Башталыш 33:1—20
33 Бир канча убактан кийин Жакып Эйсаптын 400 кишиси менен+ келатканын көрдү. Ошондо ал Лияны, Рахилди жана эки күңүн балдары менен+ өз-өзүнчө бөлүп,
2 күңдөрүн балдары менен алды жакка койду+, алардан кийин Лия менен анын балдарын+, ал эми эң артына Рахил менен Жусупту койду+.
3 Өзү болсо алардын алдына түшүп, бир тууганына жеткиче жети жолу жерге чейин ийилип таазим кылды+.
4 Эйсап болсо чуркап барып+, аны кучактап+ өпкүлөп, экөө тең ыйлашты.
5 Анан ал аялдар менен балдарды көрүп: «Булар кимдер?» — деп сурады. Жакып: «Кудайдын кулуңа берген балдары»,— деди+.
6 Ошондо күңдөрү балдары менен жакын келип, таазим кылышты.
7 Лия да балдары менен келип таазим кылды. Акырында Жусуп менен Рахил да жакын келип, таазим кылышты+.
8 Анан Эйсап: «Жолдон мага жолуккан мал айдаган адамдарды эмнеге жибердиң эле?»+ — деп сурады. Жакып: «Мырзамдын көз алдында ырайым табыш үчүн жибергем»,— деп жооп берди+.
9 Эйсап ага: «Бир тууганым, өзүмдүкү деле көп+, тим эле кой, өзүңдүкү өзүңдө эле калсын»,— деди.
10 Бирок Жакып: «Жок, эгер сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом+, берген тартуумду алып кой, анткени аны жүзүңдү көрүш үчүн бергем. Сен мени кубаныч менен тосуп алгандыктан, жүзүңдү көргөндө Кудайдын жүзүн көргөндөй эле болдум+.
11 Суранам, берген тартуумду алып кой+, анткени Кудай мага ырайым кылгандыктан, менде баары бар»,— деди+. Ал абдан сурангандыктан, Эйсап тартууну кабыл алды+.
12 Анан Эйсап: «Жүр, жолго чыгалы, мен алдыга түшөйүн»,— деди.
13 Бирок Жакып: «Мырзам өзү көрүп тургандай, балдарым жаш. Анын үстүнө, койлорумдун да, бодо малымдын да төлү жаш+. Эгер бир эле күн батыраак айдай турган болсом, малдын баары кырылып калат+.
14 Ошондуктан, мырзам, кулуңдун алдына түшүп бара бер. Мен болсо Сеирге+, мырзамдыкына жеткиче алдымдагы малдын, балдардын басыгына жараша шашпай басайын»+,— деди.
15 Ошондо Эйсап: «Анда кишилеримдин бир нечесин сени менен калтырайын»,— деди. Жакып ага: «Жок, жөн эле кой. Мырзамдын көз алдында ырайым тапсам эле болду»,— деди+.
16 Эйсап ошол күнү кайра Сеирди көздөй жөнөдү.
17 Жакып болсо Сукотко+ барып, өзүнө үй, малына малканаларды курду+. Ошондуктан ал жерди Сукот* деп атады.
18 Ошентип, Жакып Падан-Арамдан+ кайтып келди. Ал Канаан+ жериндеги Шекем+ шаарына аман-эсен жетип, анын тушуна жайланышты.
19 Анан Шекемдин атасы Хамордун уулдарынан 100 кеситке* жер сатып алып+, ошол жерге чатырын тикти.
20 Андан кийин ал жерге курмандык жайын куруп, аны «Кудай — Ысрайылдын Кудайы» деп атады+.