Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-БӨЛҮМ

«Жыйналыштардагы боордошторуна дем-күч берип жүрдү»

«Жыйналыштардагы боордошторуна дем-күч берип жүрдү»

Райондук көзөмөлчүлөр жыйналыштагыларга чындык жолунда бек турганга жардам беришет

Элчилер 15:36—16:5-аяттарга негизделди

1—3. а) Пабылдын жаңы шериги ким жана ал кандай жигит эле? б) Бул бөлүмдөн эмнени билебиз?

 Пабыл шериги менен бир шаардан экинчисине өңгүл-дөңгүл жолдор менен баратат. Жандап бараткан уланды анда-санда ойлуу карап коёт. Ал жаш улан — Тиметей. Анын баралына жетип, күч-кубатка толуп турган кези. Ал өспүрүм курактан өтүп, 20ларга келип калса керек. Кадам таштаган сайын үйүнөн алыстап барат. Ошентип, күн батып, Листра менен Икониянын карааны үзүлөт. Алдыда эмнелер күтүп турат? Бул — Пабылдын 2-миссионердик сапары. Ал алдыда далай кыйынчылыктар күтүп турганын жакшы билет. Жаш Тиметей туруктуу болуп, баарын көтөрүп кете алабы?

2 Момун Тиметей колуман көп деле эч нерсе келбейт деп ойлойт. Бирок Пабыл таптакыр башка ойдо. Жакында эле болгон окуялардан Пабыл өзүнө жакшы шерик керек экенине ынанган. Анткени алдыда олуттуу иштер жаткан: алар жыйналыштарды кыдырып, бекемдеши керек. Ошондуктан Пабыл райондук көзөмөлчүлөрдүн чечкиндүү, бир ойдо болгону маанилүү экенин түшүнөт. Эмне үчүн? Мунун бир себеби — жакында эле Барнаба экөө кер-мур айтыша кеткен.

3 Бул бөлүмдөн келишпестиктерди кантип чечсек болорун билебиз. Пабыл эмне үчүн Тиметейди тандаганын жана бүгүнкү күндө райондук көзөмөлчүлөрдүн кандай маанилүү иштерди аткарарын да карап чыгабыз.

«Жүр,.. бир туугандарыбызга кайра барып, ал-жайын билип келели» (Элчилер 15:36)

4. Пабыл экинчи миссионердик сапарында кандай эки максатты көздөгөн?

4 Буга чейинки бөлүмдөн Иерусалимден Антиохияга Пабыл, Барнаба, Жүйүт жана Сыластардын жөнөтүлгөнүн билгенбиз. Алар жыйналышка жетектөөчү кеңештин сүннөткө отургузууга байланыштуу чечимин билдирип, бекемдешкен. Пабыл андан ары эмне кылган? Ал Барнабага: «Жүр, өзүбүз Жахабанын сөзүн жарыялаган шаарлардагы бир туугандарыбызга кайра барып, ал-жайын билип келели»,— деген (Элч. 15:36). Пабыл Барнабага Исанын ал шаарлардагы жаңы шакирттерине жөн эле конокко барып келебиз деп айткан эмес. Элчилер китебинде Пабылдын 2-миссионердик сапарынын максаты жазылган. Биринчиден, ал жетектөөчү кеңештин чечимдерин жыйналыштарга жеткириши керек болчу (Элч. 16:4). Экинчиден, райондук көзөмөлчү катары жыйналыштагыларды рухий жактан бекемдеп, ишенимин чыңдагысы келген (Рим. 1:11, 12). Бүгүнкү күндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн уюму элчилердин үлгүсүнө кандайча карманат?

5. Бүгүнкү күндөгү Жетектөөчү Кеңеш жыйналыштарды кантип жетектейт жана бекемдейт?

5 Иса азыркы күндө жыйналыштарды Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши аркылуу жетектейт. Алар дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарды каттар, басма жана санарип түрүндөгү адабияттар, жыйналыштар жана башка жолдор менен багыттап, бекемдейт. Ар бир жыйналыш менен тыгыз байланышта болгонго да умтулат. Ан үчүн дүйнөнүн чар тарабындагы миңдеген жөндөмдүү аксакалдарды райондук көзөмөлчү кылып дайындап, жыйналыштарга жөнөтөт.

6, 7. Райондук көзөмөлчүлөр аткарган иштердин айрымдары кайсылар?

6 Райондук көзөмөлчүлөр жыйналыштагылардын ар бирине көңүл буруп, рухий жактан кубаттайт. Кантип? Алар Исанын 1-кылымдагы Пабылдай болгон жолдоочуларынын үлгүсүнө карманат. Пабыл көзөмөлчү болгон Тиметейди мындай деп үндөгөн: «Кудайдын сөзүн жарыяла; аны ыңгайлуу убакта да, ыңгайсыз убакта да кийинкиге калтырбай кабарла; башкаларды оңдоп-түзө, эскерт, кубаттап-үндө жана ушуларды кылып жатканда окутуу чеберчилигин колдон, аябай чыдамкай бол... Жакшы кабарды тарата бер» (2 Тим. 4:2, 5).

7 Ушуга ылайык, райондук көзөмөлчүлөр, эгер жубайы бар болсо, жубайы экөө жарчылар менен кызматтын ар кандай түрүнө катышат. Райондук көзөмөлчүлөр кызматка ынталуу катышып, чебер окутуп, оторго жакшы таасир этишет (Рим. 12:11; 2 Тим. 2:15). Өз ыңгайын ойлобой, чын жүрөктөн сүйүү көрсөтүшөт. Ысык-суукта да, кооптуу жерде кызмат кылса да, жыйналыштарды кыдырып, кызматка өздөрүн толугу менен арнашат (Флп. 2:3, 4). Ошондой эле Ыйык Китепке негизделген баяндамалар аркылуу дем-күч берип, окутуп, насаатташат. Жыйналыштагылар алардын жакшы жүрүм-турумун, күчтүү ишенимин көрүп үлгү алышат (Евр. 13:7).

«Бири-бирине ачууланып, катуу талашып-тартыша кетишти» (Элчилер 15:37—41)

8. Барнаба Пабылдын сунушун кандай кабыл алган?

8 Пабыл Барнабага бир туугандардын «ал-жайын билип келели» деп сунуштаганда, ал макул болот (Элч. 15:36). Экөө буга чейин жакшы кызматташкан эле жана мурда барган шаарларды, тургундарын жакшы билишчү (Элч. 13:2—14:28). Андыктан алардын чогуу барганы жөндүү болгон. Бирок ортодо бир көйгөй пайда болот. Элчилер 15:37де: «Барнаба Марк деп коюшкан Жаканды да ээрчитип алмакчы болду»,— делет. Мындан Барнаба тууганы Маркты ээрчитип алалы деп жөн эле сунуштап койбой, миссионердик сапарга ала кетебиз деп чечип койгонун көрсөк болот.

9. Пабыл Маркты ээрчиткенге эмне үчүн каршы болгон?

9 Пабыл Маркты ээрчиткенге каршы болот. Эмне үчүн? Элчилер китебинде: «Марк мурун Памфилияда аларды таштап, тапшырылган ишти аткарганы барбай койгон болчу. Ошон үчүн Пабыл аны ээрчиткенге макул болгон жок»,— делет (Элч. 15:38). 1-миссионердик сапарга Пабыл менен Барнабаны коштоп Марк да чыккан. Бирок орто жолдон айнып кеткен (Элч. 12:25; 13:13). Сапарынын башында эле, алар Памфилияда жүргөндө, Марк аларды калтырып, Иерусалимдеги үйүнө кетип калган. Ыйык Китепте мунун себеби айтылбайт. Бирок Пабыл аны жоопкерчилиги жок жигит катары көргөн сыяктанат. Балким, ал Маркка ишеним артканга болбойт деп ойлогондур.

10. Ортодогу келишпестик эмнеге алып барган?

10 Барнаба да көшөрүп, Маркты ээрчитип алабыз деп туруп алган. Пабыл да айтканынан кайтпай, караманча каршы болгон. Элчилер 15:39да: «Ушундан улам алар бири-бирине ачууланып, катуу талашып-тартыша кетишти да, экөө эки жакка бөлүнүп кетти»,— делет. Барнаба Маркты алып, мекени Кипр аралына жөнөп кетет. Пабыл болсо миссионердик сапарын андан ары уланта берет. Бул жөнүндө Элчилер китебинде: «Пабыл болсо Сыласты тандап алды. Анан жолго чыгарында, шакирттер ырайымдуу Жахабадан ага кам көрүшүн сурап тиленишти»,— деп айтылат (Элч. 15:40). Ошентип, Пабыл менен Сылас «Сирия менен Киликияны аралап, жыйналыштардагы боордошторуна дем-күч беришет» (Элч. 15:41).

11. Келишпестиктер болгондо, кайсы сапаттар ортодогу мамилени оңдогонго жардам берет?

11 Бул окуя биздин канчалык жеткилеңсиз экенибизди көрсөтүп турат. Пабыл менен Барнабаны жетектөөчү кеңеш өзү өкүлү катары дайындашкан. Кийин Пабыл өзү да жетектөөчү кеңештин мүчөсү болсо керек. Ошентсе да Пабыл менен Барнаба пенделик кылып коюшкан. Бирок алар бири-бирин кечирбей жүрө берип, ортосу салкындап калганбы? Жок. Пабыл менен Барнаба жеткилеңсиз болушса да, Машаяктай ой жүгүртүп, момун болушкан. Бара-бара бири-бирин кечирип, ортодогу мамилени оңдошкон (Эф. 4:1—3). Кийин Пабыл менен Марк жооптуу кызматтарды биргелешип аткарышкан a (Кол. 4:10).

12. Аксакалдар Пабыл менен Барнабаны кантип туурай алышат?

12 Барнаба менен Пабыл ачууга алдырып коюшса да, табиятынан орой болушкан эмес. Барнаба ушунчалык жумшак, кең пейил болгондуктан, элчилер аны өз аты менен Жусуп деп атабастан, Барнаба деп коюшкан. Ал ысым «сооронуч уулу» дегенди билдирет (Элч. 4:36). Пабылды да мүнөзү жумшак, сылык-сыпаа киши деп билишчү (1 Тес. 2:7, 8). Пабыл менен Барнабадан үлгү алып, Исаны жолдогон бардык аксакалдар, анын ичинде райондук көзөмөлчүлөр момун болушу жана бири-бирине да, оторго да жумшак мамиле кылышы керек (1 Пет. 5:2, 3).

«Дайыма макташчу» (Элчилер 16:1—3)

13, 14. а) Тиметей ким болгон жана Пабыл аны менен качан таанышкан? б) Пабыл Тиметейге эмне үчүн өзгөчө көңүл бурган? в) Тиметейге кандай жооптуу иш тапшырылган?

13 Пабыл 2-миссионердик сапарында Римге караштуу Галатияда болгон. Ошол кезде ал жерде бир нече жыйналыш бар болчу. Пабыл ал жактан «Дербеге, анан Листрага барат». Листрада «Тиметей деген шакирт бар эле. Анын энеси жүйүт, атасы грек болчу. Энеси да Исанын шакирти эле» (Элч. 16:1) b.

14 Пабыл Тиметейдин үй-бүлөсү менен, кыязы, б.з. 47-жылы таанышкан. Ал ошол аймакка 1-миссионердик сапары менен барган болчу. Ал эми эки-үч жылдан кийин ошол тарапка экинчи жолу барганда Пабыл жаш Тиметейге өзгөчө көңүл бурган. Эмне үчүн? Анткени «шакирттер Тиметейди дайыма макташчу». Ал өзүнүн жыйналышында эле эмес, башка жыйналыштагылардын арасында да жакшы атка ээ болчу. Элчилер китебинде айтылгандай, Листрадагы жана андан 20 километрдей алыс жайгашкан Икониядагы боордоштору аны макташкан (Элч. 16:2). Ошондуктан аксакалдар рухтун жетеги менен Тиметейге жооптуу иш тапшырышкан: ал Пабыл менен Сыласты колдогонго дайындалган (Элч. 16:3).

15, 16. Тиметей эмнеден улам эл оозуна алынган?

15 Тиметей эмне себептен жаш кезинен эле эл оозуна алынган? Абдан зээндүү, келбеттүү же жөндөмдүү болгондуктанбы? Адатта, адамдар ушуларга көңүл бурат. Атүгүл Шемуел пайгамбар да бир жолу адамга сыртына карап баа берген. Бирок Жахаба ага: «Мен адам карагандай карабайм, адам көзү көргөндү гана көрөт, ал эми мен, Жахаба, жүрөктөгүнү көрөм»,— деген (1 Шем. 16:7). Тиметейдин эл ичинде жакшы атанганына жогоруда саналып өткөндөр себеп болгон эмес. Ишенимдештеринин арасында анын кадыры жакшы сапаттарынан улам арткан.

16 Кийинчерээк Пабыл Тиметейдин рухий сапаттары тууралуу жазган. Ал анын маанайы жакшы, башкалардын камын ойлогон, жыйналыштагылар үчүн жаны тынбай эмгектенген жигит экенин айткан (Флп. 2:20—22). Тиметей «чыныгы ишеним» көрсөткөнү менен да белгилүү болгон (2 Тим. 1:5).

17. Жаштар Тиметейден кандай үлгү ала алышат?

17 Бүгүн да көптөгөн жаштар Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүп, Тиметейден үлгү алып жатышат. Ошонун аркасында алар жаш болсо да, Жахабанын жана ишенимдештеринин алдында жакшы атка ээ (Накыл 22:1; 1 Тим. 4:15). Алар өздөрүн жыйналышта бир, сыртта башкача алып жүрүшпөйт. Алардын ишеними — чыныгы ишеним (Заб. 25:4). Натыйжада көптөгөн жаштар, Тиметейдей болуп, жыйналыш үчүн талыкпай эмгектенип, керекке жарап жатат. Ооба, жаштар жарчы болуп, кийин өмүрүн Жахабага арнап чөмүлгөндө Кудайды сүйгөн ишенимдештерин кандай гана сүйүнтүшөт!

«Ишеними бекемделди» (Элчилер 16:4, 5)

18. а) Пабыл менен Тиметейге кыдыруучулук кызматта кандай сыймыктуу иштер артылган? б) Жыйналыштар эмненин аркасында өскөн?

18 Пабыл менен Тиметей бир топ жыл бою бирге кызмат кылган. Алар кыдыруучулук кызматта жетектөөчү кеңештин көптөгөн тапшырмаларын аткарган. Ыйык Китепте: «Пабыл менен шериктери шаарларды кыдырып, шакирттерге алар баш ийиши керек болгон чечимдерди, тактап айтканда, Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар чыгарган чечимдерди айтып жүрүштү»,— делет (Элч. 16:4). Жыйналыштар Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдардын жетекчилигине баш ийишкен. «Мунун аркасында жыйналыштардагылардын ишеними бекемделип, алар сан жагынан күндөн күнгө өсө» берген (Элч. 16:5).

19, 20. Исанын жолдоочулары «жетекчиликти колго алгандарга» эмне үчүн баш ийиши керек?

19 Бүгүнкү күндө да Жахабанын Күбөлөрү «жетекчиликти колго алгандарга» баш ийип, мол бата алып жатышат (Евр. 13:17). Дүйнөдөгү абал күндөн-күнгө өзгөрүп барат. Андыктан Исанын жолдоочуларынын «ишенимдүү жана акылдуу кул» берген жетекчиликке баш ийгени кандай гана маанилүү! (Мт. 24:45; 1 Кор. 7:29—31). Бул бизге чындык жолунан тайбаганга жана өзүбүздү таза сактаганга жардам берет (Жкп. 1:27).

20 Жооптуу бир туугандар, анын ичинде Жетектөөчү Кеңеш, 1-кылымдагы Пабыл, Барнаба, Марк жана ыйык рух менен майланган башка аксакалдардай эле — жеткилеңсиз пенделер (Рим. 5:12; Жкп. 3:2). Бирок Жетектөөчү Кеңешке толук ишеним артсак болот. Анткени алар Кудайдын Сөзүнө жана элчилердин үлгүсүнө бекем карманышат (2 Тим. 1:13, 14). Ошондуктан жыйналыштагылардын ишеними барган сайын күчтөнүп жатат.

a 118-беттеги « Сыймыктуу иштер тапшырылган Марк» деген кутучаны кара.