ОЛЕГ РАДЗИМИНСКИЙ | ӨМҮР БАЯН

Темир тор мени Жахабадан ажырата алган жок

Темир тор мени Жахабадан ажырата алган жок

 Ата-энем Украинадан Сибирге сүргөнгө айдалган экен. Мен 1964-жылы ошол жакта төрөлгөм. Чоң ата-чоң апам, таята-таенем, ата-энем Жахаба Кудайга берилип кызмат кылган кишилер болчу. Ошон үчүн далай кыйынчылыкты баштарынан кечиришкен. Айрымдарына түрмөгө отурганга туура келсе да, Жахабадан баш тартышкан эмес. Мисалы, таятам райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылганы үчүн жети жылга кесилип кеткен. Кийин эр жеткенде мен да сот алдына бардым. Менин да Кудайга болгон ишенимим бир топ сыналды.

 1966-жылы кайрадан Украинага көчүп бардык. Балалыгым ошол жакта өттү. Төрт жашымда апамды ээрчип түрмөдө отурган таятама барганым эсимде. Апам экөөбүз Украинадагы Кривой Рогдон поездге отуруп, Борбордук Орусиядагы Мордова түзөтүү абагына барганбыз. Жолго аябай көп убакыт кеткен. Бирок таятам менен жолугуп-сүйлөшкөнгө эки эле саат беришкен. Жаныбызда сакчы карап турган. Ошентсе да ал таятама мени тизесине алып отурганга уруксат берген.

Мектепте окуп жүргөндө таянар тоом Жахаба болчу

Иним Михайло экөөбүз (оңдо)

 Бала кезимде эле ишенимим сыналып, Жахабага таянышым керек болгон учурлар көп болгон. Алсак, 1-класстан баштап эле окуучулар мектепке кийген кийимине жаш Лениндин сүрөтү тартылган беш бурчтуу орден тагынышы керек болчу a. Чоң класстардан болсо кызыл жагоо тагынуу талап кылынчу. Бул алардын Лениндин идеологиясын колдогонун көрсөтчү. Мен алардын бирин да тагынган эмесмин. Анткени бир гана Жахаба Кудайга берилгендик сакташым керектигин билчүмүн.

 Ата-энем мага жакшы жардам берди. Ошон үчүн Жахабага кызмат кылам деп өзүм чечтим. Алар эмне үчүн аскерге барбай турганыбызды да түшүндүрүп беришти. «Мектепте жакшы оку, Жахабаны ошентип да даңктайсың»,— деп көп айтышчу.

 Бир күнү мындай окуя болду. Мектепке «Илим жана дин» деген журналдын редактору лекция окуганы келди. Негизи, ал журнал атеисттик көз карашты жайылткан журнал болчу. Редактор окуучуларды Кудай жок дегенге ишендириш үчүн келиптир. Ошондо мугалимдер мени эң алдына отургузуп коюшту.

 Ошентип, лекция бүттү. Мугалимдер редактор мени менен сүйлөшсүн деп, мени анын алдына алып барышты. Ал менден: «Сен кайсы динди тутасың?» — деп сурады. Мен буйдалбастан: «Жахабанын Күбөсүмүн!» — деп жооп бердим. Ал кунт коюп укканыма ыраазычылык билдирип, башка эчтеке деп айтпай эле кетип калды. Мугалимдер ал мени урушат деп күтүшкөн окшойт, ошон үчүн жаман болуп эле туруп калышты.

Үй-бүлөбүз менен Жахабага таянчубуз

 Үй-бүлөбүз менен Жахабага таянчубуз. Анткени Ыйык Китепке негизделген адабияттарды биздин үйдөн басып чыгарчубуз, анан аларды башкаларга жеткирчүбүз. Атам райондук көзөмөлчү болуп Борбордук Украинадагы жыйналыштарды, топторду кыдырчу.

 Бир жолу дагы бир окуя болду. 1978-жылдын февраль айы болчу. Түштөн кийин мектептен келсем, үйүбүз астын-үстүн болуп калыптыр. Көрсө, милициялар келип, үйүбүздү тинтип, Ыйык Китепке негизделген адабияттарыбыздын баарын алып кетишиптир. Ошондон эки күн өткөндөн кийин эле иним Павлик төрөлдү.

 Милициялар келип кеткенден кийинки эле күнү мектепке барсак, мугалимдер иним Михайло экөөбүзгө бир башкача карап калышыптыр. Алар бизди америкалык тыңчылардын балдары деп ойлоп алышыптыр. Чынын айтсам, ошондо аябай күлкүм келген. Көп өтпөй эле алар андай эмес экенин түшүнүштү. Керек болсо кийинчерээк кээ бир классташтарым Жахабанын Күбөсү болушту.

 1981-жылы милициялар үйүбүздү дагы тинтишти. Ошондо мен 18ге чыга элек болчумун. Ага карабай мени атам, чоң атам менен чогуу суракка алыш үчүн алып кетишти. Суракка алып жаткан милиция кызматкери мени кесилип кетесиң деп коркутту. Милиция кийимин кийбеген башка кызматкер болсо: «Кел, экөөбүз сүйлөшөлү. Эгер биз менен иштешсең, өзүңө эле жакшы болот» — деп, бал тилге салганга аракет кылып атты. Ошондо мага бирөөсү кичинекей баланы сабайм деп коркутуп жаткан кишидей, экинчиси момпосуй берем деп алдап жаткандай эле сезилди. Алар атаң, таятаң, байкелериң, таекелериңдей болуп түрмөдө чирийсиң деп айтып атышты. Мага болсо алардын сөзү майдай жакты. Ичимен: «Демек, мен да түрмөгө түшүп калсам, атамдардай болуп, Жахабанын жардамы менен көтөрүп кете алат экенмин да»,— деп чыйралып жаттым (Филипиликтерге 4:13).

Солдон оңго: атам, мен, Павлик, апам, Михайло (түрмөгө камалганыма чейин)

Түрмөдө таянар жалгыз тоом Жахаба болду

 18ге чыгарым менен эле аскерге чакырылып калдым. Албетте, аскер кызматын өтөгөндөн баш тарттым. Ошондо мени тергөө камак жайына алып кетишти. Ал жактан 85тей киши отурган чоң камерага камап коюшту. Камерада 34 эле керебет бар экен. Түнкүсүн алар кезектешип укташчу экен. Жумасына бир эле жолу чайканып-жуунчубуз.

 Ошентип, мени камерага киргизишти. Темир эшик тарс жабылды. Баары шарт бурулуп, мени тигиле карап калышты. Анан бурчта отурган бир киши: «Биякка эмне болуп түшүп калдың?» — деп сурады. Ошондо ичимен коркуп кеттим. Дароо эле Даниел пайгамбарды эстедим. Аны арстандар жаткан орго ыргытышса да, эч кандай зыян тарткан эмес. Бул мага Жахабага таянганга жардам берди. Жан дүйнөм кадимкидей тынчый түштү. Ошондон кийин тиги кишинин суроолоруна коркпой, жайбаракат жооп бере алдым (Ышая 30:15; Даниел 6:21, 22).

 Кечки тамактан кийин камерадагы бир киши Жахаба Кудай, Ыйык Китеп жөнүндө толтура суроолорду бере баштады. Бир маалда байкасам, камерадагылардын баары демин ичине катып, бизди кулак түрүп угуп отурушуптур. Тиги киши экөөбүз төрт-беш сааттай сүйлөштүк. Ошондо Жахабанын ушинтип жардам бергенине аябай ыраазы болгом!

 Сот башталганга чейин Жахабадан акылмандык, кайрат беришин сурап тилендим. Анткени сотто эмнеге ишенеримди, эмне үчүн ишенеримди так-айкын түшүндүрүп бергим келген. Ишим каралып жатканда айыптоочу «сен аскер кызматын өтөгөндөн качыш үчүн эле Кудайга ишенериңди бетиңе кармап жатасың» дегендей ойлорду айтты. Мен болсо эгер аскерге барсам, ааламдагы эң кубаттуу Кудайдын жүрөгүн оорутарымды түшүндүргөнгө болушунча аракет кылдым. Бирок сот мени айыптуу деп таап, 1982-жылы эки жылга кесип жиберди.

 Бактыма, мен барган түрмөдө беш Жахабанын Күбөсү бар экен. Бирок биз кенен-кесир сүйлөшө алчу эмеспиз, буга бир-эки эле мүнөтүбүз болчу. Ошон үчүн башыбыз кошула калса эле, Кудайдын Сөзүндөгү аяттарды талкуулачубуз. Эч кимибизде Ыйык Китеп жок болчу. Үйдөгүлөрүбүз, досторубуз жазган каттарына аяттарды да кошуп коюшчу. Кээде түрмөнүн китепканасындагы китеп-журналдарды окуп жатып аяттарды таап алчубуз.

Ооруканага жатып калганда Жахабага таяндым

 1983-жылы, түрмөдө отурганымда, бир кырсыкка кабылдым. Иштеп жаткан болчубуз. Бир маалда эле крандан 2 тонналык темир түшүп кетти. Ал аркаман тийгендиктен, жерге жыгылып түштүм. Сол бутум жанчылып калыптыр.

 Жанымдын сыздаганын айтпагыла. Жахабадан чыдаганга күч берчи деп жалбарып тиленип жаттым. Түрмөдөгү медайым: «Кыйкырып сөгүнүп-сөгүнүп ал, жеңилдеп каласың»,— деди. Бирок мен үнүмдү болушунча чыгарып, жыйналышта ырдаган ырларды ырдадым.

 Түрмөдөн чоң машинеге салып алып чыгышты, анан кайыкка отурдук, аягында тез жардам машинесине салышты. Ошентип, ооруканага алты саат дегенде араң жеттик. Көп кан кетти. Жолдо баратканда операциядан башка арга жок экенин түшүндүм. Ошон үчүн Жахабадан доктурга кан куйдурбай турганымды түшүндүрүп бере алсам экен, ал эпке-сөзгө келген доктур болсо экен деп тиленип бараттым. Ооруканага келгенде доктурдан операцияны кан куйбай жасап бериңизчи деп сурандым. Ал мени уккусу да келген жок. Бирок мен операция кандай болбосун, жоопкерчилик менде болот, өтүнүчүмдү эле аткарып коюңузчу деп сурандым. Ал ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры, макул болду. Ошондо ушундай бир жеңилдей түштүм! Бирок, тилекке каршы, сол бутумду жарым-жартылай кескенге туура келди.

 Операциядан кийин алым кетип, аябай кыйналдым. Бир нече жума бою өмүрүм кылдын учунда турду. Бир күнү түштөн кийин медайым, тезирээк сакайып кетишим үчүн, түрмөнүкүнөн жакшыраак тамак берип турушарын айтты. Алар мага тамакты жакын жердеги муздаткычтан алып келип беришчү. Ошентип, мага күн сайын бир кашык бал, жаңы бышкан жумуртка, май сүйкөлгөн нан берип жатышты. Көрсө, ата-энем кырсыктап калганымды билгенде ооруканага ушуларды алып келип турушуптур. Бирок ооруканадагы сакчы ата-энем алып келгендин баарын эле мага берчү эмес. Анткени ага кээ бир эле азык-түлүктөрдү аласың, калганын албайсың деп чек коюп коюшуптур.

 Ошого карабай Жахаба мага сонун кам көрүп жатты, анткени, Ыйык Китепте айтылгандай, анын колу кыска эмес (Ышая 59:1). Бутумду таңган бинтти алышкандан кийин, медайымдар мага өздөрүнүн тамагынан да бере башташты. Муздаткычтагы мага бөлүнгөн тамак-ашты да дайыма толуктап турушчу. Ошол кезде өзүмдү Ыйык Китепте айтылган кумарадагы уну менен майы түгөнбөгөн жесир аялдай эле сезгем (Падышалар 1-китеп 17:14—16).

 Убакыттын өтүшү менен акырындап сакая баштадым. Үйдөгүлөрдөн, досторуман, башка түрмөлөрдө отурган боордошторуман 107 кат алдым. Алардагы сөздөр мени күч-кайратка толтурду. Каттардын баарына жооп бердим.

 Ооруканага жаткандан бери жууна элек болчумун. Эки ай өткөндөн кийин араң жуундум. Жакшы боло баштаганда түрмөдө чогуу отурган боордошторумду сагынып, эртерээк эле аларга барсам экен дей баштадым.

 Ооруканадан чыгайын деп жатканда бир доктур мени кабинетине чакырды. Ал эмнеге ишенерим жөнүндө көп суроолорду берди. Анан аягында: «Ушунуңан жазба»,— деди. Милициянын кийимин кийген кишиден ушундай сөздөрдү укканда таң калбай койбойт экенсиң.

 1984-жылы апрелде түрмөдөн бошотулар-бошотулбасыма байланыштуу маселе көтөрүлүп, түрмөнүн жетекчилеринин алдына алып барышты. Алар менден: «Эркиндикке чыккандан кийин аскерге барасыңбы?» — деп сурашты. Мен бир бутум жок, балдак менен тургам. Алар суроосунун орунсуз экенин өздөрү эле түшүнүштү окшойт. Ошон үчүн: «Эгер алты саның аман болсо, барат белең?» — деп сурашты. Мен болсо барбай турганымды, Кудайыман баш тартпай турганымды айттым. Ошондо алар түрмөгө канчага кесилсең, ошончо убакыт, акыркы саатына чейин, отурасың дешти. Бирок мен мөөнөтүмөн эки ай, 12 күн эрте бошотулдум.

Түрмөдөн чыккандан кийин Михайло экөөбүз (оңдо) түшкөн сүрөт

Түрмөдөн чыккандан кийин да Жахабага таяна бердим

 Абактан бошонгондон бир жыл өткөндөн кийин жасалма бут тактырдым. Аны кийиш үчүн күн сайын эртең менен бир сааттай алышчумун. Кышкысын өзүнчө эле азап болчу. Анткени кан жакшы айланбагандыктан, бутум таштай муздак болуп турчу. Акыркы жолу 19 жашымда чуркаганым эсимде. Кудай орното турган бейиш заманда кайрадан чуркай турган күнүмдү көп элестетем (Ышая 35:6).

Үйлөнгөн күнүбүз

 Майып болгонум үчүн жумуш табыш оңой болгон жок. Көптөр жумушка алышчу эмес. Бирок жасалма бут кийгениме карабай эч качан отурган жумушта иштеген жокмун. Бир канча убакыт бою машине оңдоп иштедим. Кийинчерээк курулушта да иштеп калдым.

 1986-жылы Светлана деген жакшынакай кызга үйлөндүм. Экөөбүз сүйлөшө баштаганда эле Жахабаны, анын ишин жашообузда дайыма биринчи орунга коёбуз деп сүйлөшүп алганбыз. Светлана ошентип туура кылыптырбыз деп көп айтып калат.

 Биз эски үйдө жашачубуз. Аны оңдойлу деп чечтик. Кызым Оля менен уулум Володя мага жардам беришти. Ошентип мага кол кабыш кылып жатып эле курулуш ишин өздөштүрүп алышты. Кийин чоңойгондо жыйналыштар, жыйындар өткөрүлгөн залдарды курганга катышып жүрүштү. Убакыттын өтүшү менен Кудайдын Сөзүндөгү жакшы кабарды жарыялаганга көбүрөөк убактысын арнай башташты. Оля азыр деле Жахабанын уюмунун курулуш долбоорлоруна катышып жүрөт. Володя болсо аксакал болуп кызмат кылат.

Күйөө балабыз Олег менен кызыбыз Оля, Светлана экөөбүз, келинибиз Анна менен уулубуз Володя

 Баш кошкон күндөн тартып эле Светлана мага өйдөгө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келет. Анын жардамы менен жыйналыштагы милдеттеримди жакшы аткарып келатам. 1990-жылдары Украинадагы көптөгөн жыйналыштарда 200дөн ашык жарчы бар болчу. Бирок аларда бир же эки эле аксакал кызмат кылчу. Ошол мезгилдерде айына бир жолу борбордук Украинадагы жыйналыштарга адабияттарды жеткирип кызмат кылып калдым.

Дагы деле Жахабага таянып келем

 2022-жылы Светлана экөөбүз Кривой Рогдон көчүп кетели деп чечтик. Азыр Австриядагы жыйналыштардын биринде Кудайга кызмат кылып жатабыз.

 Жаш кезимен эле туугандарымдын көбү мага жакшы өрнөк болду. Алар турмуштун ысык-суугуна чыдап, Жахабага берилгендик менен кызмат кылышты. Кудайдын Сөзүн изилдегеним мага Жаратканды жакшыраак таанып-билгенге, аны менен ынак мамиле өрчүткөнгө жардам берип келет (Жакыптын каты 4:8). Мына так ушул нерсе — жашоомдун маңызы. Башыман эмнелерди гана өткөргөн жокмун. Ошентсе да Жахаба Кудайды даңктай алганыма сүйүнөм. Анткени ал буга татыктуу.

Светлана экөөбүз Австрияда

a Владимир Ленин Орусиянын Коммунисттик партиясынын негиздөөчүсү жана Советтер Союзунун алгачкы жетекчиси болгон.