Башталыш 16:1—16
16 Ыбрамдын аялы Сара төрөбөс болчу+. Анын Ажар+ деген мисирлик күңү бар эле.
2 Сара Ыбрамга: «Жахаба мага бала берген жок+, ошондуктан күңүмө жакында. Балким, ал мага бала төрөп берер»+,— деди. Ыбрам анын айтканына макул болду+.
3 Ошентип, Ыбрамдын Канаан жеринде жашаганына он жыл болгондо, аялы Сара Ажар деген мисирлик күңүн ага аялдыкка берди+.
4 Ыбрам Ажарга жакындап, анын боюна бүттү. Боюна бүткөнүн билгенде ал мырзайымын тоготпой баштады+.
5 Ошондо Сара Ыбрамга: «Көргөн кордугума сен күнөөлүүсүң. Күңүмдү сага* берсем, ал боюна бүткөнүн билип, мени тоготпой калды. Эми сен экөөбүзгө Жахаба өзү сот болсун»+,— деди.
6 Ыбрам ага+: «Мына, күңүң сенин колуңда. Эмне кылам десең, өзүң бил»+,— деди. Сара Ажарды басынта баштады. Ажар андан качып кетти+.
7 Бир нече убактан кийин Жахабанын периштеси+ ага ээн талаадагы булактан, Шурга+ кеткен жолдогу булактын жанынан, жолугуп:
8 «Ажар, Саранын күңү, кайдан келдиң, каякка баратасың?» — деп сурады. Ал: «Мырзайымым Сарадан качып баратам»,— деп жооп берди.
9 Жахабанын периштеси: «Мырзайымыңа кайра бар да, ага баш ий»+,— деди.
10 Анан Жахабанын периштеси: «Сенин укум-тукумуңду+ сан жеткис кылып көбөйтөм»+,— деп айтты.
11 Жахабанын периштеси дагы мындай деди: «Мына, азыр сенин боюңда бар. Сен уул төрөп, атын Ысмайыл*+ коёсуң, анткени Жахаба кайгы-муңуңду укту+.
12 Уулуң жапайы эшектей* болот. Ал бардыгына каршы чыгат, бардыгы ага каршы чыгат+. Ал бир туугандарынын жанында жашайт»+.
13 Ажар өзү менен сүйлөшкөн Жахабага: «Сен бардыгын* көрүп турган Кудайсың»+,— деп кайрылды. Анткени ал: «Чын эле бул жерден мени көргөндү көрдүмбү?» — деп ойлогон эле.
14 Ошондуктан ал кудук Беир-Лакай-Рои*+ деп аталып калган. (Ал Кадеш менен Береттин ортосунда жайгашкан.)
15 Ажар Ыбрамга уул төрөп берди. Ыбрам уулунун атын Ысмайыл+ койду.
16 Ажар Ысмайылды төрөгөндө, Ыбрам сексен алты жашта эле.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «көкүрөгүңө».
^ Мааниси: «Кудай угат».
^ Же: «онагр», жапайы эшектин түрү. Айрымдардын ою боюнча, «зебра». Сыягы, бул анын көз карандысыздык рухун чагылдырарын көрсөткөн.
^ Же: «мени».
^ Мааниси: «мени көрүп турган Тирүүнүн кудугу».