Эркиңди аткаргым келет! (Региондук жыйындын ыры, 2025)
Жүктөп алуу
1. Иордандан Уулуң чыкканда
Керемет үнүңдү уккан.
Кубанычы ташып, эркиңди
Аткарууга ашыккан.
Алдырган эмес азгырыкка,
Ыйык сактап атыңды.
Сен деп жанын берген Исадай
Болгум келет мен дагы.
КАЙЫРМА
Эркиңди аткаргым келет!
Буга эч нерсе тең келбейт!
Бүкүл жаным, күч-кубатым
Арнайм сага, Кудайым!
Эркиңди аткаргым келет!
Үмүтүм мага дем берет.
Сенин сүйүүң — менин күчүм.
Даңктайм сени күнү-түн
Сүйүүң үчүн!
2. Сени таанып-билгенден бери
Жүрөгүмдө бакыт жашайт.
Эми күбөң болуп мен сенин,
Чындык сөзүң жар салам!
Досторум бар таяна турган,
Колдоп турат дайыма.
Аталганыма атың менен
Сыймыктанам, Жахаба!
КАЙЫРМА
Эркиңди аткаргым келет!
Буга эч нерсе тең келбейт!
Бүкүл жаным, күч-кубатым
Арнайм сага, Кудайым!
Эркиңди аткаргым келет!
Үмүтүм мага дем берет.
Сенин сүйүүң — менин күчүм.
Даңктайм сени күнү-түн
Сүйүүң үчүн!
Даңктаймын күнү-түн!
(Кара: Заб. 40:3, 10)

