10-БӨЛҮМ
«Жахабанын сөзү кеңири жайылып» жатты
Петир камактан бошотулат; жакшы кабардын таралышына бут тоскондордун үмүтү таш кабат
Элчилер 12:1—25-аяттарга негизделди
1—4. Петир кандай жагдайга кабылган жана анын ордунда болсоң, эмне кылат элең?
ПЕТИР колу кишенделип, римдик эки сакчынын ортосунда келатат. Алар түрмөгө киргенде, чоң темир дарбазалар кулак тундура жабылат. Бул жерде анын канча убак болору, алдыда эмне күтүп турганы белгисиз. Төрт тарабы дубал, колунда кишен, жанында болсо сакчылар.
2 Көп өтпөй Петир Ирод Агриппа I ага өлүм өкүмүн чыгарганын угат a. Агриппа элге жаккысы келгендиктен, Пасах майрамынан кийин Петирди элдин алдына чыгарып, өлтүртмөк. Бул куру сөз эмес болчу. Анткени ага чейин Агриппа элчи Жакыпты өлүмгө кыйган.
3 Кеч кирип, Петирдин өлүм жазасына тартылар убактысы жакындап келатат. Караңгы түрмөнүн ичинде ал эмне жөнүндө ойлонуп отурат? Балким, Исанын: «Башка бирөө кийиндирип, каалабаган жагыңа алып барат»,— деген сөздөрүн эстеп, ошол күндөр келип калдыбы деп ойлонуп отургандыр (Жкн. 21:18, 19).
4 Петирдин ордунда болсоң, эмне кылат элең? Көптөр үмүтүн үзүп коймок. Бирок Исанын чыныгы жолдоочулары ушундайда үмүтүн үзүшү керекпи? Куугунтукка туш болгондо Петир жана башка шакирттер эмне кылган? Алардан эмнеге үйрөнө алабыз?
«Жыйналыштагылар... жалындуу тиленип жатты» (Элчилер 12:1—5)
5, 6. а) Агриппа Исанын жолдоочуларын кантип жана эмне үчүн куугунтуктаган? б) Жакыптын өлүмү жыйналыш үчүн эмне себептен оор жоготуу болгон?
5 Мурунку бөлүмдөн билгенибиздей, Корнелий үйүндөгүлөрү менен Исанын жолдоочусу болгон. Буга жыйналыштагылар абдан кубанышкан. Бирок Исанын жүйүт жолдоочулары бөлөк улуттагылар менен Кудайга чогуу сыйынып жатканын билгенде башка жүйүттөр уу-дуу болгону шексиз.
6 Амалкөй Агриппа ошондон пайдаланып, жүйүттөргө жагыныш үчүн Исанын жолдоочуларын куугунтуктай баштаган. Анын элчи Жакыптын Исага өзгөчө жакын болгонун укканы күмөнсүз. Ошон үчүн «Жакандын бир тууганы Жакыпты кылыч менен өлтүрткөн» (Элч. 12:2). Жыйналыштагылар үчүн бул оор жоготуу болгон. Жакып үч элчи менен бирге Исанын көрүнүшү өзгөргөнүн жана башка элчилер көрбөгөн кереметтерди көргөн (Мт. 17:1, 2; Мр. 5:37—42). Иса Жакыпты, бир тууганы Жаканды, өткүр болгону үчүн, «күн күркүрөөнүн уулдары» деп атаган (Мр. 3:17). Андыктан жыйналыш эр жүрөк, ишенимдүү жана сүйүктүү элчисинен айрылган.
7, 8. Петир камакка алынганда ишенимдештери эмне кылган?
7 Агриппанын ою оңунан чыгып, Жакыптын өлтүрүлүшү жүйүттөргө жаккан. Муну көрүп ал Петирди да өлтүрмөкчү болот. Ошентип, Агриппа Петирди камакка алат. Бирок, сыягы, ал элчилердин ага чейин түрмөдөн керемет жолу менен бошонуп кеткенин билген. (Бул тууралуу 5-бөлүмдө айтылган.) Ошондуктан Петир качып кетпеши үчүн аны 2 жоокерге чынжырлап, кезектешип алмашкан 4 жоокерден турган 4 топко күнү-түнү кайтартып коёт. Эгер Петир бошонуп кетсе, жоокерлер өлүм жазасына тартылмак. Ушундай оор жагдайда Петирдин ишенимдештери ага кантип жардам бере алмак?
8 Алар эмне кылышты жакшы билген. Элчилер 12:5те: «Петир түрмөдө отурду. Жыйналыштагылар болсо ал үчүн Кудайдан жалындуу тиленип жатты»,— деп жазылат. Ооба, ишенимдештери сүйүктүү боордошу үчүн Жахабадан жалындуу тиленишкен. Алар Жакыптын өлгөнүнө көңүлү чөгүп, тиленгенден пайда жок деп ойлоп калышкан эмес. Ырас, Жахаба тилегибизге олуттуу маани берет. Эгер өтүнүчүбүз анын эркине ылайык келсе, сөзсүз жооп берет (Евр. 13:18, 19; Жкп. 5:16). Биз да муну унутпашыбыз керек.
9. Шакирттердин Петир үчүн тиленгенинен эмнеге үйрөнө алабыз?
9 Кыйналып жаткан ишенимдештериңди билесиңби? Балким, алар куугунтуктан, өкмөт койгон чектөөлөрдөн же табигый кырсыктан азап чегип жаткандыр. Алар үчүн тиленип турсаң болот. Же, балким, үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөр, көңүл чөгөттүк же ишенимин сынаган башка кыйынчылыктар менен алпурушуп жүргөндөрдү билет чыгарсың. Тиленер алдында бир аз ой жүгүртсөң, тилегибизди уккан Жахабадан ушундай ишенимдештериңдин атын атап тилене аласың (Заб. 65:2). Оор жагдайга кабылганда өзүң да боордошторуңдун сен үчүн тиленишине муктаж болоруңду унутпа.
«Артыман бас» (Элчилер 12:6—11)
10, 11. Жахабанын периштеси Петирди камактан кантип бошоткон?
10 Петир өлүмдөн коркту беле? Муну так айта албайбыз. Бирок ал камакта отурган акыркы түнү аны көз ирмебей кайтарып турган эки жоокердин ортосунда катуу уктап жаткан. Ишеними бекем болгондуктан ал элчи, эртең эмне болбосун, Жахаба аны таштабай турганынан шектенген эмес (Рим. 14:7, 8). Бирок алдыда анын оюна келбеген кереметтүү окуя күтүп турган. Күтүлбөгөн жерден Петир жаткан жер жапжарык болуп, бир периште пайда болот. Сыягы, периште жоокерлерге көрүнгөн эмес. Ал Петирди ойготуп, шаштыра баштайт. Ошондо Петирдин колундагы эзели үзүлбөчүдөй көрүнгөн чынжырлар өзүнөн өзү үзүлүп түшүп калат.
11 Периште Петирге: «Тур тезирээк!.. Кийин, сандалыңды кий... Сырт кийимиңди кий»,— деп буйруйт. Петир дароо ошентет. Анан периште ага: «Артыман бас» — дегенде, ал артынан жөнөйт. Алар ал жерден чыгып, сырттагы күзөтчүлөр тобунан өтүшөт да, шаарга чыга турган чоң темир дарбазаны көздөй акырын жөнөшөт. Эми ал дарбазадан кантип өтүшөт? Балким, Петирге да ушундай ойлор келгендир. Бирок дарбазанын жанына келишкенде, дарбаза «өзүнөн өзү ачылат». Анан сыртка чыгышканда, периште көздөн кайым болот. Петир эсине келип, мунун баары чынында эле болгонун түшүнөт. Ал аян эмес болчу. Ал камактан чын эле бошотулган! (Элч. 12:7—11).
12. Жахабанын Петирди куткарганы ишенимибизди бекемдейт деп эмне үчүн айта алабыз?
12 Жахабага кызматчыларын куткарганга эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. Бул жөнүндө ой жүгүрткөндө кадимкидей кайраттанып калабыз. Петирди ошол учурдагы эң күчтүү империянын колдоосуна ээ болгон падыша камакка алган. Ошентсе да Петир камактан оңой эле чыгып кеткен. Бирок Жахаба кызматчыларын куткарыш үчүн дайыма эле керемет жасабайт. Мисалы, Жакыпты өлүмдөн алып калган эмес. Кийин Исанын Петир жөнүндө айткандары аткарылганда, аны да куткарган эмес. Бүгүнкү күндө биз да Жахаба бизди керемет жолу менен куткарат деп күтпөйбүз. Ошентсе да Жахабанын өзгөрбөй турганын эстен чыгарбайбыз (Мал. 3:6). Жакында ал Уулу аркылуу миллиондогон адамдарды эч качан чыгалгыс түрмөдөн — өлүмдөн — бошотот (Жкн. 5:28, 29). Кыйын кезеңде Жахабанын ушул убадасы тууралуу ой жүгүртүү бизге зор кайрат берет.
«Алар... аны көргөндө айран-таң калышты» (Элчилер 12:12—17)
13—15. а) Мариямдыкына чогулгандар Петир келгенде эмне кылышкан? б) Элчилер китебинде андан ары эмнелер баяндалат жана Петир эмне кыла бергени шексиз?
13 Петир караңгы көчөдө каякка барсам деп ойлонуп туруп калат. Анан жакын жерде жашаган Мариямдыкына жөнөйт. Кыязы, ал колунда бар жесир аял болгон. Анын үйү чоң болгондуктан, ал жерде жыйналыш өтчү. Мариям Жакан деген да аты бар Марктын энеси болгон. Элчилер китебинде Марк тууралуу биринчи жолу ушул жерде айтылат. Марк кийин Петирге уулундай жакын болуп калган (1 Пет. 5:13). Ошол түнү жыйналыштагылардын көбү, түн бир оокум болуп калганына карабай, Мариямдын үйүндө болуп, жалындуу тиленип жатышкан. Алар Жахабадан Петирди бошотушун сурап тиленгени шексиз. Бирок Жахабанын ушунчалык тез жооп берип коёрун күткөн эмес!
14 Петир Мариямдын үйүнө келип, дарбазаны тыкылдатат. Эшикти Рода деген кызматчы кыз ачмакчы болот. Рода деген ысым гректерде ошол учурда кеңири таралган ысым болгон; мааниси «роза» дегенди билдирет. Ал Петирдин үнүн укканда, уккан кулагына ишенбейт. Кубанганынан дарбазаны ачпай эле үйгө чуркап кирип кетет. Анан үйдөгүлөргө Петирдин келгенин айтат. Алар ага ишенбей, аны акыл-эсинен айнып калды деп ойлошот. Бирок Рода кайра-кайра айтканда, алар эшикте Петирдин периштеси турат окшойт деп болжошот (Элч. 12:12—15). Ал ортодо Петир эшикти тыкылдата берет. Акыры, алар дарбазаны ачышат.
15 Карашса эле — Петир турат. Аны «көргөндө айран-таң калышат»! (Элч. 12:16). Кубанганынан баары чуру-чуу боло түшөт. Петир белги берип, аларды тынчтандырат да, иштин жайын төкпөй-чачпай айтып берет. Анан аларга анын бошотулганын Жакыпка жана башка бир туугандарга билдиришин айтат. Петир ал жерден Ироддун жоокерлери аны издеп келгенге чейин кетип калат. Андан ары коопсузураак жакка барып, кызматын улантат. Петир жөнүндө акыркы жолу Элчилер 15-бөлүмдө сүннөткө отургузулууга байланыштуу маселе көтөрүлгөндө айтылат. Элчилер китебинде андан ары Пабылдын кызматы жана миссионердик сапарлары тууралуу баяндалат. Бирок биз, Петир кайсы жакка барбасын, боордошторунун ишенимин бекемдегенинен шектенбесек болот. Петир Мариямдын үйүнөн кеткенде, шакирттер анын түрмөдөн бошотулганына абдан сүйүнүшкөн.
16. Келечекте кубанганга көп себеп болот деп эмне үчүн айта алабыз?
16 Жахаба кээде кызматчыларына алар күтпөгөн нерсени кылып, кубанычка бөлөйт. Петирдин бошотулганын көргөндөр дал ушундай кубанычка бөлөнүшкөн. Бүгүнкү күндө биз да Жахабадан мол бата алганда алардыкындай сезимде болобуз (Накыл 10:22). Келечекте Жахабанын убадаларынын бүткүл дүйнө жүзү боюнча аткарыларына күбө болобуз. Ошондо биз элестеткенден да кереметтүү нерселер ишке ашат. Жахабага ишенимдүү бойдон калсак, муну өз көзүбүз менен көрөбүз.
«Кудайдын периштеси Иродду... катуу ооруга чалдыктырды» (Элчилер 12:18—25)
17, 18. Эл эмнеден улам Иродго кошомат кылган?
17 Петирдин түрмөдөн качып кеткенине Ирод бир чети таң калса, бир чети абдан ачууланган. Ал дароо Петирди издеттирип, анан жоокерлерди суракка алган. Андан соң аларды «жазалаганга», кыязы, өлтүргөнгө буйрук берген (Элч. 12:19). Ирод Агриппа абдан таш боор, ырайымсыз киши болгон. Ал акыр-аягы жазасын алды беле?
18 Балким, Агриппа Петирди өлтүрө албай калганына намыстанып, өзүн маскара болгондой сезсе керек. Бирок көп өтпөй эле эл алдында кадыр-баркын көтөргөнгө шарт түзүлгөн. Душмандары аны менен тынчтык келишимин түзүш үчүн келишкен. Ошондо ал көпчүлүктүн алдына чыгып сөз сүйлөөнү абдан каалаганы шексиз. Лука жазгандай, Ирод падыша эл алдына «өзгөчө кийимин кийип» чыккан. Жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавий Ироддун кийими күмүш менен жасалгалангандыктан күн тийгенде чагылышып, Ирод даңкка чулгангандай көрүнгөнүн айткан. Ошентип, менменсинген Ирод көп элдин алдында сөз сүйлөгөн. Ошондо эл ага кошомат кылып: «Бул — адамдын эмес, кудайдын үнү!» — деп кыйкырган (Элч. 12:20—22).
19, 20. а) Жахаба Иродду эмне үчүн жазалаган? б) Бул окуя бизди эмне үчүн жубатат?
19 Даңкталып-макталууга бир гана Кудай татыктуу болгондуктан, Ироддун бой көтөргөнү Кудайга жаккан эмес. Ирод аны даңктаган элди тыйып же, жок дегенде, элдин айтканын четке кагып, каргашадан кача алмак. Бирок Ирод Ыйык Китептеги: «Текебердене баштаган акыры кыйрайт»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенин жон териси менен сезген (Накыл 16:18). Тактаганда, «Кудайдын периштеси Иродду ошол замат катуу ооруга чалдыктырган». Ал «куртка жем болуп өлгөн» (Элч. 12:23). Иосиф Флавий да анын ооруга күтүлбөгөн жерден чалдыкканын белгилеген. Ошондой эле падыша элди аны даңктаганын тыйбаганы үчүн ушундай азаптуу өлүмгө туш болгонун мойнуна алганын кошумчалаган. Иосиф Флавий Ироддун беш күн аябай кыйналып, анан көз жумганын жазган b.
20 Кээде ыймансыздар жаман иштери үчүн жазаланбай жаткандай сезилет. Буга таң калбашыбыз керек. Анткени «бүт дүйнө Шайтандын бийлиги астында» (1 Жкн. 5:19). Ошентсе да Кудайдын кызматчылары жаман иштерди кылгандар жазасыз калгандай сезилгендиктен жаман болушат. Бирок Жахабанын Иродду жазалаганы сыяктуу окуялар бизди жубатат жана анын адилеттүүлүктү сүйөрүн көрсөтүп турат (Заб. 33:5). Ооба, эртеби-кечпи, Жахаба адилеттүүлүктү сөзсүз орнотот.
21. Элчилер 12-бөлүмдө кандай маанилүү ой камтылат жана бул бизди кандайча бекемдейт?
21 Элчилер 12-бөлүмдөгү окуялар: «Жахабанын сөзү кеңири жайылып, ага ишенгендердин саны өсө берди»,— деген сөздөр менен аяктайт (Элч. 12:24). Мындан көрүнүп тургандай, Жахаба кабар айтуу ишине мурун кандай батасын берсе, бүгүн да ошондой эле батасын берип жатат. Элчилер 12-бөлүмдө бир элчинин өлтүрүлгөнү, ал эми экинчисинин аман калганы жөнүндө эле айтылбайт. Андан Шайтандын 1-кылымдагы жыйналышты жок кылып, кабар айтуу ишин токтотконго аракет кылганын айкын көрсө болот. Бирок Жахаба буга бөгөт койгон. Шайтан ошондо ийгиликке жеткен эмес, азыр да ийгиликке жетпейт (Ыш. 54:17). Жахаба жана Иса Машаяк тараптагылар аткарып жаткан ишти эч ким токтото албайт. Бул бизди абдан бекемдейт! «Жахабанын сөзүнүн» таралышына салым кошуп жатканыбыз биз үчүн чоң сыймык!
a 79-беттеги « Ирод Агриппа I» деген кутучаны кара.
b Бир доктур Иосиф Флавий менен Луканын жазгандарынын негизинде Ироддун, кыязы, ичеги өткөөлсүздүгүн пайда кылган аскаридаларга «жем» болгонун айткан. Кээде аскаридалар адам кусканда же өлөр алдында денесинен сыртка чыгат. Бир эмгекте айтылгандай, «Луканын доктур катары Ироддун оорусун так түшүндүргөнү анын өлүмү канчалык азаптуу болгонун көрсөтүп турат».