Башталыш 17:1—27
17 Ыбрам токсон тогуз жашка чыкканда, Жахаба ага көрүнүп+: «Мен Кудурети Күчтүү Кудаймын+. Дайыма менин эркиме ылайык жаша*, кынтыксыз бол+.
2 Мен сени менен келишим түзүп+, укум-тукумуңду абдан көбөйтөм»+,— деди.
3 Ошондо Ыбрам жүзтөмөндөп жыгылды+. Кудай ага мындай деди:
4 «Мен сени менен келишим түздүм+, сен көптөгөн элдердин атасы болосуң+.
5 Сенин атың мындан ары Ыбрам* эмес, Ыбрайым* болот, анткени сени көптөгөн элдердин атасы кылам.
6 Укум-тукумуңду абдан көбөйтүп, сенден элдерди чыгарам, сенден падышалар чыгат+.
7 Сенин жана сенин тукумуңдун Кудайы болушум үчүн, келишимимди — сени менен, келечектеги тукумдарың+ менен түбөлүккө түзгөн келишимимди+ — аткарам+.
8 Сен келгин болуп жашап жаткан бул жерди, бүт Канаан жерин, сага жана сенин тукумуңа түбөлүккө берем+. Мен алардын Кудайы болом»+.
9 Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди: «Сен болсо менин келишимимди сакта, сен да, келечектеги тукумдарың да сактасын+.
10 Силер менен, силердин тукумдарыңар менен түзүлгөн, силер сактай турган келишимим бул+: бардык эркектериңер сүннөткө отургузулсун+.
11 Сүннөткө отургузулгула, бул силер менен түзгөн келишимимдин белгиси болот+.
12 Үйүңдө төрөлгөн ар бир эркек бала жана сенин тукумуңан болбогон бөтөн жерликтерден акчага сатылып алынган ар бир эркек бала төрөлгөнүнө сегиз күн болгондо сүннөткө отургузулсун+. Бул муундан муунга сакталсын.
13 Үйүңдө төрөлгөн эркектердин, акчага сатылып алынган эркектердин ар бири сөзсүз сүннөткө отургузулсун+. Денеңерде белгиси бар ушул келишимим түбөлүккө түзүлгөн келишим болот+.
14 Сүннөткө отургузулбаган эркек* элинин арасынан жок кылынсын+, анткени ал менин келишимимди бузган болот».
15 Анан Кудай Ыбрайымга: «Аялың Сараны Сара* дебе, эми анын аты Саара* болот+.
16 Ага батамды берем, ал сага уул төрөп берет+. Мен ага батамды берем, ал көптөгөн элдер+ менен падышалардын энеси болот»+,— деди.
17 Ошондо Ыбрайым жүзтөмөндөп жыгылды. Анан: «Кантип эле жүзгө чыккан киши балалуу болсун? Кантип эле токсондогу Саара төрөсүн?»+ — деп ичинен күлдү+.
18 Анан ал чыныгы Кудайга: «Сенин алдыңда Ысмайыл эле тирүү жүрсө экен!»+ — деди.
19 Кудай ага мындай деди: «Чын эле, аялың Саара сага уул төрөп берет, анын атын Ыскак* коёсуң+. Мен аны менен анын тукумдары үчүн түбөлүккө келишим түзөм+.
20 Мен сенин Ысмайыл жөнүндөгү суранычыңды да уктум. Ага батамды берип, укум-тукумун көбөйтөм, анын тукуму абдан көп болот+. Андан он эки уруу башчысы төрөлөт. Мен андан улуу эл чыгарам+.
21 Бирок мен келишимимди эмки жылы ушул убакта сага Саара төрөп бере турган+ Ыскак менен түзөм»+.
22 Ошентип, Кудай сөзүн аяктап, Ыбрайымдын жанынан кетти+.
23 Ыбрайым уулу Ысмайылды жана үйүндөгү эркек аттуунун баарын, үйүндө төрөлгөндөр менен акчага сатылып алынган эркектердин бардыгын, ошол күнү, Кудай айткандай, сүннөткө отургузду+.
24 Сүннөткө отургузулганда+ Ыбрайым токсон тогуз жашта эле.
25 Ал эми уулу Ысмайыл сүннөткө отургузулганында он үч жашта эле+.
26 Ошол күнү Ыбрайым да, уулу Ысмайыл да сүннөткө отургузулду+.
27 Ошондой эле анын үйүндөгү эркектердин баары, үйүндө төрөлгөндөр менен бөтөн жерликтерден акчага сатылып алынган эркектердин бардыгы, аны менен чогуу сүннөткө отургузулду+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Менин алдымда жүр».
^ Мааниси: «улуулуктун атасы».
^ Мааниси: «көптүн атасы».
^ Сөзмө-сөз: «жан».
^ Сыягы, «урушчаак» дегенди билдирет.
^ Мааниси: «каныша».
^ Мааниси: «күлкү».