Башталыш 25:1—34
25 Ыбрайым дагы аял алды+. Анын аты Кетура эле.
2 Ал Ыбрайымга Зимран, Жокшан, Медан, Мидиан+, Ишпак, Шуах+ деген уулдарды төрөп берди.
3 Жокшандан Шеба+ менен Дедан+ төрөлдү.
Дедандан Ашурим, Летушим, Леумим төрөлдү.
4 Мидиандын уулдары: Эпа+, Эпер, Ханох, Абита, Элда+.
Булардын баары — Кетуранын уулдары.
5 Кийинчерээк Ыбрайым колундагысынын баарын Ыскакка берди+.
6 Ал эми токолдорунун уулдарына белектерди берип+, көзүнүн тирүүсүндө эле аларды уулу Ыскактан бөлүп+, Чыгыш жерине жөнөтүп жиберди+.
7 Ыбрайым бардыгы болуп 175 жыл жашады.
8 Ал узак жашап, өмүргө тоюп көз жумуп, ата-бабаларына кошулду+.
9 Уулдары Ыскак менен Ысмайыл анын сөөгүн Мамренин маңдайындагы, Хеттин тукумдарынан болгон Зохардын уулу Эпрондун талаасындагы Махпела үңкүрүнө коюшту+.
10 Ал талааны Ыбрайым Хет уулдарынан сатып алган болчу. Ошентип, Ыбрайым аялы Саара коюлган жерге коюлду+.
11 Ыбрайым көз жумгандан кийин, Кудай анын уулу Ыскакка батасын берди+. Ал Беир-Лакай-Роинин+ жанында жашады.
12 Ыбрайымдын уулунун, Сааранын күңү мисирлик Ажар+ төрөп берген Ысмайылдын, жашоосу жөнүндөгү билдирүү+.
13 Ысмайылдын уулдарынан алардын уруулары тараган. Анын уулдары булар: тун уулу — Небайот+, андан кийинкилери — Кедар+, Адбел, Мипсам+,
14 Мишма, Дума, Маса,
15 Адат+, Тема+, Жетур, Напиш, Кедма+.
16 Булар — Ысмайылдын уулдары, алардан он эки уруу тараган+. Алардын отурукташкан жерлери, таш дубалдар менен курчалган жайлары+ алардын аты менен аталган.
17 Ысмайыл 137 жыл жашады. Анан көз жумуп, ата-бабаларына кошулду+.
18 Анын тукумдары Мисирдин жанындагы Шурга+ жакын жайгашкан Хабиладан+ Ашурга чейинки аймакта чатырларда жашашты. Алар бардык бир туугандарынын жанына отурукташышты+.
19 Ыбрайымдын уулу Ыскактын жашоосу жөнүндөгү билдирүү+.
Ыбрайымдан Ыскак төрөлгөн.
20 Ал Падан-Арамдагы сириялык+ Бетуелдин кызын+, сириялык Лабандын бир тууганы Ребеканы, алганда кырк жашта эле.
21 Ыскак аялы жөнүндө Жахабадан жалындуу тиленчү+, анткени ал төрөбөс болчу+. Жахаба анын өтүнүчүн уккандыктан+, аялы Ребеканын боюна бүттү.
22 Курсагында жаткан балдары тепкилеше баштаганда+, Ребека: «Эгер ушундай боло турган болсо, жашоонун мага эмне кереги бар?» — деп, бул тууралуу Жахабадан сураганы барды+.
23 Жахаба ага: «Курсагыңда+ эки эл жатат, курсагыңдан эки башка эл чыгат+. Бири экинчисинен күчтүү болот+, улуусу кичүүсүнө кызмат кылат»+,— деди.
24 Акыры, ал ай-күнүнө жетип, көз жарды; курсагындагысы эгиз болуп чыкты+.
25 Биринчи болуп кызылы чыкты, анын бүт денеси түктүү кийим кийип алгандай эле+, ошондуктан атын Эйсап* коюшту+.
26 Андан кийин анын бир тууганы чыкты. Ал Эйсаптын согончогун кармай чыкты+, ошондуктан атын Жакып* коюшту+. Алар төрөлгөндө, Ыскак алтымыш жашта эле.
27 Балдар эр жетип чоңоюшту. Эйсап мыкты аңчы болуп+, көбүнчө талаада жүрдү. Жакып болсо көп убактысын чатырларда өткөрчү+. Ал адил киши болчу+.
28 Ыскак Эйсапты көбүрөөк жакшы көрчү, анткени ал жапайы жаныбарлардын этин алып келип турчу. Ребека болсо Жакыпты көбүрөөк жакшы көрчү+.
29 Бир күнү Эйсап талаадан чарчап келди. Жакып жасмыктан тамак бышырып жаткан эле.
30 Эйсап ага: «Мага батыраак кызылдан, тетиги кызылдан жегенге бере салчы, аябай чарчадым!» — деди. Ушундан улам ал Эдом* деген атка конду+.
31 Бирок Жакып: «Адегенде мага туңгучтук укугуңду сат»+,— деди.
32 Эйсап: «Өлөйүн деп араң турам, туңгучтуктан мага эмне пайда?» — деди.
33 Жакып ага: «Адегенде мага ант бер»+,— деди. Эйсап ага ант берип, туңгучтук укугун сатып жиберди+.
34 Ошондо Жакып ага нан, жасмыктан жасалган тамак берди. Эйсап жеп-ичти да+, ордунан туруп кетти. Ошентип, ал өзүнүн туңгучтук укугун баалаган жок+.
Шилтемелер
^ Мааниси: «түктүү».
^ Мааниси: «согончоктон кармаган; башканын ордун ээлеген».
^ Мааниси: «кызыл».