Башталыш 28:1—22

28  Ыскак Жакыпты чакырып, ага батасын бергенден кийин мындай деди: «Канаандык кыздардан аял алба+.  Падан-Арамга, Бетуел таятаңдын үйүнө барып, ошол жактан Лабан таякеңдин кыздарынан ал+.  Кудурети Күчтүү Кудай сага батасын берип, укум-тукумдуу кылып, урпактарыңды көбөйтөт, сенден көп эл тарайт+.  Кудай Ыбрайымга берген+ жана сен азыр келгин болуп жашап жаткан бул жерге ээлик кылышың үчүн+, Ал сага, сенин укум-тукумуңа+ Ыбрайымга берген батасын берет»+.  Ошентип, Ыскак Жакыпты туугандарыныкына жөнөттү. Ал Падан-Арамдагы сириялык Бетуелдин уулу Лабандыкына+, Жакып менен Эйсаптын энеси+ Ребеканын бир тууганыныкына, кетти+.  Эйсап Ыскактын Жакыпка батасын бергенин, батасын берип жатып ага: «Канаандык кыздардан аял алба»+,— деп айтканын жана аны аял алып келиши үчүн Падан-Арамга жөнөткөнүн көрдү.  Жакып ата-энесинин тилин алып, Падан-Арамга жөнөп кетти+.  Ошондо Эйсап атасы Ыскакка канаандык кыздардын жакпай турганын түшүндү+.  Ошондуктан ал Ысмайылга* барып, Небайоттун бир тууганы Махалатты аялдарынын үстүнө аялдыкка алды+. Махалат Ыбрайымдын уулу Ысмайылдын кызы болчу. 10  Жакып Беир-Шебадан чыгып, Харанды көздөй жөнөдү+. 11  Бир нече убактан кийин ал бир жерге жетип, күн батып калгандыктан, ошол жерге түнөмөкчү болду. Анан ошол жердеги таштардын бирин алып, башына жаздап жатты+. 12  Уктап жатып түшүндө+ жерде тепкич турганын көрдү. Анын жогору жагы асманга тийип туруптур. Кудайдын периштелери ошол тепкич менен өйдө чыгып, кайра түшүп жатышыптыр+. 13  Ал эми анын жогору жагында Жахаба туруптур. Ал мындай деди+: «Мен атаң Ыбрайымдын жана Ыскактын Кудайы Жахабамын+. Сен жаткан жерди сага, сенин укум-тукумуңа берем+. 14  Урпактарың жердеги кумдай көбөйүп+, батышка, чыгышка, түндүккө, түштүккө тарайт+. Сен аркылуу, сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат+. 15  Мен сени менен болом. Кайда барба, бардык жерде сени сактап жүрөм, бул жерге кайра алып келем+. Сени таштабайм, сага айткандарымдын баарын орундатам»+. 16  Жакып ойгонуп: «Чын эле, Жахаба ушул жерде экен, мен муну билбептирмин»,— деди. 17  Анан аны коркунуч басып+: «Кандай коркунучтуу жер!+ Бул, чын эле, Кудайдын үйү+, асман дарбазасы экен»,— деди. 18  Ал эртең менен эрте туруп, башына жазданган ташты эстелик кылып койду да, анын үстүнө май куйду+. 19  Анан ал жерди Бейтел* деп атады+. Ал шаардын мурунку аты Луз эле+. 20  Андан кийин Жакып мындай деп убада берди+: «Эгер Кудай мени менен болуп, бараткан жолумда мени сактап жүрсө, жегенге нан, кийгенге кийим берсе+, 21  атамдын үйүнө тынчтык менен кайтып келсем, анда Жахаба чындап эле менин Кудайым экенин көрсөтөт+. 22  Ошондо мен эстелик кылып койгон бул таш Кудайдын үйү болот+, мен сага сен берген ар бир нерсенин ондон бир бөлүгүн берем»+.

Шилтемелер

Же: «Ысмайылдын тукумдарына». Ал убакта Ысмайылдын көзү өтүп кеткен болчу. Ал эми Эйсап 77 жаштарда эле. Кара: Бш 25:17, 26.
Мааниси: «Кудайдын үйү».