Башталыш 30:1—43

30  Рахил төрөбөгөндүктөн эжесине ичи күйүп, Жакыпка+: «Мага бала бер, болбосо өлөм»,— деди+.  Жакып ага ачууланып+: «Сага бала бербеген Кудай мен бекем?» — деди+.  Рахил: «Күңүм Билага+ жакында, ал мага* бала төрөп берсин, ал аркылуу мен да балалуу болоюн»,— деди+.  Ошентип, ал күңү Биланы Жакыпка аялдыкка берди. Жакып ага жакындады+.  Биланын боюна бүтүп, Жакыпка уул төрөп берди+.  Ошондо Рахил: «Кудай менин сотум болду+, үнүмдү угуп, уул берди» — деп, атын Дан* койду+.  Биланын дагы боюна бүтүп, Жакыпка экинчи уулун төрөп берди.  Рахил: «Эжем менен катуу күрөшүп, жеңип чыктым!» — деп, атын Напталы* койду+.  Лия төрөбөй калгандыктан күңү Зилпаны Жакыпка аялдыкка берди+. 10  Ал Жакыпка уул төрөп берди. 11  Ошондо Лия: «Жолум болду!» — деп, атын Гат* койду+. 12  Зилпанын дагы боюна бүтүп, Жакыпка экинчи уулун төрөп берди. 13  Лия: «Кандай бактылуумун! Эми аялдар мени бактылуу дешет» — деп+, атын Ашыр* койду+. 14  Буудай оруп-жыюу маалында+ Рубейин+ талаага барып, бир нече мандрагора* таап алды. Анан аларды энесине, Лияга, алып келди. Рахил Лияга: «Мага уулуң алып келген мандрагорадан берчи»,— деди+. 15  Лия: «Күйөөмдү тартып алганың аз келгенсип+, эми уулумдун мандрагорасын алгың барбы?» — деди. Рахил ага: «Уулуңдун мандрагоралары үчүн Жакып бүгүн түнү сени менен болсун»,— деп айтты. 16  Кечинде Жакып талаадан келатканда+, Лия алдынан чыгып: «Бүгүн түнү мени менен болосуң, анткени сени уулумдун мандрагораларына сатып алдым»,— деди. Жакып ошол түнү Лия менен болду+. 17  Кудай Лиянын үнүн угуп, ага жооп бергендиктен, анын боюна бүтүп, Жакыпка бешинчи уулун төрөп берди+. 18  Ошондо Лия: «Күңүмдү күйөөмө бергеним үчүн Кудай мага сыйлык берди» — деп, атын Исахар* койду+. 19  Анын дагы боюна бүтүп, Жакыпка алтынчы уулун төрөп берди+. 20  Лия: «Кудай мага эң сонун белек берди. Эми күйөөм мага чыдайт*+, анткени ага алты уул төрөп бердим»+ — деп, атын Забулун* койду+. 21  Андан кийин кыз төрөп, атын Дина* койду+. 22  Акыр-аягы, Кудай Рахилди эстеп, анын үнүн угуп, бала берди*+. 23  Рахилдин боюна бүтүп, уул төрөп: «Кудай мени шылдыңдан арылтты!» — деди+. 24  Анан: «Жахаба мага дагы бир уул берди» — деп, атын Жусуп* койду+. 25  Рахил Жусупту төрөгөндөн кийин, Жакып Лабанга: «Эми мени коё бериңиз, өз ордума, өз жериме кетейин+. 26  Мага аялдарым менен балдарымды бериңиз, кетейин, мен алар үчүн сизге иштеп бердим. Сизге кандай кызмат кылганымды өзүңүз жакшы билесиз»,— деди+. 27  Ошондо Лабан: «Эгер сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом... Мен Жахабанын мага сен үчүн бата берип жатканын белгилер аркылуу түшүндүм»,— деп айтты+. 28  Анан: «Акыңа эмне берейин, айт»,— деди+. 29  Жакып ага: «Сизге кандай кызмат кылганымды, мен келгенден бери малыңыздын канчалык көбөйгөнүн өзүңүз жакшы билесиз+. 30  Мен келгенге чейин малыңыз аз эле, азыр болсо абдан көбөйдү. Мен келгенден тартып, Жахаба сизге батасын берди+. Эми качан өз үйүм үчүн иштейм?» — деди+. 31  Лабан: «Сага эмне берейин?» — деп сурады. Жакып мындай деди: «Эч нерсе бербей эле коюңуз+. Эгер мен айткандай кылсаңыз, анда кайрадан малыңызды багып+, кайтарып берем+. 32  Бүгүн малыңыздын баарын карап чыгам. Темгили бар койлор менен ала-була койлордун, кара күрөң жаш кочкорлордун, ала-була, темгили бар эчкилердин баарын өзүнчө бөлүп коюңуз. Бүгүндөн баштап ушундай мал менин эмгек акым болсун+. 33  Эмгек акымды көргөнү кайсы күнү келбеңиз, чынчылдык менен иш кылып жатканымды көрөсүз+. Эгер эчкилеримдин арасында темгили жоктору, ала-була эместери бар болсо же жаш кочкорлорумдун арасында кара күрөң эместери бар болсо, анда алардын баары уурдалган болуп эсептелет»+. 34  Лабан: «Жакшы болот, сен айткандай болсун»,— деди+. 35  Ошол күнү ал чаар ала текелерди, темгили бар жана ала-була эчкилерди, анча-мынча болсо да ак тактары бар же кара күрөң жаш кочкорлорду өзүнчө бөлүп, уулдарынын колуна тапшырды. 36  Анан өзүнүн малын Жакып турган жерден үч күн жол жүрө тургандай алыстыкка айдап кетти. Ошентип, Жакып Лабандын калган койлорун кайтарып калды. 37  Жакып стиракс дарагынын*+, бадам дарагынын+, чынардын+ жаш бутактарын+ алып, алардын кабыгын ала-була кылып аарчыды. 38  Анан куут маалында суу ичкени келген мал чыбыктардын жанында кошулушу үчүн, аларды малдын алдына, суу куюлчу аштоолордун+ ичине таштап койду. 39  Ошентип, чыбыктардын жанында кошулган малдан чаар ала, темгили бар, ала-була козу-улактар туулду+. 40  Анан Жакып жаш кочкорлорду бөлүп алып, оторду Лабандын малы чаар ала, кара күрөң малды карап тургудай кылып буруп койду. Ошондон кийин ал өзүнүн малын Лабандыкына кошпой, өзүнчө кармады. 41  Малдын жакшысы+ кошулганда, алар чыбыктардын жанында кошулушу үчүн, Жакып алар көргүдөй кылып суу куюлчу аштоолорго+ чыбыктарды таштап койчу. 42  Ал эми малдын начары кошулганда, чыбык таштачу эмес. Ошондуктан Лабанга малдын начары, Жакыпка болсо жакшысы тийчү+. 43  Ошентип, Жакып байыгандан байып, малы, күңдөрү, кулдары, төөлөрү, эшектери көбөйө берди+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «тиземе».
Мааниси: «сот».
Мааниси: «менин күрөшүм».
Мааниси: «жолу болуу».
Мааниси: «бактылуу; бакыт».
Ит жүзүмдөр тукумундагы мөмө берүүчү өсүмдүк.
«Ал — акы» дегенди, б. а. акы катары берилген кишини билдирет.
Мааниси: «жашоо; турак-жай»; «чыдоо; бийлик» дегенди да билдириши мүмкүн.
Же: «мени менен жашайт».
Мааниси: «соттолгон [б. а. акталган; айыпсыз деп табылган]».
Сөзмө-сөз: «жатынын ачты».
Мааниси: «Жах кошсун (көбөйтсүн); Жах кошту (көбөйттү)».
Гүлү жыттуу дарак.