11-БӨЛҮМ
«Кубанып, ыйык рухка толо беришти»
Пабылдын жакшы кабарга кулак какпагандарга жасаган мамилеси
Элчилер 13:1—52-аяттарга негизделди
1, 2. Барнаба менен Шабыл кандай өзгөчө тапшырма алган жана алардын кызматы Элчилер 1:8деги сөздөрдүн аткарылышына кандайча өбөлгө түзгөн?
АНТИОХИЯ жыйналышындагылар кубанып жатышат. Жахаба ыйык руху аркылуу жыйналыштагы пайгамбарлардын жана окутуучулардын арасынан Барнаба a менен Шабылды алыскы аймактарга кабар айтканга тандап алды (Элч. 13:1, 2). Негизи, буга чейин деле айрым эркектер алыс жактарга жиберилчү. Болгону, алар Исанын жолдоочулары бар жерлерге барышчу (Элч. 8:14; 11:22). Ал эми бул жолкусунда Барнаба, Шабыл жана Марк жакшы кабар жете элек жерлерге жөнөтүлүшөт.
2 Мындан 14 жылдай мурун Иса шакирттерине: «Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр»,— деп айткан (Элч. 1:8). Барнаба менен Шабылдын алыскы жерлерге жөнөтүлгөнү Исанын ушул сөздөрүнүн аткарылышына өбөлгө түзгөн b.
Кудай аларды «бир ишке тандап алган» (Элчилер 13:1—12)
3. 1-кылымда жол жүрүү эмнеси менен оор болгон?
3 Бүгүнкү күндө машине же самолёт менен алыс жерлерге бир-эки саатта эле жетсе болот. Ал эми 1-кылымда мындай болгон эмес. Ал учурда көбүнчө жөө, болгондо да өңгүл-дөңгүл жолдор менен жүрүшчү. Бир күндө араң дегенде 30 километр жолду басып өтө алышчу c. Барнаба менен Шабыл узак сапар көп күчтү аларын, оңой эмес болорун түшүнсө да, Кудай тапшырган ишти аткарганга даяр болушкан (Мт. 16:24).
4. а) Барнаба менен Шабыл кантип тандалган жана ишенимдештери аларга кандай караган? б) Сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгондорго кантип колдоо көрсөтө алабыз?
4 Эмне себептен Кудай Барнаба менен Шабылды тандап алган? (Элч. 13:2). Анын себеби Ыйык Китепте айтылбайт. Бир билгенибиз, алар ыйык рухтун жетеги менен тандалган. Элчилер китебинде Антиохиядагы жыйналыштагы пайгамбарлар менен окутуучулар буга каршы болгону айтылбайт. Тескерисинче, алар толук колдошкон. Ишенимдештери «орозо тутуп, тиленгенден кийин... экөөнүн үстүнө колдорун коюп, жөнөтүшкөн». Кымындай да көрө албастык кылган эмес. Ошондо Барнаба менен Шабыл кадимкидей кайраттанышса керек (Элч. 13:3). Биз да жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликке ээ болгондорду, анын ичинде аксакал болуп дайындалгандарды колдошубуз абзел. Аларга көрө албастык кылбай, «кылган эмгеги үчүн өзгөчө урматтап», сүйүшүбүз керек (1 Тес. 5:13).
5. Барнаба менен Шабыл Кипрде кантип кабар айтышкан?
5 Барнаба менен Шабыл Антиохиянын жанындагы порттуу шаар Селекияга жөө жетишет. Анан ал жактан кемеге түшүп 200 километрдей d алыстыкта жайгашкан Кипр аралына жөнөшөт. Кипр Барнабанын киндик каны тамган жери болгондуктан ал мекендештерине жакшы кабарды жеткиргиси келсе керек. Алар аралдын чыгышында жайгашкан Саламиске келишкенде убакытты текке кетирбей, дароо жүйүттөрдүн синагогаларында e «Кудайдын сөзүн жарыялай башташкан» (Элч. 13:5). Барнаба менен Шабыл Кипрдин бир башынан экинчи башына жол жүрүп, чоң-чоң шаарларда жакшы кабарды таратышат. Баш-аягы алар 160 километрдей жөө басышкан.
6, 7. а) Сергий Пабыл ким болгон жана эмне үчүн Бариса ага жакшы кабарды угууга тоскоолдук кылган? б) Бариса каршылык көрсөткөндө, Шабыл эмне кылган?
6 1-кылымда Кипрде жалган дин кеңири тараган эле. Муну Барнаба менен Шабыл аралдын батыш жээгинде жайгашкан Пафоско келгенде байкашкан. Алар ал жерден жүйүттөрдөн чыккан «көз байлоочу жана жалган пайгамбар» болгон Бариса деген кишиге жолугушкан. Ал «Сергий Пабыл деген аймак акимине кызмат кылчу» f. 1-кылымда Сергий Пабыл сыяктуу билимдүү, «түшүнүгү терең кишилер» маанилүү чечим чыгарарда көз байлоочуларга же астрологдорго кайрылышчу. Сергий Пабыл Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарга кызыгып, «Кудайдын сөзүн аябай уккусу келген». Бирок «көз байлоочу» дегенди билдирген Элима деген да аты бар Барисага Сергий Пабылдын жакшы кабарга кызыкканы жаккан эмес (Элч. 13:6—8).
7 Ошондуктан Сергий Пабыл «Мырзабызга ишенип калбашы үчүн» Бариса каршылык көрсөткөн. Анткени ошенткенде гана кеңешчи катары ээлеген абалын сактап калмак (Элч. 13:8). Бирок Шабыл ал сыйкырчынын акимдин кызыгуусун суутуп салышына жол берген эмес. Ал эмне кылган? Элчилер китебинен мындай дегенди окуйбуз: «Ошондо Пабыл деген да аты бар Шабыл Кудайдын ыйык рухуна толуп, аны [Барисаны] тигиле карады да: „О, ичи жалгандык менен арамдыкка толгон адам. Сен Ибилистин уулусуң, бардык адил нерсенин душманысың. Жахабанын окууларын эмнеге бурмалап жатасың?! Мына, Жахаба сени жазалайт. Ошондуктан сокур болуп, бир нече убакка чейин күндүн жарыгын көрбөй каласың“,— деди. Ошол замат Барисанын көзү тумандап, коюу караңгылык басып калгандай болуп эч нерсе көрбөй калды. Ал темселеп, колунан жетелей турган бирөөнү издей баштады» g. Бул окуянын натыйжасы кандай болгон? «Жахаба жөнүндө билгендерине абдан таң калган аймак акими муну көргөндө Мырзабызга ишенип калган» (Элч. 13:9—12).
8. Эр жүрөк болуу жагынан Пабылдан кандай үлгү алсак болот?
8 Пабыл Барисадан корккон эмес. Биз да жакшы кабарга кызыккандарга тоскоолдук кылгандардан коркпой, чындыкты жакташыбыз керек. Албетте, сөзүбүз «дайыма жагымдуу, туз кошулгандай даамдуу болушу» абзел (Кол. 4:6). Ошол эле учурда башкалардын жактырбай жатканына карабайбыз. Жахаба жөнүндө билгиси келгендерге жардам бере беребиз. Жалган диндегилер, Барисадай болуп, «Жахабанын окууларын» бурмалайт. Биз алардын туура эмес иштерин айткандан коркпошубуз керек (Элч. 13:10). Келгиле, Пабылдан үлгү алып, чындыкты эр жүрөктүк менен жактаганга жана ак ниет адамдардын жүрөгүн козгогонго умтула берели. Кудайдын бизди колдоп жатканын Пабылдай айкын сезбесек да, Жахаба дили таза кишилерди ыйык руху аркылуу чындыкка алып келеринен шек санабасак болот (Жкн. 6:44).
«Дем-күч бере турган» сөздөр (Элчилер 13:13—43)
9. Пабыл менен Барнаба жетекчиликти колго алгандарга кандай үлгү калтырган?
9 Пабыл, Барнаба жана Марк Пафостон чыгып, Кичи Азиянын жээгинен 250 километрдей алыстыкта жайгашкан Пергеге сүзүп барганда бир нерсе өзгөргөн. Элчилер 13:13тө ал үчөө тууралуу: «Пабыл менен шериктери»,— деп айтыла баштаган. Сыягы, ошондон тартып жетекчиликти Пабыл колго алган. Бирок Элчилер китебинин бир да жеринде Барнабанын Пабылга көрө албастык кылганы айтылбайт. Тескерисинче, ал экөө Кудайдын эркин эриш-аркак аткара беришкен. Алар бүгүнкү күндө жетекчиликти колго алгандарга мыкты үлгү калтырган. Биз көрүнүктүү абалга умтулбай, Исанын: «Силер болсо бир туугансыңар... Ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн төмөн койсо, көтөрүлөт»,— деген сөздөрүн эстен чыгарбайбыз (Мт. 23:8, 12).
10. Пергеден Писидиядагы Антиохияга жетиш эмне үчүн кыйын болгон?
10 Пергеге жетишкенде, Марк Пабыл менен Барнабаны таштап, Иерусалимге кетип калган. Анын эмне үчүн күтүүсүздөн кеткени Элчилер китебинде жазылбайт. Пабыл менен Барнаба андан ары Галатия провинциясындагы шаарга, Писидиядагы Антиохияга, сапар тарткан. Ал жакка жетүү оңой болгон эмес. Анткени ал деңиз деңгээлинен 1100 метрдей бийиктикте жайгашкан. Тоолор аркылуу өткөн жолдордо каракчылар көп болгон. Ошол учурда, кыязы, Пабылдын да ден соолугу начарлап кеткен h.
11, 12. Пабыл сыйынуу жайында кабарды кызыктуу кылып айтыш үчүн эмнелер тууралуу сөз кылган?
11 Писидиядагы Антиохияда Пабыл менен Барнаба ишемби күнү сыйынуу жайына (синагогага) барышат. Элчилер 13:15тен: «Муса пайгамбардын Мыйзамы менен башка пайгамбарлардын китептеринен үзүндү окулгандан кийин, сыйынуу жайынын башчылары ал экөөнө: „Боордоштор, отурган элге дем-күч бере турган сөзүңөр болсо, айткыла“,— дешти»,— дегенди окуйбуз. Ошондо Пабыл ордунан туруп, сөз сүйлөйт.
12 Ал сөзүн: «Ысрайылдыктар жана Кудайдан корккон башка адамдар, сөзүмө кулак салгыла»,— деп баштайт (Элч. 13:16). Пабылды угуп тургандар жүйүттөр жана прозелиттер болгон. Алар Исанын Кудайдын ой-ниетиндеги ролун түшүнгөн эмес. Пабыл жакшы кабарды аларга кызыктуу кылып айтыш үчүн сөзүн эмнеден баштайт? Алгач, жүйүт элинин тарыхына токтолот. Ал Жахабанын ысрайыл элине «Мисирде келгин болуп жашап жүрүшкөндө,.. жардам бергенин» жана ал жерден алып чыккандан кийин «чөлдө аларга 40 жылдай чыдаганын» айтып берет. Ошондой эле Кудайдын ысрайылдыктарга Убадаланган жерди ээлегенге кантип жардам бергенин баяндайт (Элч. 13:17—19). Айрымдар Пабыл ишемби күнү үн чыгарып окулган аяттарга да токтолгон деп божомолдошот. Эгер чын эле ошондой болсо, Пабыл «ар кандай адамдардын» тилин тапканга аракет кылган десе болот (1 Кор. 9:22).
13. Кабарды башкаларга канткенде кызыктуу кылып айта алабыз?
13 Биз да кабарды башкаларга кызыктуу кылып айтышыбыз керек. Мисалы, маектешибиздин кайсы динди тутарын билсек, ага жаккан темада сүйлөшө алабыз. Ошондой эле ага кызыктуу боло турган аяттарды окуп берсек болот. Аяттарды Ыйык Китебибизден ага көрсөтүп окусак, натыйжасы жакшы болушу мүмкүн. Биз адамдардын жүрөгүн кантип козгой алам деп дайыма изденишибиз керек.
14. а) Пабыл сөзүн Исага кантип бурган жана угуучуларын эмне деп эскерткен? б) Пабылдын сөзү элге кандай таасир эткен?
14 Андан соң Пабыл ысрайыл падышаларынын тукумунан чыккан, Чөмүлдүрүүчү Жакандан кийин келген «куткаруучу Исага» токтолгон. Исанын өлтүрүлүп, кайра тирилгени жөнүндө да айтып берген (Элч. 13:20—37). Анан мындай деген: «Ошондуктан... баарыңарга маалым болсун: силерге күнөөлөрүңөр ал аркылуу кечирилери жарыяланып жатат... Исага ишенген ар бир адамды Кудай анын өлүмү аркылуу адил деп жарыялайт». Андан ары: «Сак болгула, пайгамбарлардын китебинде жазылгандай болуп калып жүрбөгүлө. Ал китепте: „Мен кылып жаткан ишти жек көргөндөр, силер аны карап, таң каласыңар. Анан жок болосуңар. Анткени силердин күндөрүңөрдө кылып жаткан ошол ишим жөнүндө кимдир бирөө майда-чүйдөсүнө чейин айтып берсе да, такыр ишенбейсиңер“,— делген»,— деп эскерткен. Пабылдын сөзү аны угуп тургандарга күчтүү таасир эткен. Ыйык Китепте: «Эл алардан бул тууралуу кийинки дем алыш күнү да айтып беришин өтүнүштү»,— делет. «Сыйынуу жайына чогулгандар тарагандан кийин, көптөгөн жүйүттөр менен алардын динин кабыл алгандар Пабыл менен Барнабанын артынан жөнөшкөн» (Элч. 13:38—43).
«Жакшы кабарды башка улуттагыларга айтабыз» (Элчилер 13:44—52)
15. Кийинки дем алыш күнү кандай окуя болгон?
15 Пабылды угуш үчүн «кийинки дем алыш күнү дээрлик бүт шаар» чогулат. Бул айрым жүйүттөргө жакпайт. Алар «Пабылга каршы чыгып, мазактай башташат». Ошондо Пабыл менен Барнаба тайманбастан мындай дешет: «Кудайдын сөзү биринчи кезекте силерге айтылышы керек болчу. Бирок силер аны четке кагып, түбөлүк өмүргө татыктуу эмес экениңерди көрсөттүңөр. Ошондуктан жакшы кабарды башка улуттагыларга айтабыз. Анткени Жахаба: „Жердин учу-кыйырына чейин куткарылуу жөнүндө кабар таратышың үчүн, сени элдерге жарык кылып койдум“,— деп айтып, бизге осуят берген» (Элч. 13:44—47; Ыш. 49:6).
16. Жүйүттөр шаардан кууп чыкканда, Пабыл менен Барнаба эмне кылган?
16 Пабылдын айткандарын укканда башка улуттагылар кубанып, «түбөлүк өмүргө жол ачкан кабарга карата жакшы ойдо болгондордун баары Исанын жолдоочусу болгон» (Элч. 13:48). Ошондон көп өтпөй Жахабанын сөзү бүт өлкөгө тараган. Бирок буга жүйүттөр кубанган эмес. Анткени Пабыл менен Барнаба Жахабанын сөзү алгач аларга айтылышы керек болгонун, бирок алар Кудайдын сөзүн жана Машаякты четке каккандыктан Кудайдын каарына калмактыгын айткан. Жүйүттөр шаардагы кадыр-барктуу аялдарды, таасирдүү кишилерди «Пабыл менен Барнабаны куугунтуктаганга тукурушкан». Алар болсо «экөөнү өздөрүнүн жеринен кууп чыгышкан». Пабыл менен Барнаба эмне кылган? Алар «буттарындагы чаңды күбүп, Иконияга кетишкен». Ошондо Писидиядагы Антиохияда шакирттердин ындыны өчүп калды беле? Түк да. Алар «кубанып, Кудайдын ыйык рухуна толо беришкен» (Элч. 13:50—52).
17—19. Пабыл менен Барнабадан кандай үлгү алсак болот жана бул кубанып кызмат кыла бергенге кандайча жардам берет?
17 Пабыл менен Барнабанын каршылыкка туш болгондо кылган иштеринен эмнени үйрөнө алабыз? Бийлиги барлар кабар айтуу ишин токтотконго аракет кылса да, биз кабар айта беребиз. Белгилей кетчү нерсе, Антиохиянын тургундары Пабыл менен Барнабаны укпай коюшканда, алар «буттарындагы чаңды күбүп» кетип калышкан. Бул алардын ачууланганын эмес, ал элдин канына забын болбой турганын көрсөткөн. Ал экөө башкалар жакшы кабарды кандай кабыл алары толугу менен алардан көз каранды эмес экенин түшүнгөн. Бирок жакшы кабарды андан ары айтабы, жокпу, өздөрүнөн көз каранды экенин билген. Ошондуктан Иконияга барып, кабар айта беришкен.
18 Ал эми Антиохиядагы жаңы шакирттер эмне болгон? Аларга эл катуу каршылык көрсөткөн. Башкалар жакшы кабарга кулак какпаса да, алар кубанып кызмат кыла берген. Иса: «Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деген (Лк. 11:28). Ооба, Антиохиядагы шакирттер так ушундай кылганга бел байлаган.
19 Келгиле, биз да, Пабыл менен Барнабадай болуп, биздин милдетибиз кабар айтуу экенин эстен чыгарбайлы. Ал эми угабы, укпайбы, ар ким өзү чечет. Башкалар кабарды укпаган учурларда 1-кылымдагы шакирттерден үлгү алалы. Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты бааласак жана ыйык рухтун жетегине баш ийсек, катуу каршылык көрсөтүлсө да, кубанып кызмат кыла беребиз (Гал. 5:18, 22).
a 86-беттеги « Барнаба — „сооронуч уулу“» деген кутучаны кара.
b Ал убакта Иерусалимден түндүктү көздөй 550 километрдей алыстыкта жайгашкан Сириядагы Антиохияда жыйналыштар бар болчу.
d 1-кылымда кеме менен, аба ырайы жакшы болсо, бир күндө 160 километрдей аралыкты сүзүп өтүү мүмкүн болчу. Эгер аба ырайы жаман болсо, андан да көп убакыт кетчү.
e 89-беттеги « Жүйүттөрдүн синагогаларында» деген кутучаны кара.
f Кипр аралы римдик сенатка караган. Ал Кипрди башкарганга акимди дайындачу.
g Ыйык Китептин ушул жеринен тартып Шабыл Пабыл деп айтыла баштайт. Айрымдар Шабыл Сергий Пабылдын урматына ушинтип атала баштаган деп божомолдошот. Бирок Шабылдын Кипрден кеткенден кийин да Пабыл деп аталып кала бергенинен анын себеби башкада болгону көрүнүп турат. Тагыраак айтканда, ал «башка элдерге жиберилген элчи» катары андан ары римдик ысмы менен аталууну чечкен. Пабыл деп аталганынын дагы бир себеби, сыягы, еврей тилиндеги Шабыл деген ысымдын грекче айтылышы жаман сөзгө окшош болгон (Рим. 11:13).