Башталыш 27:1—46

27  Ыскак картайып, көзүнүн курчу кетип, көрбөй калганда+ улуу баласы Эйсапты чакырып, ага+: «Уулум», — деди. Ал: «Угуп жатам»,— деди.  Ыскак: «Мен карып калдым+. Дагы канча жашаарымды билбейм+.  Ошондуктан курал-жабдыктарыңды, саадагың менен жааңды, ал да, талаага барып, жапайы жаныбардын этин алып кел+.  Анан жакшы көргөн тамагымды бышырып, алдыма кой. Аны жейин да, көз жумардан мурда сага батамды берейин»+,— деди.  Анын Эйсап менен сүйлөшүп жатканын Ребека угуп турган эле. Эйсап аң уулаганы талаага кеткенде+,  Ребека уулу Жакыпка+ мындай деди: «Атаңдын бир тууганың Эйсапка:  „Жапайы жаныбардын этин алып келип, жакшы көргөн тамагымды бышырып бер. Аны жейин да, көз жумардан мурда Жахабанын алдында сага батамды берейин“+,— деп айтканын уктум.  Эми, уулум, сөзүмө кулак салып, мен айткандай кыл+.  Оторго барып, эки жакшы улак алып кел. Мен алардын этинен атаңдын жакшы көргөн тамагын жасап берейин. 10  Сен аны атаңа алып бар. Ал жеп, көз жумардан мурун сага батасын берсин». 11  Жакып энесине: «Эйсап түктүү да, мен болсо түктүү эмесмин+. 12  Кокус атам мени кармап, сыйпалап көрсөчү?+ Ошондо аны шылдыңдап жаткандай болуп калып+, бата албай эле, каргышка калбаймбы?!»+ — деди. 13  Энеси ага: «Каргышка сен эмес, мен калам+, уулум. Мен айткандай кыл+. Барып, улактарды алып кел»,— деди. 14  Ал барып, улактарды энесине алып келди. Энеси атасынын жакшы көргөн тамагын жасады. 15  Анан Ребека үйүнөн улуу баласы Эйсаптын+ эң жакшы кийимин алып+, кичүү баласы Жакыпка кийгизди+. 16  Ал эми мойнунун түксүз жери менен колдорун улактардын териси менен ороп койду+. 17  Анан өзү жасаган даамдуу тамак менен нанды Жакыпка берди+. 18  Жакып атасына кирип: «Ата»,— деди. Ал: «Угуп жатам. Сен кимсиң, уулум?» — деди. 19  Жакып: «Мен тун уулуңуз Эйсапмын+. Сиз айткандай кылдым. Өйдө болуп отуруп, эттен жеңиз, анан мага батаңызды бериңиз»+,— деди. 20  Ыскак андан: «Кантип бат эле таап келе койдуң, уулум?» — деп сурады. Ал: «Аны Жахаба Кудайыңыз өзү колума салып берди»,— деди. 21  Ошондо Ыскак Жакыпка: «Жакыныраак келчи, уулум, чын эле Эйсапсыңбы же жокпу, сыйпалап көрөйүн»,— деди+. 22  Жакып атасынын жанына барды. Ал аны сыйпалап көрүп: «Үнү Жакыптыкы, колдору болсо Эйсаптыкы»+,— деди. 23  Жакыптын колдору бир тууганы Эйсаптыкындай түктүү болгондуктан, Ыскак аны тааныган жок. Ошентип, ага батасын берди+. 24  Ал андан: «Сен чын эле Эйсапсыңбы?» — деп сурады. Жакып: «Ооба»,— деп жооп берди+. 25  Ошондо Ыскак ага: «Мага тамактан бер, уулум апкелген эттен жейин да, батамды берейин»+,— деди. Жакып ага тамакты берди, ал жеди. Анан шарап берди, ал аны ичти. 26  Анан Ыскак: «Уулум, жакыныраак келип, мени өпчү»+,— деди. 27  Ал жакын барып өпкөндө, атасы анын кийиминин жытын тааныды+. Анан ага мындай деп батасын берди: «Уулумдун жыты Жахаба батасын берген талаанын жытындай. 28  Чыныгы Кудай сага асман шүүдүрүмү+ менен түшүмдүү жерлерди берсин+, дан менен жаңы шарапты мол берсин+. 29  Элдер сага кызмат кылышсын, ар кайсы улуттар ийилип таазим этишсин+. Бир туугандарыңдын мырзасы бол, энеңдин уулдары сага ийилип таазим кылышсын+. Сени каргагандардын баары каргышка калат, сага батасын бергендердин баары бата алат»+. 30  Ыскак Жакыпка батасын берип бүткөндөн кийин, ал атасынын жанынан кетери менен, бир тууганы Эйсап аңчылыктан келди+. 31  Ал да даамдуу тамак бышырып, атасына алып келип: «Ата, туруңуз, уулуңуз апкелген эттен жеңиз, анан мага батаңызды бериңиз»+,— деди. 32  Ыскак: «Сен кимсиң?» — деди. Ал: «Мен тун уулуңуз Эйсапмын»+,— деп жооп берди. 33  Ошондо Ыскак коркконунан калтырап: «Анда мага жапайы жаныбардын этин алып келген ким эле? Сен келердин алдында, мен ал апкелгендин баарын жеп, ага батамды берип койбодумбу. Эми ал бата алат!»+ — деди. 34  Атасынын сөздөрүн укканда Эйсап үнүн катуу чыгарып, муңдуу үн менен+: «Мага батаңызды бериңиз, ата, мага да бериңиз!»+ — деди. 35  Бирок атасы: «Бир тууганың сага деген батаны куулук менен алганы келген турбайбы»,— деди+. 36  Ошондо Эйсап: «Жакып* деген ат ага бекеринен коюлган эмес тура, ал мени ушуну менен эки жолу четке түртүп салды+. Мурун туңгучтугумду тартып алды эле+, эми батамды да тартып алды!»+ — деди. Анан: «Кантип эле мага бергенге батаңыз калган жок?» — деди. 37  Ыскак ага: «Мен аны сенин үстүңөн мырза кылып койдум+, бир туугандарынын баарын ага кызмат кылганга бердим+. Ага дан менен жаңы шарап бердим+. Эми сен үчүн эмне кыла алам, уулум?» — деди. 38  Бирок Эйсап: «Ата, кантип эле бир эле батаңыз болсун? Мага да батаңызды бериңиз, ата, мага да бериңиз!»+ — деп, өксөп ыйлады+. 39  Ыскак ага: «Сенин турак-жайың түшүмдүү жерлерден, асман шүүдүрүмү түшкөн жерлерден алыс болот+. 40  Өмүр бою колуңдан кылыч түшпөйт+, бир тууганыңа кызмат кыласың+. Бирок ага каршы чыгып, мойнуңдан анын моюнтуругун алып таштай турган убак келет»+,— деди. 41  Ошондо Эйсап атасы берген бата үчүн Жакыпка кек сактап калды+. Ал ичинен+: «Атамды жоктоп ыйлай турган күндөр жакындап калды+. Ошондон кийин бир тууганым Жакыпты өлтүрөм»+,— деп ойлоду. 42  Улуу баласы Эйсаптын сөздөрүн Ребекага айтып келишкенде, ал ошол замат кичүү баласы Жакыпты чакыртып, ага: «Бир тууганың Эйсап сага кек сактап, сени өлтүргөнү жүрөт+. 43  Ошондуктан, уулум, сөзүмө кулак сал+: Харандагы бир тууганым Лабандыкына качып кет+. 44  Агаңдын ачуусу тарагыча, ошол жерде жашай тур+. 45  Агаңдын ачуусу тарап, ага кылгандарыңды унутсун+. Анан мен киши жиберип, сени ал жактан чакыртып алам. Бир күндө экөөңөн тең ажырап калгым келбейт»,— деди. 46  Анан Ребека Ыскакка: «Хеттин кыздарынын айынан жашоого тоюп бүттүм+. Эгер Жакып да Хеттин ушундай кыздарынан, ушул жердин кыздарынан, аял ала турган болсо, анда жашоонун мага эмне кереги бар?» — деди+.

Шилтемелер

Мааниси: «согончоктон кармаган; башканын ордун ээлеген».