КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ ЖӨНҮНДӨ КЫЛДАТ КҮБӨЛӨНДҮРӨБҮЗ

Каршылыкка карабай «Жахабанын сөзү... кеңири жайыла» берди

кыргыз
Каршылыкка карабай «Жахабанын сөзү... кеңири жайыла» берди
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/1102009066/univ/art/1102009066_univ_sqr_xl.jpg
bt 20-бөл.

20-БӨЛҮМ

Каршылыкка карабай «Жахабанын сөзү... кеңири жайыла» берди

Каршылыкка карабай «Жахабанын сөзү... кеңири жайыла» берди

Аполос менен Пабылдын жакшы кабардын жайылышына салым кошушу

Элчилер 18:23—19:41-аяттарга негизделди

1, 2. а) Пабыл менен анын шериктери Эфесте кандай кооптуу жагдайга туш болгон? б) Бул бөлүмдөн эмнелерди карайбыз?

 ЭФЕСТИН көчөлөрүндө чуу түшүп, тапырап чуркаган элдин кыйкырып-өкүргөнү угулууда. Калың эл чогулуп, козголоң чыгарганы турат. Алар элчи Пабылдын эки шеригин кармап алып, амфитеатрды көздөй жулкулдатып алып баратышат. Кыдырата тизилген соода орундуктарда отурган кишилер ээ-жаа бербей калган элге кошулуп кеткендиктен, көчө аңгырап бош калды. Ошентип, топураган эл 25 000 кишилик амфитеатрга жулунуп кирип барат. Ошол сүрмө топту коштоп жүргөндөрдүн көбү элдин эмнеге мынчалык уу-дуу болуп жатканын анча деле аңдай беришпейт. Бирок ибадатканасына жана Артемида кудайына шек келтирилип жатат окшойт деп божомолдошот. Ошондуктан: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» — деп кайра-кайра кыйкыра башташат (Элч. 19:34).

2 Бул окуядан Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын жайылышына бут тосуш үчүн Шайтан жаалданган сүрмө топту колдоноруна дагы бир жолу ынандык. Албетте, ал мындан башка да ыкмаларды колдонот. Бул бөлүмдө Шайтан кабар айтуу ишин токтотуш үчүн жана Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын биримдигин бузуш үчүн кандай ыкмаларды колдонгонун карайбыз. Баарынан да маанилүүсү, Шайтандын эч бир амалы ишке ашпай, «Жахабанын сөзү барган сайын кеңири жайылып, ого бетер таасирдүү боло бергенин» билебиз (Элч. 19:20). Шайтан Исанын ошол жолдоочуларын эмне үчүн басып сала алган эмес? Анткени аларга Жахаба өзү жардам берген. Бүгүнкү күндө деле ошондой. Бирок биз, Исанын алгачкы жолдоочуларындай эле, өзүбүз да күч жумшашыбыз керек. Алсак, Жахабанын ыйык рухунун жардамы менен кызматта ийгиликке жетиш үчүн керектүү сапаттарды өрчүтө алабыз. Келгиле, алгач Аполостун үлгүсүн карап көрөлү.

«Ал... Ыйык Жазманы жакшы билген» (Элчилер 18:24—28)

3, 4. Акила менен Прискила Аполостун эмнени билбей турганын байкаган жана ага кантип жардам берген?

3 Пабыл 3-миссионердик сапарында Эфеске баратканда, ал шаарга Аполос деген да жүйүт барып калат. Ал Мисирдин атактуу Александрия шаарынан эле. Аполос абдан жөндөмдүү болгон. Сөзгө чечен болгондон тышкары, ал «Ыйык Жазманы жакшы билген». Ошондой эле «Кудайдын ыйык рухунун таасири менен жалындап» кызмат кылган. Ынталуу Аполос жүйүттөрдүн сыйынуу жайында тайманбай сөз сүйлөгөн (Элч. 18:24, 25).

4 Аполостун айткандарын Акила менен Прискила да уккан. Алар анын «Иса жөнүндө туура айтып, туура окутканына» таасирленишсе керек. Чынында эле, Аполос Иса жөнүндө туура сөздөрдү айткан. Бирок Акила менен Прискила анын айрым маанилүү нерселерди билбей турганын байкашкан. Аполос «Жакан пайгамбар жарыялаган чөмүлдүрүүнү гана билчү». Ошондо чатыр жасап жан баккан ал жөнөкөй жубайлар билимдүү, сөзмөр Аполос жаман көрөт деп чочулабай, «аны өздөрүнө кошуп алып, Кудайдын жолун тагыраак түшүндүрүп беришкен» (Элч. 18:25, 26). Аполос муну кандай кабыл алган? Ал алардын айтканын туура кабыл алган. Себеби анда Исанын ар бир жолдоочусу өрчүтө ала турган абдан маанилүү болгон момундук деген сапат бар болчу.

5, 6. Аполос эмнеден улам Жахабанын керегине жараган кызматчы болгон жана биз андан эмнеге үйрөнсөк болот?

5 Аполос Акила менен Прискиланын жардамын кабыл алгандыктан Жахабага мурункудан да натыйжалуу кызмат кылып калган. Ал Ахаяга барып, ал жактагы боордошторуна «чоң жардам берген». Аполос Исанын алдын ала айтылган Машаяк экенин четке каккан жүйүттөргө да Кудайдын Сөзүндөгү кабарды жакшы түшүндүрүп берген. Лука ал жөнүндө: «Исанын Машаяк экенин Ыйык Жазмадан көрсөтүп, жүйүттөрдүн жаңылып жүргөнүнө төгүндөлгүс далилдерди келтирип,.. шыктанып сүйлөп жатты»,— деп жазган (Элч. 18:27, 28). Аполос жыйналыш үчүн Кудайдын берген батасы болгон! Ошентип, ал «Жахабанын сөзүнүн» кеңири жайылышына зор салым кошкон. Биз андан эмнеге үйрөнсөк болот?

6 Исанын жолдоочуларынын момун болгону абдан маанилүү. Ар бирибиздин кандайдыр бир шык-жөндөмүбүз, тажрыйбабыз, билимибиз бар. Бирок мунун баарынан да момун экенибиз көбүрөөк байкалып турушу керек. Болбосо ошол эле шык-жөндөмүбүздүн, тажрыйбабыздын же билимибиздин пайдасынан зыяны көбүрөөк болуп калышы мүмкүн. Анткени ушундан улам жүрөгүбүзгө бой көтөрүүчүлүк тамыр жая башташы ыктымал (1 Кор. 4:7; Жкп. 4:6). Ал эми чындап момун болсок, башкаларды өзүбүздөн жогору көрөбүз (Флп. 2:3). Кимдир бирөө бизге кеңеш бергенде нааразы болбойбуз, кайсы бир нерсеге үйрөтсө, жаман көрбөйбүз. Жахаба ыйык рух аркылуу уюмубузду биз ойлогондон башка багытка жетектесе, текеберденип, өзүбүздүкүн жактап туруп албай, оюбузду өзгөрткөнгө даяр болобуз. Момун болсок, Жахаба менен Исанын керегине жарай алабыз (Лк. 1:51, 52).

7. Пабыл менен Аполос момун болуу жагынан кандай үлгү калтырган?

7 Ошондой эле момун болсок, атаандашкандан качабыз. Шайтан Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын ынтымагын ыдыратканга аябай аракет кылган. Эгер башкаларды кыйын окуткан Аполос менен элчи Пабыл бири бирине атаандашып, жыйналыштагы көрүнүктүү абалга умтулушса, Шайтан кандай гана сүйүнмөк! Ал экөө оңой эле ошенте алмак. Себеби Корунттагы жыйналыштагылардын айрымдары: «Мен Пабылдын шакиртимин»,— дешсе, башкалары: «Мен Аполостукумун»,— дей башташкан. Бирок Пабыл менен Аполос муну колдоду беле? Жок. Пабыл момун болгондуктан, Аполосту мактап, Падышалыктын ишине кошкон салымын баалаган. Ага көптөгөн сыймыктуу жоопкерчиликтерди да тапшырган. Ал эми Аполос Пабылдын айткандарын аткарган (1 Кор. 1:10—12; 3:6, 9; Тит 3:12, 13). Ал экөө момун болуп, жакшы кызматташып, мыкты үлгү калтырган!

«Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жүйөлүү далилдерди келтирип... жүрдү» (Элчилер 18:23; 19:1—10)

8. Пабыл Эфеске кайсы жол менен барган жана эмне үчүн?

8 Пабыл убадасына туруп Эфеске кайтып барган a (Элч. 18:20, 21). Бирок ал жакка кайсы жол менен барганына көңүл бурсаң. Ал Сириядагы Антиохияда болчу. Ошондо ал Эфеске жетиш үчүн жакын жердеги Селекиядан кемеге отуруп, түз эле кетип кала алмак. Бирок «деңизден алыс жайгашкан аймактар» аркылуу барган. Бир эсептөөгө ылайык, Пабылдын Элчилер 18:23тө жана 19:1де жазылган саякаты баш-аягы 1 600дөй километрди түзгөн. Пабыл эмнеге мынчалык узак жолду тандаган? Анткени «бардык шакирттерге дем-күч берүүнү» көздөгөн (Элч. 18:23). Пабыл 3-миссионердик сапары, 1 жана 2-миссионердик сапарындай эле, көп күчтү талап кыларын билген. Ошентсе да ал муну арзырлык деп эсептеген. Бүгүнкү күндөгү кыдыруучу көзөмөлчүлөр менен жубайлары да, Пабылдай болуп, жанын аябайт. Биз аларды ошонусу үчүн жогору баалайбыз!

9. Жакандын шакирттери эмне үчүн кайрадан чөмүлүшү керек болгон жана алардан эмнеге үйрөнө алабыз?

9 Пабыл Эфеске барганда Чөмүлдүрүүчү Жакандын 12 чакты шакиртин жолуктурат. Алар Чөмүлдүрүүчү Жакан үйрөткөндөй чөмүлгөн болчу. Ыйык рух жөнүндө да, кыязы, аз эле билишкен же такыр эле билишкен эмес. Пабыл аларга Иса Машаяк үйрөткөн чөмүлүү жөнүндө түшүндүрүп бергенде, алар Аполоско окшоп момун болуп, анын айткандарын жакшы кабыл алган. Исанын жолдоочусу катары чөмүлүшкөндөн кийин, Жахаба аларга ыйык рухун жана табияттан тыш жөндөмдөрдү берген. Мындан көрүнүп тургандай, Жахабанын уюмундагы жаңы өзгөрүүлөрдү кабыл алып, анын жетекчилигине баш ийсек, батасын алабыз (Элч. 19:1—7).

10. Пабыл эмне үчүн Турандын мектебине кетип калган жана мындан эмнени үйрөнө алабыз?

10 Андан көп өтпөй дагы бир окуя болот. Пабыл жүйүттөрдүн сыйынуу жайында үч ай бою тайманбай кабар айтат. Ал «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жүйөлүү далилдерди келтирсе» да, айрымдар аны уккусу келбей, каршы чыгышат. Пабыл «Кудайдын жолун жамандагандар» менен талашып-тартышып убактысын коротпой, күнүгө «Турандын мектебине» барып сөз сүйлөйт (Элч. 19:8, 9). Кудайдын Падышалыгы жөнүндө көбүрөөк билгиси келгендер эми жүйүттөрдүн сыйынуу жайына барбай, Турандын мектебине барып калышат. Эгер үй ээси айткан кабарыбызды уккусу келбесе же талашып-тартыша берсе, Пабылдай болуп, биз да сөзүбүздү токтотуп, кабарды уга турган адамдарга барабыз. Анткени жүрөгү таза, момун адамдар дагы деле көп.

11, 12. а) Пабыл бизге кайсы жактан үлгү калтырган? б) Биз да канткенде кызматка бүт күчүбүздү жумшап, адамдарга ылайыкташа алабыз?

11 Пабыл Турандын мектебинде күн сайын саат 11лерден 4төргө чейин окутчу (Элч. 19:9). Ошол маалда күн абдан ысычу. Ошондуктан элдин баары тамактанып, бир аз эс алыш үчүн жумуштарын токтотуп, кичине бошураак болуп калышчу. Элестетсең, эгер Пабыл эки жыл бою күнүгө ошончо саат кабар айткан болсо, жалпы эсептегенде, ошол убакыт аралыгында кызматка 3 000ден ашык саат жумшаган b. Мына ушундан улам да Жахабанын сөзү кеңири жайыла берген. Пабыл кызматка бүт күчүн жумшап, элге ылайыкташа билген. Ал өзүнүн күн тартибин ошол жакта жашагандарга ылайыкташтырган. Анын натыйжасы кандай болгон? «Азиянын бүт тургундары: жүйүттөр да, гректер да Кудайдын сөзүн угушкан» (Элч. 19:10). Пабыл өзүнө тапшырылган кызматты чынында эле кылдат аткарган!

Адамдарга, кайсы убакта жана кайсы жерде болбосун, жакшы кабарды жеткиргенге умтулабыз

12 Бүгүнкү күндө биз да кызматка бүт күчүбүздү жумшайбыз жана башкаларга ылайыкташабыз. Адамдарга, кайсы убакта жана кайсы жерде болбосун, жакшы кабарды жеткиргенге умтулабыз. Мисалы, көчөлөрдө, базарларда жана киши көп жүргөн башка жерлерде кабар айтабыз. Ошондой эле телефон же кат аркылуу айтабыз. Аймакка адамдардын көпчүлүгү үйүндө болгон кезде барабыз.

Жиндердин каршылыгына карабай Жахабанын сөзүнүн «кеңири жайылып,.. таасирдүү боло бериши» (Элчилер 19:11—22)

13, 14. а) Жахаба Пабылга эмне кылганга күч берген? б) Скебанын уулдары кандай жаңылыш ойдо болгон жана бүгүнкү күндө христиан дүйнөсүндөгүлөр кандай жаңылыш ойдо?

13 Лука жазгандай, Пабыл Жахабанын жардамы менен «өзгөчө ажайып иштерди» жасай баштаган. Атүгүл оорулууларды Пабылдын бет аарчылары менен алжапкычтарын алып кетип айыктырышкан c. Ошондой эле жин оорулуулардын ичинен жиндер чыгып жаткан (Элч. 19:11, 12). Бирок Шайтандын жин-перилеринин Кудайдын алдында алсыз экенин көптөр көрсө да, бул баарына эле жага берген эмес.

14 «Жиндерди кууп чыгарып жүргөн жүйүттөрдүн айрымдары да» Пабылдыкындай кереметтерди жасаганга аракет кылган. Алар ал кереметтерди Исанын жана Пабылдын атынан жасап көрүшкөн. Алсак, Лука жазгандай, дин кызматчылардын тукумунан болгон Скеба деген кишинин жети уулу ошондой кылган. Бир жин аларга: «Исаны билем, Пабылды да тааныйм. А силер кимсиңер?» — деген. Анан ошол жин ичине кирип алган киши ал алдамчыларга жырткычтай болуп атырылып, баарын сабап салган. Тигилер болсо жаракат алып, жылаңач качып кетишкен (Элч. 19:13—16). Ошондо Жахаба улуу күчүн жалган динди туткан Скебанын уулдарына эмес, Пабылга бергени айкын болгон. Ошонун аркасында «Жахабанын сөзү» жеңишке жеткен. Азыркы күндө да миллиондогон адамдар Исанын атын айтсак эле же анын жолдоочусубуз десек эле, Кудайга жагабыз деп ойлошот. Бирок, Иса айткандай, анын Атасынын эркин аткаргандар гана жаркын келечекке үмүттөнө алышат (Мт. 7:21—23).

15. Эфестиктерден үлгү алып, спиритизмге байланышы бар нерселерди эмне кылсак болот?

15 Скебанын уулдарынын уят болгонун көргөндө көптөр Кудайдан коркуп, Машаяктын жолун жолдоп калышкан. Спиритизм менен байланышкан иштерин да таштаган. Негизи, эфестиктер сыйкырчылык кылышчу. Ал жакта дуба окуу, тумар чийүү сыяктуу нерселер кеңири таралган болчу. Эми алардын көбү туура эмес кылып жүргөнүн түшүнүп, сыйкырчылыкка байланыштуу толгон-токой китептерин эл алдында өрттөп жиберишкен. Бүгүнкү күндө алар он миңдеген долларларга бааланмак d. Лука: «Ошентип, Жахабанын сөзү барган сайын кеңири жайылып, ого бетер таасирдүү боло берди»,— деп жазган (Элч. 19:17—20). Ооба, жиндер да, алар жайылткан калп да чыныгы сыйынууга туруштук бере алган эмес. Машаяктын Эфестеги жолдоочулары бизге мыкты үлгү калтырган. Бүгүнкү күндө биз да спиритизм кеңири жайылган дүйнөдө жашап жатабыз. Эгер бизде спиритизмге байланышы бар нерселер болсо, эфестиктердей болуп, дароо жок кылышыбыз керек. Алар канчалык кымбат болбосун, андай жийиркеничтүү нерселерден арылалы!

«Чоң тополоң чыгарышты» (Элчилер 19:23—41)

«Мырзалар, бизге ушул иштен киреше түшүп жатканын жакшы билесиңер» (Элчилер 19:25).

16, 17. а) Димитир Эфесте козголоңду кантип баштаган? б) Эфестиктердин сокур сезимге алдырып койгону эмнеден көрүнгөн?

16 Луканын: «Кудайдын жолунда жүргөндөргө каршы болгондор чоң тополоң чыгарышты»,— деп жазганынан Шайтандын жоон топту куралы катары колдонушу мүмкүн экенин билсек болот. Чынында эле, ошондогу жагдай опурталдуу болгон e (Элч. 19:23). Тополоңду Димитир деген зергер баштаган. Эң алды, ал башка зергерлерге буркан жасап сатуу кирешелүү иш экенин баса белгилеген. Ошондой эле Исанын жолдоочулары бурканга сыйынбагандыктан, Пабылдын кабары алардын ишине залакасын тийгизерин айткан. Анан алардын атуулдук жана улуттук намысын козгоп, улуу Артемида кудайы жана анын бүт дүйнөгө таанымал ибадатканасы «баркка алынбай каларын» эскерткен (Элч. 19:24—27).

17 Ошентип, башкалар Димитирдин айтканын эп көргөн. Зергерлер: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» — деп кыйкыра баштаган f. Ошондо, ушул бөлүмдүн башында айтылгандай, шаардагы эл ызы-чуу түшүп, жоон топко кошулган. Пабыл тайманбай амфитеатрга барып, элге кайрылайын дегенде, шакирттер мунун кооптуу экенин айтышкан. Амфитеатрдан Александр деген бир киши эл алдына чыгып сүйлөйүн деген. Жүйүт болгондуктан ал жүйүттөр менен Исанын жолдоочулары эки башка экенин түшүндүргүсү келген сыяктанат. Бирок аны эч ким көзгө илбей койгон. Ал эми жүйүт экенин билишкенде, такыр эле сүйлөтпөй: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» — деп эки сааттай кыйкырып туруп алышкан. Бүгүнкү күндө да диний фанаттар эпке-сөзгө келбей, акылсыз иштерге барышат (Элч. 19:28—34).

18, 19. а) Эфестин шаар башчысы элди эмне деп тынчтандырган? б) Жахабанын Күбөлөрүнө бийликтегилер кээде кандай колдоо көрсөтүшөт жана биз буга кандай салым кошо алабыз?

18 Акыры, акыл-эстүү шаар башчысы элди тынчтандырат. Ал албууттанган жоон топту Исанын жолдоочуларынын эфестиктердин ибадатканасына да, кудайларына да эч кандай коркунуч туудурбай турганына ынандырат. Пабыл менен анын шериктери Артемиданын ибадатканасына каршы чыкпаганын да түшүндүрөт. Анан Пабылдардын кабар айтканы жакпаса, бийлик башындагыларга кайрылганга үндөйт. Андан сырткары, козголоң чыгарып, элди дүрбөткөнү мыйзамга каршы келерин жана бул үчүн Рим бийлиги жазалашы мүмкүн экенин эскертет. Сыягы, чогулган элге ушул нерсе күчтүү таасир этсе керек. Ошентип, шаар башчысы элди таратып жиберет. Анын айткандары жүйөлүү, жөндүү болгондуктан, элдин ачуусу бат эле тарап, тынчтанып, үйлөрүнө кетип калат (Элч. 19:35—41).

19 Бул бийлик башындагы акыл-эстүү кишилердин Исанын жолдоочуларын коргогонунун бир эле мисалы эмес. Мындан башка да көп окуялар болгон. Элчи Жакан аян алганда акыркы күндөрдө «жердин» «дарыяны жутуп алганын» көргөн. «Дарыя» Исанын жолдоочуларына Шайтандын тукуругу менен жасалган куугунтукту билдирет. Ал эми «жер» өз ичине адамзат коомундагы негизги түзүлүштөрдү камтыйт (Аян 12:15, 16). Жакан аянында көргөн нерселер азыр аткарылып жатат. Көп учурда калыс соттор Жахабанын Күбөлөрүнүн Кудайга сыйынуу жана жакшы кабар айтуу укугун коргогон чечимдерди чыгарат. Албетте, буга биринчи кезекте биздин жакшы жүрүм-турумубуз себеп болот. Эфестеги айрым бийлик башындагылар Пабылдын жакшы жүрүм-турумун көрүп аны сыйлашкан жана зыян тартып калышын каалаган эмес (Элч. 19:31). Биз да чынчыл болуп, башкаларды дайыма урматтап-сыйлайлы. Жакшы жүрүм-турумубуз өзүбүз элестетпегендей жакшы жемиш бериши ыктымал.

20. а) «Жахабанын сөзүнүн» 1-кылымда кеңири жайылганы жана азыр да кеңири жайылып жатканы жөнүндө ойлонгондо кандай сезимде болосуң? б) Эмне кылганга чечкиндүүсүң?

20 «Жахабанын сөзүнүн» барган сайын кантип кеңири жайылып, «ого бетер таасирдүү боло бергени» жөнүндө ойлонгондо жүрөгүбүз толкубай койбойт. Ошондой эле Жахабанын, 1-кылымдагыдай эле, бүгүн деле элине жеңишке жеткенге жардам берип жатканын көргөндө ишенимибиз бекемделет. Буга аз да болсо өз салымыңды кошкуң келеби? Анда Исанын ушул бөлүмдө айтылган жолдоочуларынан үлгү ал. Момун бол, Жахабанын уюму менен чогуу арышта, кызматка бүт күчүңдү жумша. Спиритизмден алыс бол. Андан тышкары, чынчыл бол, башкаларды урматта. Ошондо сени көрүп, башкалар Жахаба жөнүндө көбүрөөк билгиси келиши мүмкүн.

a 161-беттеги « Эфес — Азия провинциясынын борбору» деген кутучаны кара.

b Пабыл корунттуктарга жолдогон 1-катын да Эфесте жүргөндө жазган.

c Бул аяттагы айтылган «бет аарчы» Пабылдын чекесинен аккан тер көзүнө кирбеш үчүн башына ороп алган чүпүрөк болушу мүмкүн. Ал эми анын алжапкыч тагынып жүргөнүнөн бош убактысында, балким, эртең менен эрте чатыр жасап иштеген деп божомолдосо болот (Элч. 20:34, 35).

d Лука алардын баасы 50 000 күмүш тыйын болгонун жазган. Эгер Лука динар жөнүндө сөз кылган болсо, ал кезде ошончо акчаны табыш үчүн 50 000 күн же 137 жылдай тынбай иштөөгө туура келмек.

e Айрымдар Пабыл корунттуктарга: «Аман каларыбыздан да үмүт үзүп койгон элек»,— деп жазганда ошол окуяны айткан дешет (2 Кор. 1:8). Бирок ал андан да коркунучтуу башка жагдай жөнүндө айткысы келген көрүнөт. Пабыл: «Эфесте жырткычтар менен... күрөшкөн болсом»,— дегенде аренада жырткычтар менен кармашканы жөнүндө же аны куугунтуктагандар жөнүндө айтышы мүмкүн болгон (1 Кор. 15:32). Анын бул сөздөрүн түзмө-түз да, каймана мааниде да түшүнсө болот.

f Зергерлердин жамааты сыяктуу жамааттардын таасири күчтүү болгон. Алсак, ошондон бир кылымдай өткөндөн кийин наабайчылардын жамааты шаарда чоң дүрбөлөң чыгарышкан.