Башталыш 35:1—29
35 Ошондон кийин Кудай Жакыпка: «Бейтелге барып, ошол жерге отурукташып+, бир тууганың Эйсаптан качып келатканыңда+ сага көрүнгөн чыныгы Кудайга арнап курмандык жайын кур»,— деди.
2 Жакып үйүндөгүлөрүнө, жанындагылардын баарына: «Өзүңөрдөгү бөтөн жерликтердин кудайларын жоготкула+, тазаланып, кийимиңерди алмаштыргыла+.
3 Анан туруп, Бейтелге баралы. Мен ал жерге кыйналганымда жалынычымды угуп+, ошондон бери дайыма жанымда болгон чыныгы Кудайга+ арнап курмандык жайын курам»,— деди.
4 Ошондо алар өздөрүндөгү бөтөн жерликтердин кудайларын+, кулактарындагы сөйкөлөрүн Жакыпка беришти. Жакып аларды Шекемдин жанындагы чоң бактын түбүнө көөмп койду+.
5 Андан соң алар жолго чыгышты. Кудай тегеректеги шаарларга коркунуч каптаткандыктан+, алардын тургундары Жакыптын уулдарынын артынан куушкан жок.
6 Акыры, Жакып менен анын жанындагылар Канаан жериндеги Лузга+ (Бейтелге) жетишти.
7 Жакып курмандык жайын куруп, ал жерди Эл-Бейтел* деп атады. Анткени бир тууганынан качып баратканда ошол жерде ага чыныгы Кудай көрүнгөн болчу+.
8 Бир канча убактан кийин Ребеканын эмчек энеси Дебора+ каза болуп, Бейтел жайгашкан адырдын этегиндеги чоң бактын түбүнө коюлду. Андыктан Жакып ал бакты Алон-Бакут* деп атады.
9 Ошондон кийин Кудай Падан-Арамдан+ келаткан Жакыпка кайрадан көрүнүп, батасын берди+.
10 Кудай ага: «Сенин атың Жакып+, бирок мындан ары Жакып эмес, Ысрайыл болот»,— деди. Ошентип, ага Ысрайыл деген ат койду+.
11 Анан Кудай ага: «Мен Кудурети Күчтүү Кудаймын+. Укумдап-тукумдап, көбөйө бер. Сенден элдер, көптөгөн элдер тарайт, сенден* падышалар чыгат+.
12 Ыбрайым менен Ыскакка берген ушул жерди сага, сенин тукумуңа+ берем»+,— деди.
13 Анан Кудай анын жанынан, аны менен сүйлөшкөн жерден кетти+.
14 Ошондо Жакып Кудай ага сүйлөгөн жерге эстелик катары таш коюп+, үстүнө суюк тартуу* менен май куйду+.
15 Ал Кудай ага сүйлөгөн жерди мурункудай эле Бейтел деп атады+.
16 Андан кийин Бейтелден жолго чыгышты. Жолдон Рахилдин толгоосу башталды. Эфратага+ чейин али көп бар болчу. Рахилдин төрөтү абдан оор болду+.
17 Ал катуу кыйналып жатканда, төрөтүп жаткан аял: «Коркпо, мунуң да уул экен»,— деди+.
18 Рахил үзүлүп бараткан эле+. Жан+ берерде ал уулуна Бенони* деген ат койду, бирок баланын атасы атын Бенжемин* койду+.
19 Рахил көз жуумп, Эфратага (Бетлехемге) кеткен жолдун боюна коюлду+.
20 Жакып анын мүрзөсүнө эстелик катары таш койду. Ал таш Рахилдин мүрзөсүндө ушул күнгө чейин турат+.
21 Андан кийин Ысрайыл жолго чыкты. Анан Эдер мунарасынын+ ары жагына чатырын тикти.
22 Ысрайыл ошол жерде чатырларда жашап жүргөндө+, Рубейин атасынын токолу Била менен жатты. Муну Ысрайыл укту+.
Жакыптын он эки уулу бар эле.
23 Лиянын ага төрөп берген уулдары: туну Рубейин+, ошондой эле Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар, Забулун.
24 Рахилдин уулдары: Жусуп менен Бенжемин.
25 Рахилдин күңү Биланын уулдары: Дан менен Напталы.
26 Лиянын күңү Зилпанын уулдары: Гат менен Ашыр. Булар — Жакыптын Падан-Арамда төрөлгөн уулдары.
27 Акыры, Жакып атасы Ыскакка+, Кириат-Арбадагы+ Мамреге (Хебронго), Ыбрайым менен Ыскак келгин болуп жашаган жерге+, келди.
28 Ыскак 180 жыл жашады+.
29 Ал узак жашап, өмүргө тоюп көз жуумп, ата-бабаларына кошулду+. Уулдары Эйсап менен Жакып анын сөөгүн мүрзөгө коюшту+.
Шилтемелер
^ Мааниси: «Бейтелдин Кудайы».
^ Мааниси: «ыйдын чоң багы».
^ Сөзмө-сөз: «белиңден».
^ 1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
^ Мааниси: «кайгымдын уулу».
^ Мааниси: «оң колдун уулу».