени жана наабайчылардын башчысын жан сакчылардын башчысынын үйүндөгү түрмөгө камап койгонсуз+. 11  Анан бир жолу түндө ал экөөбүз тең түш көрдүк. Алардын ар биринин өзүнчө мааниси бар эле+. 12  Ал жерде биз менен жан сакчылардын башчысына кызмат кылган+ бир еврей жигит бар эле+. Биз ага түштөрүбүздү айтып бергенде+, ал ар бирибизге түшүбүздү жоруп берген. 13  Анан баары ал жоругандай болуп чыккан: мен кайра мурунку ордума коюлгам+, тигини болсо асып салышкан»+. 14  Ошондо фараон Жусупту тезинен зындандан+ алып келүүнү буйрук кылды+. Жусуп сакал-мурутун алып*+, кийимин которуп+, фараонго келди. 15  Фараон ага: «Мен түш көрдүм, бирок аны эч ким жоруп бере албай жатат. Сени болсо айтып берген түштөрдү жоруй алат деп уктум»,— деди+. 16  Жусуп: «Аны фараонго жакшылыкка чечмелеп бере турган мен эмес, Кудай»,— деди+. 17  Фараон Жусупка мындай деп айтып бере баштады: «Түшүмдө мен Нил дарыясынын жээгинде туруптурмун. 18  Бир убакта дарыядан семиз, көрүнүшү жакшы жети уй чыгып, жээкте оттой баштады+. 19  Андан кийин дарыядан араң жан, түрү бир укмуш, кыржыйган башка жети уй чыкты+. Мисир жеринен мындай түрү суук уйларды эч качан көргөн эмесмин. 20  Анан ошол арык, түрү суук уйлар тиги семиз уйларды жей баштады+. 21  Бирок алардын семиз уйларды жегени билинген жок, анткени алар баштагыдай эле арык, түрү суук бойдон калды+. Ошондо мен ойгонуп кеттим. 22  Анан дагы бир түш көрдүм. Түшүмдө буудайдын бир сабагында бадырайган, жакшынакай жети машак пайда болду+. 23  Андан кийин куураган, чүрүшкөн, чыгыштан соккон ысык шамал күйгүзүп кеткен+ жети машагы бар буудай өсүп чыкты. 24  Ошол чүрүшкөн машактар бадырайган, жакшынакай жети машакты жеп койду+. Мен түшүмдү сыйкырчылык кылган дин кызматчыларга айтып бердим+, бирок эч кимиси анын маанисин чечмелей алган жок»+. 25  Ошондо Жусуп фараонго мындай деди: «Бул эки түштүн мааниси бир. Чыныгы Кудай эмне кыла турганын фараонго ачып берди+. 26  Жети семиз уй жети жылды билдирет. Бадырайган жети машак да жети жылды билдирет. Эки түштүн мааниси бир. 27  Семиз уйлардын артынан чыккан арык, түрү суук уйлар жети жылды билдирет. Чыгыштан соккон ысык шамал+ күйгүзүп кеткен чүрүшкөн жети машак ачарчылык боло турган жети жылды билдирет+. 28  „Чыныгы Кудай эмне кыла турганын фараонго көрсөтүп берди“,— деп ушулар жөнүндө айткан болчумун+. 29  Мисир жеринде мол түшүмдүү жети жыл болот. 30  Бирок андан кийин жети жылдык ачарчылык келет. Ошондо Мисир жеринде болгон мол түшүмдүн баары унутулуп, ачарчылыктан жер такыр болот+. 31  Ачарчылык аябай катуу болгондуктан, эл бир кезде тамак-ашы мол болгонун унутат. 32  Ал эми фараондун түштү эки жолу көргөнү чыныгы Кудайдын ушунун баарын бекем чечкенин+ жана жакын арада орундатарын билдирет+. 33  Ошондуктан фараон акыл-эстүү киши таап, аны Мисир жерине көзөмөл кылганга дайындасын+. 34  Ошондой эле Мисир жеринде мол түшүм болчу жети жылдын ичинде түшүмдүн бештен бир бөлүгүн чогултуп турганга+ көзөмөлчүлөрдү койсун+. 35  Алар түшүм мол боло турган жылдары эгинди жыйнап, шаарларга чогултуп, сактап коюшсун+. Ал түшүм фараонго таандык болот. 36  Ошондо Мисир жеринде боло турган ачарчылыктын+ айынан эл менен мал кырылып калбашы үчүн+, ачарчылык боло турган жети жылга жетерлик азык болот». 37  Бул фараон менен анын бардык кызматчыларына жагып калды+. 38  Ал кызматчыларына: «Кудайдын руху бар ушул кишиден башка дагы кимди таба алмак элек?» — деди+. 39  Анан Жусупка: «Эгер Кудай ушунун баарын сага ачып берген болсо+, анда сендей акыл-эстүү башка эч ким жок+. 40  Менин үйүмө сен көзөмөл кыласың+, бүт элим сага толугу менен баш иет+. Тактыда отурган мен гана сенден жогору болом»,— деди+. 41  Анан: «Сени бүт Мисир жерине көзөмөл кылганга дайындайм»,— деп кошумчалады+. 42  Андан кийин колундагы мөөр шакегин+ чечип, Жусуптун колуна салды да, үстүнө жогорку сапаттагы зыгырдан кийим кийгизип, мойнуна алтын чынжыр такты+. 43  Андан тышкары, аны падышанын экинчи арабасына отургузууга+, анын алдында бараткандардын: «Аврек!»* — деп жар салышына буйрук берди. Ошентип, фараон аны бүткүл Мисир жерине көзөмөл кылганга дайындады. 44  Андан кийин фараон Жусупка: «Мен фараон болсом да, бүт Мисир жеринде сенин уруксатыңсыз эч кандай иш жасалбайт*»,— деди+. 45  Анан фараон Жусупка Запенат-Панеах деген ат койду жана ага Он+ деген шаардын дин кызматчысы Потипердин кызы Асинатты+ алып берди. Жусуп Мисир жерин кыдыра баштады+. 46  Фараондун, Мисир жеринин падышасынын, алдына барганда ал отуз жашта эле+. Анын жанынан кеткенден кийин Жусуп бүт Мисир жерин кыдырып чыкты. 47  Мол түшүмдүү жети жылдын ичинде жер көп түшүм берип жатты+. 48  Жети жыл бою Жусуп Мисир жериндеги түшүмдү жыйнап, шаарларга чогултуп жатты+. Ал ар бир шаарга анын тегерегиндеги талаанын эгинин жыйнады+. 49  Жусуп аябай көп эгин жыйнады+. Эгин деңиз жээгиндеги кумдай көп болгондуктан, акырында аны эсептебей да калышты, анткени эсеп жетпей калды+. 50  Ачарчылык башталганга чейин, Он деген шаардын дин кызматчысы Потипердин кызы Асинат Жусупка эки уул төрөп берди+. 51  «Кудай бардык азабымды, атамдын үйүн унуттурду»+ — деп, Жусуп тун уулунун атын Менаше* деп койду+. 52  Экинчисинин атын болсо: «Кудай мага азап тарткан жеримде тукум берди*»+ — деп, Эпрайым* койду+. 53  Ошентип, Мисир жериндеги мол түшүмдүү жети жыл соңуна чыгып+, 54  Жусуп айткандай, жети жылдык ачарчылык башталды+. Бүт жерде ачарчылык болду, Мисир жери болсо нандан өксүгөн жок+. 55  Анан ачарчылык бүтүндөй Мисир жерине да кулач жайды. Мисирликтер фараонго нан сурап жалына башташты+. Фараон болсо аларга: «Жусупка баргыла, ал эмне десе, ошону кылгыла»,— деди+. 56  Ошентип, бүт жер жүзү ачарчылыктын запкысын тарта баштады+. Ошондо Жусуп мисирликтерге кампаларга жыйналган эгинден сата баштады+, анткени Мисир жериндеги ачарчылык да аябай катуу болду. 57  Андан тышкары, бүт жер жүзүндө ачарчылык күчөгөндүктөн, Жусуптан эгин сатып алыш үчүн Мисирге башка жерлерден да келип жатышты+.

Шилтемелер

Бул жерде колдонулган еврей сөзү Жусуптун сакал-мурутун да, чачын да алдырганын билдириши мүмкүн.
Мисирликтердин еврей тилине транслитерацияланган бул сөзүнүн так мааниси белгисиз.
Сөзмө-сөз: «бир да киши колун же бутун көтөрбөйт».
Мааниси: «унуттурган».
Мааниси: «эки эсе жемиштүү».
Же: «ийгиликтүү кылды».