Башталыш 32:1—32

32  Жакып болсо андан ары жөнөдү. Жолдон ага Кудайдын периштелери жолукту+.  Аларды көргөндө Жакып: «Бул — Кудайдын кошууну!»+ — деди. Ошондуктан ал жерди Маханаим*+ деп атады.  Анан ал Эдомдогу+ Сеир жерине+, бир тууганы Эйсапка кабарчыларды жөнөтүп+,  аларга мындай буйрук берди: «Мырзам+ Эйсапка: „Кулуңуз Жакып: “Мен Лабандыкында келгин болуп көп жыл бою, ушул күнгө чейин жашадым+.  Азыр менин өгүздөрүм, эшектерим, койлорум, кулдарым, күңдөрүм бар+. Мырзамдын көз алдында ырайым табыш үчүн бул тууралуу мырзама кабарлаганы киши жөнөттүм”,— деди“+,— дегиле».  Бир топ убактан кийин кабарчылар Жакыпка кайтып келип: «Биз бир тууганыңыз Эйсаптыкына бардык. Ал да сизге келатат, жанында 400 кишиси бар экен»,— дешти+.  Жакып абдан коркуп, тынчсыздана баштады+. Анан жанындагы кишилерин, майда малы менен бодо малын, төөлөрүн эки топко бөлүп+:  «Эгер Эйсап бирине кол салса, экинчиси аман калат»,— деди+.  Анан ал мындай деди: «Оо, атам Ыбрайымдын, атам Ыскактын Кудайы+, мага: „Өз жериңе, туугандарыңа кайт, мен сага батамды берем“,— деп айткан Жахаба+, 10  мен сенин кулуңа көрсөткөн мээримдүүлүгүң менен ишенимдүүлүгүңө татыксызмын+. Иордандан өткөнүмдө таягымдан башка эч нерсем жок эле, азыр болсо эки кошуунум бар+. 11  Мени бир тууганым Эйсаптын колунан куткара көр+, анткени ал келип, мага, балдарым менен энелерине кол салат деп коркуп жатам+. 12  Сен өзүң: „Сага батамды берем, укум-тукумуңду деңиз жээгиндеги кумдай сан жеткис кылып көбөйтөм“,— деп айтпадың беле»+. 13  Ошол түнү Жакып ошол жерге түнөдү. Ал бир тууганы Эйсапка тартуу кылыш үчүн колундагы бардык мал-мүлкүнөн буларды бөлүп койду+: 14  эки жүз эчки, жыйырма теке, эки жүз кой, жыйырма кочкор, 15  отуз төөнү ботосу менен, кырк уй, он бука, жыйырма ургаачы эшек, он эркек эшек+. 16  Андан кийин аларды өз-өзүнчө бөлүп, кулдарына: «Менден мурун дарыядан өтүп, ар бир үйүрдү өзүнчө, бири-биринен алысыраак аралыкта айдап баргыла»,— деди+. 17  Анан биринчи кулуна: «Эгер бир тууганым Эйсап алдыңан чыгып: „Кимдин кулу болосуң? Кайда баратасың? Айдап бараткан малың кимдики?“ — деп сураса, 18  сен ага: „Кулуңуз Жакыптыкы. Бул — анын Эйсап мырзама жиберген+ тартуусу+. Өзү болсо артта келатат“,— деп айт»,— деди. 19  Ал экинчи кулуна да, үчүнчүсүнө да, мал айдап бара тургандардын баарына: «Эйсапка жолукканда ушундай дегиле+. 20  Анан: „Кулуңуз Жакып артта келатат“,— деп да айткыла»,— деп буйруду+. Анткени ал: «Жиберген тартууларым+ менен жүрөгүн жибитип, анан жүз көрүшөйүн, балким, ошондо жакшы кабыл алар»,— деп ойлоду+. 21  Ошентип, тартуу катары жиберилген малды айдаган кулдары андан мурун дарыядан өтүштү. Өзү болсо конушта түнөп калды+. 22  Түндө Жакып ордунан туруп, эки аялы+, эки күңү+, он бир уулу+ менен Жабок суусунун+ тайыз жеринен кечип өттү. 23  Ал аларды, бүт мал-мүлкүн өзөндөн+ өткөрдү. 24  Жакып жалгыз калганда, бир киши келип, аны менен таң атканча күрөштү+. 25  Ал Жакыпты жеңе албасын+ көрүп, анын жамбаш муунуна тийди. Ошондуктан күрөшүп жатканда Жакыптын жамбашы кокустап калды+. 26  Анан тиги киши: «Мени коё бер, таң атып кетти»,— деди. Жакып: «Мага батаңды бермейинче+, коё бербейм»,— деди. 27  Тиги киши андан: «Атың ким?» — деп сурады. Ал: «Жакып»,— деди. 28  Ошондо тиги киши: «Мындан ары атың Жакып эмес, Ысрайыл* болот+. Анткени сен Кудай менен, адамдар менен күрөшүп+, жеңип чыктың»,— деди. 29  Жакып да андан: «Атың ким, айтчы»,— деп сурады. Ал: «Эмнеге менин атымды сурайсың?» — деди да+, ошол жерде ага батасын берди. 30  «Мен Кудайды бетме-бет көрдүм, бирок жаным аман калды» — деп+, Жакып ал жерди Пениел*+ деп атады. 31  Ал Пенуелдин* жанынан өтүп баратканда, күн чыкты. Жамбашы кокустап калгандыктан, Жакып сылтып баратты+. 32  Анын жамбашы кокустап калгандыктан, Ысрайыл уулдары азыркыга чейин жамбаштын тарамышын*+ жешпейт.

Шилтемелер

Мааниси: «эки кошуун».
Мааниси: «Кудай күрөшөт; Кудай менен (өжөрлүк менен) күрөшкөн».
Мааниси: «Кудайдын жүзү».
30-аяттагы Пениел.
Б. а. жамбаш менен кашка жиликтин ашташкан жериндеги тарамышты.