Башталыш 15:1—21
15 Ошол окуялардан кийин Жахаба аян аркылуу+ Ыбрамга: «Коркпо+, Ыбрам. Мен сенин калканыңмын+. Сен ала турган сыйлык абдан чоң»,— деди+.
2 Буга Ыбрам: «Эгедер Теңир Жахаба, мага эмне бересиң? Мына, мен баласыз өтүп баратам, үйүм дамасктык Элиезерге+ калат»,— деди.
3 Анан: «Сен мага тукум+ берген жоксуң, ошондуктан менин мураскорум үйүмдөгү кулум болот»+,— деди.
4 Ошондо Жахаба: «Ал сенин мураскоруң болбойт, сенин мураскоруң сенден төрөлгөн балаң болот»+,— деди.
5 Андан соң аны чатырдын сыртына чыгарып: «Асманды карачы, эгер санай алсаң, жылдыздарды санап чыкчы»+,— деди. Анан: «Сенин тукумуң ушунча болот»+,— деп кошумчалады.
6 Ыбрам Жахабага ишенди+, ошондуктан Ал аны адил деп эсептеди+.
7 Анан Кудай: «Мен ушул жерди сага ээликке бериш үчүн+ сени каздимдиктердин Ур шаарынан алып чыккан Жахабамын»,— деп айтты.
8 Ыбрам андан: «Эгедер Теңир Жахаба, бул жерге ээлик кыларымды эмнеден билем?»+ — деп сурады.
9 Кудай ага: «Үч жашар кунажын, үч жашар эчки, үч жашар кочкор, бактек жана жаш көгүчкөн алып кел»+,— деди.
10 Ыбрам алардын баарын алып келди да, канаттуулардан башкасын экиге бөлүп+, бөлүктөрдү бири-биринин тушуна койду.
11 Ошондо этке куштар учуп келе баштады+, Ыбрам аларды кубалап жатты.
12 Бир нече убактан кийин, күн бата баштаганда, Ыбрамды катуу уйку басты+, аны үрөй учурган коюу караңгылык каптады.
13 Ошондо Кудай ага мындай деди: «Билип кой, сенин тукумуң бөтөн жерде келгин болуп+, ал жердегилерге кызмат кылат. Алар сенин тукумуңду 400 жыл кысымга алышат+.
14 Бирок мен алар кызмат кыла турган элди соттойм+, ошондон кийин алар ал жерден көп мүлк менен чыгышат+.
15 Сен болсо узак өмүр сүргөндөн кийин тынчтыкта көз жумуп, ата-бабаларың жаткан жайга коюласың+.
16 Бул жакка тукумдарыңдын төртүнчү мууну кайтып келет+, анткени аморлуктарды күнөөсү үчүн жазалаганга али убакыт келе элек»+.
17 Күн батып, коюу караңгылык каптаганда, экиге бөлүнгөн жаныбарлардын ортосунан түтүн чыккан меш менен жалындаган шамана өттү+.
18 Ошол күнү Жахаба Ыбрам менен мындай деп келишим түздү+: «Бул жерди, Мисир дарыясынан тартып улуу дарыяга, Эфрат дарыясына+, чейин сенин тукумдарыңа берем+:
19 кейниликтердин+, Кенездин тукумдарынын, кадмондордун,
20 Хеттин тукумдарынын+, периздердин+, репаимдердин+
21 аморлуктардын, канаандыктардын, гиргаштардын, жебустуктардын+ жерин берем».