Башталыш 36:1—43

36  Эдом+ деген да аты бар Эйсаптын жашоосу жөнүндөгү билдирүү.  Эйсап канаандык кыздардан аял алды+. Хеттин тукумдарынан болгон Элондун кызы+ Аданы+, хибилик Зибондун небереси, Ананын кызы Олибаманы+,  Ысмайылдын кызы, Небайоттун+ бир тууганы Басыматты+ алды.  Ада Эйсапка Элипазды, Басымат Ребулду төрөп берди.  Олибама болсо Жеушту, Жаламды, Коракты+ төрөдү. Булар — Эйсаптын Канаан жеринде төрөлгөн уулдары.  Эйсап аялдарын, уулдары менен кыздарын, үйүндөгүлөрүнүн* баарын, майда малы менен бодо малынын бардыгын, Канаан жеринде чогулткан бүт байлыгын алып+, бир тууганы Жакыптан бөлүнүп, башка жерге кетти+.  Анткени алардын мал-мүлкү аябай көп болуп, келгин катары жашаган жери тардык кылгандыктан, чогуу жашаганга мүмкүн болбой калган эле+.  Эйсап Сеир тоолуу аймагына жайланышты+. Эйсаптын Эдом деген да аты бар болчу+.  Сеир тоолуу аймагында+ жашаган эдом элинин атасы Эйсаптын жашоосу жөнүндөгү билдирүү. 10  Эйсаптын уулдары булар: Эйсаптын аялы Аданын уулу Элипаз, Эйсаптын аялы Басыматтын уулу Ребул+. 11  Элипаздын уулдары: Теман+, Омар, Зепо, Гатам, Кеназ+. 12  Эйсаптын уулу Элипаз Тимнаны+ токолдукка алды. Ал ага Амалыкты+ төрөп берди. Булар — Эйсаптын Ада деген аялынын уулдары. 13  Ребулдун уулдары: Нахат, Зерак, Шамай, Миза+. Булар — Эйсаптын Басымат+ деген аялынын уулдары. 14  Зибондун небереси, Ананын кызы, Эйсаптын аялы Олибаманын Эйсапка төрөп берген уулдары: Жеуш, Жалам, Корак+. 15  Эйсаптын уулдарынан чыккан шайыктар*+: Эйсаптын тун уулу Элипаздын уулдары: Теман шайык+, Омар шайык, Зепо шайык, Кеназ шайык, 16  Корак шайык, Гатам шайык, Амалык шайык. Булар — Эдом жеринде Элипаздан тараган шайыктар+. Булар — Аданын уулдары. 17  Эйсаптын уулу Ребулдун уулдары: Нахат шайык, Зерак шайык, Шамай шайык, Миза шайык. Булар — Эдом жеринде+ Ребулдан тараган шайыктар. Булар — Эйсаптын аялы Басыматтын уулдары. 18  Эйсаптын аялы Олибаманын уулдары: Жеуш шайык, Жалам шайык, Корак шайык. Булар — Ананын кызы, Эйсаптын аялы Олибаманын уулдарынан чыккан шайыктар. 19  Булар — Эйсаптын, башкача айтканда, Эдомдун+ уулдары жана алардан чыккан шайыктар. 20  Хорлук Сеирдин уулдары, ал жердин тургундары+: Лотан, Шобал, Зибон, Ана+, 21  Дишон, Эзер, Дишан+. Булар — Эдом жеринде хорлуктардан, Сеирдин уулдарынан, чыккан шайыктар. 22  Лотандын уулдары: Хори менен Хемам. Тимна Лотандын эжеси болгон+. 23  Шобалдын уулдары: Албан, Манахат, Эбал, Шепо, Онам. 24  Зибондун уулдары: Ая менен Ана. Атасы Зибондун+ эшектерин кайтарып жүрүп чөлдөн ысык булактарды таап алган Ана ушул болчу. 25  Ананын балдары: уулу Дишон менен кызы Олибама. 26  Дишондун уулдары: Хемдан, Эшпан, Итран, Керан+. 27  Эзердин уулдары: Билган, Забан, Акан. 28  Дишандын уулдары: Ус менен Аран+. 29  Хорлуктардын шайыктары: Лотан шайык, Шобал шайык, Зибон шайык, Ана шайык, 30  Дишон шайык, Эзер шайык, Дишан шайык+. Булар — Сеир жериндеги хорлуктардын шайыктары. 31  Ысрайыл уулдарынан падыша чыкканга чейин Эдом жеринде+ төмөнкү падышалар башкарган+. 32  Эдомдо Беордун уулу Бела бийлик кылган+. Анын шаары Динаба деп аталган. 33  Бела өлгөндөн кийин, анын ордуна бозралык+ Зерактын уулу Жобап бийлик кылган+. 34  Жобап өлгөндөн кийин, анын ордуна темандыктардын+ жеринен чыккан Хушам бийлик кылган+. 35  Хушам өлгөндөн кийин, анын ордуна Бедаттын уулу Адат бийлик кылган. Ал Маап жеринде+ мидиандыктарды+ жеңген. Анын шаары Абыт деп аталган+. 36  Адат өлгөндөн кийин, анын ордуна масрекалык Самла бийлик кылган+. 37  Самла өлгөндөн кийин, анын ордуна улуу дарыянын* жанындагы Рехоботтон чыккан Шабул бийлик кылган+. 38  Шабул өлгөндөн кийин, анын ордуна Акбардын уулу Баалканан бийлик кылган+. 39  Акбардын уулу Баалканан өлгөндөн кийин, анын ордуна Хадар бийлик кылган. Анын шаары Пау деп аталган. Аялынын аты Мехетабел эле. Ал Мезаптын кызы Матреданын кызы болгон+. 40  Эйсаптан тараган, уруусу, жашаган жери боюнча саналган шайыктар булар: Тимна шайык, Алба шайык, Жетет шайык+, 41  Олибама шайык, Эла шайык, Пинон шайык+, 42  Кеназ шайык, Теман шайык, Мипсар шайык+, 43  Магдиел шайык, Ирам шайык. Булар — эдомдуктардын ээлик кылган жерлери+ боюнча саналган шайыктары+. Эдомдуктардын атасы — Эйсап+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «үйүндөгү жандардын».
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Евфраттын.