Башталыш 34:1—31
34 Лиянын Жакыпка төрөп берген кызы Дина+ ал жердин кыздары+ менен көп жүрчү+.
2 Аны ошол жердин башчысы хибилик+ Хамордун уулу Шекем да көрдү. Бир күнү ал аны кармап алып, зордуктап койду+.
3 Жакыптын кызы Динага анын көңүлү түшүп, абдан жакшы көрүп калды, ошондуктан аны жакшы көрөрүнө ынандыра баштады.
4 Анан Шекем атасы Хаморго+: «Бул кызды мага алып бер»,— деди+.
5 Жакып Шекемдин Динаны бузуп койгонун укканда, балдары талаада мал менен жүрүшкөн болчу+. Ошондуктан алар келгиче, Жакып бул тууралуу эч кимге айткан жок+.
6 Бир нече убакыт өткөндөн кийин Шекемдин атасы Хамор Жакып менен сүйлөшкөнү келди+.
7 Жакыптын уулдары эмне болгонун угар замат талаадан келишти. Алар ызаланып, ачууланып жатышты+, анткени Шекем Жакыптын кызы менен жатып, Ысрайылды уятка калтырып+, жаман иш кылды+.
8 Хамор аларга: «Уулум Шекем кызыңарды жактырып калыптыр+. Суранам, аны уулума берип+,
9 биз менен тууган болгула+. Кыз алышып, кыз беришели+.
10 Биз менен чогуу жашагыла, биздин жер силердин жериңер болсун. Ушул жерге отурукташып, соода-сатык жүргүзүп, жашай бергиле»+,— деди.
11 Андан кийин Шекем Динанын атасы менен бир туугандарына: «Силердин көз алдыңарда ырайым тапсам эле болду. Эмне сурабагыла, баарын берем.
12 Кандай калың бычып+, эмне сурабагыла, баарын берем. Кызыңарды мага берсеңер эле болду»,— деди.
13 Жакыптын уулдары, Шекем алардын карындашы Динаны бузуп койгондуктан, Шекем менен анын атасын алдап+,
14 мындай дешти: «Жок, анте албайбыз. Карындашыбызды сүннөткө отургузулбаган кишиге бере албайбыз+, бул биз үчүн уят иш.
15 Биздей болуп, эркек аттууңардын баары сүннөткө отургузулганда гана+, макулдугубузду беребиз.
16 Ошондо кыз алышып, кыз беришип, силер менен чогуу жашап, бир эл болобуз+.
17 Эгер сүннөткө отургузулганга макул болбосоңор, кызыбызды алып кетебиз».
18 Алардын айтканы Хамор менен анын уулу Шекемге+ жагып калды.
19 Шекем Жакыптын кызын абдан жакшы көрүп калгандыктан алардын талабын аткарганча шашты+. Ал атасынын үйүндөгүлөрүнүн+ ичинен эң кадырлуусу эле+.
20 Ошентип, Хамор менен анын уулу Шекем өздөрүнүн шаарынын дарбазасына келип+, элге мындай дешти:
21 «Булар биз менен тынчтыкта болгусу келет экен+. Жер кенен эмеспи+, бул жерге отурукташып, соода-сатык жүргүзө беришсин. Алар менен кыз алышып, кыз беришели+.
22 Бирок алар, эркек аттууларыбыздын баары алардай болуп сүннөткө отургузулганда гана+, биз менен жашап, бир эл болушат экен.
23 Ошентсек, алардын мүлкү, байлыгы, бүт малы биздики болбойбу?+ Макул болуп эле койсок, алар биз менен жашап калышат»+.
24 Хамор менен анын уулунун айткандарына шаар дарбазасынын жанына чогулгандардын баары макул болуп, шаардын бүт эркектери сүннөткө отургузулду.
25 Үчүнчү күндүн жүзү болгондо, алар ооруп жатканда+, Жакыптын эки уулу, Динанын бир туугандары+ Шымон менен Леби+, ар бири өз кылычын алып, шек алдырбастан шаарга киришти да, эркек аттуунун баарын кырып ташташты+.
26 Алар Хамор менен анын уулу Шекемди да кылыч менен өлтүрүп+, Динаны анын үйүнөн алып кетип калышты+.
27 Жакыптын башка уулдары да, Шекем алардын карындашын бузуп койгондуктан+, бир туугандары өлтүргөн кишилерди, бүт шаарды тоноп кетишти.
28 Алар майда малы менен бодо малын, эшектерин, шаардагы менен талаадагынын баарын алып кетишти+.
29 Ошондой эле элдин бүт мүлкүн алып, аялдары менен балдарын туткундап, үйлөрүн тоноп кетишти+.
30 Ошондо Жакып Шымон менен Лебиге+: «Силер мени бул жердин тургундарына, канаандыктар менен периздерге, жек көрүндү кылып, башыма мүшкүл түшүрдүңөр*+. Менин элим аз+ болгондуктан, эми алар биригип алып, мага кол салышат да, үй-бүлөм менен кошо кырып ташташат»,— деди.
31 Тигилер болсо: «Анан алардын карындашыбызга сойкуга мамиле кылгандай мамиле кылганы туурабы?» — дешти+.
Шилтемелер
^ Же: «мени качканга мажбур кылдыңар».