Башталыш 23:1—20

23  Саара 127 жыл жашады+.  Ал Кириат-Арбада+, башкача айтканда, Канаан+ жериндеги Хеброндо+ көз жумду. Ыбрайым чатырга кирип, аны жоктоп ыйлады.  Анан ал маркумдун жанынан кетип, Хет уулдарына+ барды да, аларга:  «Мен силердин араңарда жер которуп келген келгинмин+. Аялымдын сөөгүн коюш үчүн, мага аймагыңардан жер саткыла»+,— деди.  Хет уулдары ага:  «Мырзам, кулак салчы+. Сен биздин арабызда Кудай дайындаган башчысың+. Аялыңдын сөөгүн көрүстөнүбүздүн эң жакшысына кой+. Сага маркумуңду койгонго жер бергенден эч кимибиз аянбайбыз»+,— дешти.  Ошондо Ыбрайым ордунан туруп, ал жердин тургундарына, Хет уулдарына+, таазим кылып+:  «Эгер аялымдын сөөгүн ушул жерге коюшума каршы болбосоңор, анда сөзүмө кулак салып, Зохардын уулу Эпронго+ айтып көргүлө,  ал мага талаасынын четиндеги Махпела үңкүрүн+ сатсын. Аялымдын сөөгүн коюшум үчүн, ал жерди мага, канча турса, ошончо күмүшкө силердин көзүңөрчө сатсын»+,— деди. 10  Ошол жерде отурган Хет уулдарынын арасында Хеттин тукумдарынан болгон Эпрон+ да бар эле. Ал алардын жана шаар дарбазасынан киргендердин баарынын көзүнчө Ыбрайымга+: 11  «Жок, мырзам, кулак салчы. Сага талааны да, андагы үңкүрдү да берем. Аны сага элимдин уулдарынын көзүнчө берем+. Маркумуңду ошол жерге кой»,— деди. 12  Ыбрайым ал жердин тургундарына таазим кылып, 13  алардын көзүнчө Эпронго: «Сөзүмө кулак салчы, эгер кааласаң, сага талааң үчүн күмүш берейин, аны ал+. Мен аялымдын сөөгүн ошол жерге коёюн»,— деди. 14  Ошондо Эпрон ага: 15  «Мырзам, мени уксаң, ал жер 400 күмүш шекел* турат, бирок бул анча деле маанилүү эмес. Маркумуңдун сөөгүн коё бер»+,— деди. 16  Ыбрайым Эпрондун айтканын угуп, ал Хет уулдарынын көзүнчө канча десе, ошончо күмүш — көпөстөрдүн чен-өлчөмү боюнча, 400 күмүш шекел — тартып берди+. 17  Ошентип, Эпрондун Мамренин тушундагы Махпеладагы талаасы, андагы үңкүр, ошондой эле ал талаада өскөн бардык дарактар+ 18  Ыбрайымдын ээлигине өттү+. Ал аны Хет уулдарынын жана шаар дарбазасынан киргендердин баарынын көзүнчө сатып алды+. 19  Андан кийин Ыбрайым аялы Саараны Мамренин, башкача айтканда, Канаан жериндеги Хеброндун, маңдайындагы Махпела талаасындагы үңкүргө койду+. 20  Ошентип, ал талааны, андагы үңкүрдү Хет уулдары Ыбрайымдын ээлигине өткөрүп беришти. Ал аны сөөк коё турган жай кылды+.

Шилтемелер

Шекел еврейлердин негизги чен жана акча бирдиги болгон. Салмагы 11,4 г. Кара: 13-тирк.