8-БӨЛҮМ
Шакирттер «тынч жашай башташты»
Шакирттерди ырайымсыздык менен куугунтуктаган Шабыл Исанын ынталуу жолдоочусу болот
Элчилер 9:1—43-аяттарга негизделди
1, 2. Шабыл Дамаскка эмне үчүн барган?
КААРЫ кайнаган бир нече киши жаман оюн ишке ашырыш үчүн Дамаскты көздөй келатат. Алар душманындай жек көргөн Исанын жолдоочуларын үйлөрүнөн сүйрөп чыгып, байлап, кордоп, сазайын колуна бериш үчүн Иерусалимдеги Синедрионго алып барышмакчы.
2 Аларды баштап келаткан Шабыл буга чейин эле Исанын жолдоочусунун канына забын болгон a. Ал мындан бир аз убакыт мурун Степанды таш бараңга алып жаткандарды кубаттап карап турган (Элч. 7:57—8:1). Анан Иерусалимдеги шакирттер менен эле тим болуп калбай, Исанын башка жактагы жолдоочуларынын да айласын алты кетирүүнү көздөп келатат. Анын максаты — «Жол» деп белгилүү болгон кооптуу сектаны жер менен жексен кылуу (Элч. 9:1, 2, шилт.; 61-беттеги « Шабыл Дамаскка барганга укукту кайдан алган?» деген кутучаны кара).
3, 4. а) Шабыл кандай окуяга кабылган? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?
3 Жолдо баратканда күтүлбөгөн жерден асмандан жарык түшүп, Шабылдын айланасы жапжарык болуп калат. Аны менен келаткандар коркконунан нес болуп туруп калышат. Шабылдын көзү көрбөй калат да, жерге жыгылат. Анан асмандан: «Шабыл, Шабыл, мени эмнеге куугунтуктап жатасың?»— деген үндү угат. Эмне болуп жатканын түшүнбөй Шабыл: «Мырзам, сен кимсиң?» — деп сурайт. Иса: «Мен сен куугунтуктап жаткан Исамын»,— деп жооп берет. Муну укканда Шабылдын бүткөн бою дүркүрөп чыкса керек (Элч. 9:3—5; 22:9).
4 Исанын Шабылга айткан алгачкы сөздөрүнөн эмнени биле алабыз? Шабыл менен болгон окуяны карап чыкканыбыздын кандай пайдасы бар? Жыйналыштагылардын ошол окуядан кийин өкүм сүргөн тынч убакты кандай колдонгонунан эмнеге үйрөнсөк болот?
Элчилер 9:1—5)
«Мени эмнеге куугунтуктап жатасың?» (5, 6. Исанын Шабылга айткан сөздөрүнөн эмнени биле алабыз?
5 Иса Шабылга: «Сен эмне үчүн менин шакирттеримди куугунтуктап жатасың?» — деген эмес. Ал ага: «Мени эмнеге куугунтуктап жатасың?» — деген (Элч. 9:4). Демек, шакирттери кыйналганда, Иса да кыйналат (Мт. 25:34—40, 45).
6 Машаякка ишенгениң үчүн ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатсаң, бир нерседен шектенбе: сенин жагдайыңды Жахаба да, Иса да жакшы билет (Мт. 10:22, 28—31). Бирок кыйынчылыктарыңдан азырынча арылбашың мүмкүн. Эске алчу нерсе, Иса Шабылдын Степанды таш бараңга алгандарды колдогонун, Иерусалимдеги шакирттерди үйлөрүнөн сүйрөп чыгып жатканын карап турган (Элч. 8:3). Бирок кийлигишкен эмес. Ошентсе да Жахаба Иса аркылуу Степанга жана башка шакирттерге ишенимдүү бойдон калганга зарыл күч берген.
7. Куугунтукка карабай туруктуу болуш үчүн эмне кылышың керек?
7 Эгер төмөнкүлөрдү кылсаң, сен да куугунтукка карабай туруктуу боло аласың: 1) кандай жагдай болбосун, берилгендигиңден жазбаганга чечкиндүү бол. 2) Жахабадан жардам сура (Флп. 4:6, 7). 3) Өч алба, аны Жахабага тапшыр (Рим. 12:17—21). 4) Жахаба сени өзү ылайык көргөн убакта кыйынчылыктардан арылтканга чейин чыдаганга күч берерине толук ишен (Флп. 4:12, 13).
«Бир тууганым Шабыл,.. Мырзабыз... мени сага жиберди» (Элчилер 9:6—17)
8, 9. Иса Ананияга Шабылга барышы керектигин айтканда, ал кандай сезимде болгон?
8 Иса Шабылдын: «Мырзам, сен кимсиң?» — деген суроосуна жооп бергенден кийин ага: «Ордуңан туруп, шаарга бар. Ал жерден сага эмне кылышың керектиги айтылат»,— дейт (Элч. 9:6). Көзү көрбөй калган Шабылды жанындагы кишилер Дамаскка алып барышат. Ал жерден ал үч күн бою орозо кармап, Кудайдан тиленет. Иса ал ортодо ошол жактагы «жүйүттөрдүн баары мактаган» Анания аттуу шакиртине Шабыл тууралуу айтат (Элч. 22:12).
9 Ошондо Ананияны кандай сезимдер чулгаганын элестетсең! Аны менен жыйналыштын Башчысы, тирилтилген Иса Машаяк өзү сүйлөшүп, ага өзгөчө тапшырма берет. Албетте, ал үчүн бул чоң сыймык болгон, бирок анын тапшырмасы ага оор көрүнгөн. Иса Ананияны Шабылга жибергенде, ал: «Мырзам, мен анын Иерусалимдеги жолдоочуларыңа далай жолу жамандык кылганын көптөрдөн уккам. Бул жакка да сенин жолдоочуларыңдын баарын кармаш үчүн жогорку дин кызматчылардан уруксат алып келген»,— деген (Элч. 9:13, 14).
10. Исанын Ананияга жасаган мамилесинен эмнени биле алабыз?
10 Анания тынчсызданып жатканын айтканда, Иса ага ачууланган эмес. Ал ага баарын түшүндүрүп берген. Иса Ананияга эмне үчүн ушундай тапшырма берип жатканын айтып, аны урматтаарын көрсөткөн. Ал ага: «Мен аны тандап алдым. Ал менин атымды башка элдерге, падышаларга жана ысрайыл элине жарыялайт. Мен ага ысмым үчүн кандай азаптарга туш болорун көрсөтөм»,— деген (Элч. 9:15, 16). Ошондо Анания дароо эле Иса айткандай Шабылды издеп тапкан. Анан ага: «Бир тууганым Шабыл, көзүң кайрадан көрүп, Кудайдын ыйык рухуна толушуң үчүн, жолдо келатканыңда көрүнгөн Мырзабыз Иса мени сага жиберди»,— деп айткан (Элч. 9:17).
11, 12. Шабыл жөнүндөгү окуядан эмнелерди биле алабыз?
11 Бул окуядан көп нерсени биле алабыз. Маселен, Иса, өзү убада кылгандай, кабар айтуу ишин өзү жетектейт (Мт. 28:20). Ал бүгүн бизге түзмө-түз сүйлөбөсө да, «үйүндөгүлөрүнө» кам көрүүгө дайындаган ишенимдүү кул аркылуу кабар айтуу ишин көзөмөлдөп жатат (Мт. 24:45—47). Ал эми Жетектөөчү Кеңештин жетеги астында жарчылар менен пионерлер Машаяк жөнүндө көбүрөөк билгиси келгендерди издеп жатышат. Буга чейинки бөлүмдө айтылгандай, жүрөгү таза адамдар Кудайдан жардам сурап тиленип, Жахабанын Күбөлөрүнө жолугууда (Элч. 9:11).
12 Анания Исанын тапшырмасын дароо аткарып, бата алган. Сен да, кээде оңой болбосо да, кылдат күбөлөндүргөнгө аракет кыласыңбы? Айрымдар үйдөн үйгө же чоочун адамдарга кабар айткандан коркушат. Башкаларга болсо жумуштан, көчөдөн, телефон же кат аркылуу кабар айтуу кыйынга турат. Анания коркуу сезимин жеңип, чоң сыймыкка ээ болгон. Башкача айтканда, Шабыл ал аркылуу ыйык рух алган b. Ошондой эле ал Исага таянгандыктан жана Шабылды бир тууганы катары көргөндүктөн тапшырмасын ийгиликтүү аткарган. Биз да, Ананиядай болуп, коркуу сезимин жеңе алабыз. Ан үчүн Исанын кабар айтуу ишин жетектеп жатканына ишенишибиз, адамдарга боор ооруй билишибиз жана Шабыл сыяктуу кишилерге да болочок ишенимдешибиздей карашыбыз керек (Мт. 9:36).
Иса жөнүндө «жарыялай баштады» (Элчилер 9:18—30)
13, 14. Эгер Ыйык Китепти изилдеп жүрсөң, бирок чөмүлө элек болсоң, Шабылдан эмнеге үйрөнсөң болот?
13 Шабыл дароо эле билгендерине ылайык иш кылган. Ал көзү көрөрү менен чөмүлүп, Дамасктагы шакирттер менен аралаша баштаган. Ал эле эмес, «Исанын Кудайдын Уулу экенин сыйынуу жайларында жарыялаганга» киришкен (Элч. 9:20).
14 Эгер сен Ыйык Китепти изилдеп жүрсөң, бирок чөмүлө элек болсоң, Шабылдай болуп, окуп-билгендериңе ылайык чечкиндүү иш-аракет кыласыңбы? Албетте, Шабыл Исанын кереметин көрүп, иш-аракет кылганга түрткү алган. Исанын кереметтерине башкалар деле күбө болушкан. Алсак, фарисейлер Исанын колу сенек кишини айыктырганын көргөн. Андан тышкары, көптөр Исанын Лазарды тирилткенине күбө болгон. Бирок Исага ишенишкен эмес, атүгүл ага каршы чыгышкан (Мр. 3:1—6; Жкн. 12:9, 10). Алардан айырмаланып, Шабыл туура эмес жолун таштап, өзгөргөн. Эмне үчүн? Анткени адамдарга караганда Кудайдан көбүрөөк корккон. Исанын ага ырайым көрсөткөнүн жогору баалаган (Флп. 3:8). Эгер сен да ушинтсең, кабар айтуу ишине катышканга жана чөмүлгөнгө сага эч нерсе тоскоол боло албайт.
15, 16. Шабыл сыйынуу жайларында эмне кылган жана Дамасктагы жүйүттөр ал айткан кабарды кандай кабыл алышкан?
15 Шабыл сыйынуу жайларында Иса жөнүндө кабар айта баштаганда, айрымдар көргөн көзүнө ишенбей, таң калса, башкалары ачууланса керек. Алар: «Бул Иерусалимде Исанын жолдоочуларын ырайымсыздык менен куугунтуктап жүрбөдү беле?!» — деп айтышкан (Элч. 9:21). Шабыл элге «Исанын Машаяк экенине жүйөлүү далилдерди келтирип», Исага эмне үчүн ишенип калганын түшүндүрүп берген (Элч. 9:22). Бирок жүйөлүү далилдер баарына эле таасир эте бербейт. Эгер адам каада-салттарга бекем карманса же текебер болсо, оңой менен ой жүгүртүүсүн өзгөртпөшү мүмкүн. Ошентсе да Шабыл багынган эмес.
16 Арадан үч жыл өтсө да, Дамасктагы жүйүттөр Шабылга каршы чыга беришкен. Акыры, анын көзүн тазалоону ойлонуштура башташкан (Элч. 9:23; 2 Кор. 11:32, 33; Гал. 1:13—18). Муну билип калган Шабыл акылдуулук кылып, ал жерден кетүүнү чечкен. «Шакирттери» Шабылды түн ичинде шаардын дубалындагы терезеден себет менен ылдый түшүрүшкөн (Элч. 9:25). Луканын «шакирттери» деп жазганына караганда, Дамасктагылардын айрымдары Шабыл айткан кабарды кабыл алып, Машаяктын жолдоочусу болушкан.
17. а) Ыйык Китептеги чындыктарды башкалар кандай кабыл алышат? б) Эмне кыла беришиң керек жана эмне үчүн?
17 Ыйык Китептен билгендериңди үйдөгүлөрүңө, досторуңа жана башкаларга айта баштаганда, анда жазылгандар жүйөлүү болгондуктан, баары угат деп ойлогон чыгарсың. Балким, айрымдар жакшы кабыл алгандыр, башкалары болсо кызыккан эместир. Атүгүл үйүңдөгүлөр сени душманындай көрүп калгандыр (Мт. 10:32—38). Кандай болбосун, Жазманы жакшы түшүндүргөнгө үйрөнө бер жана өзүңдү дайыма Исанын жолдоочусундай алып жүр. Ошондо каршы болгондор акыры оюн өзгөртүшү мүмкүн (Элч. 17:2; 1 Пет. 2:12; 3:1, 2, 7).
18, 19. а) Барнабанын Шабылга жардам бергенинин натыйжасы кандай болгон? б) Шабыл менен Барнабадан кандай үлгү алсак болот?
18 Шабыл Иерусалимге келгенде, ал жердеги шакирттер анын Исанын жолдоочусу болгонуна дароо эле ишенип калышкан эмес. Бирок Барнаба муну тастыктаганда, элчилер Шабылды кабыл алышкан жана ал Иерусалимде бир аз убакытка калган (Элч. 9:26—28). Шабыл кыраакы болгон. Ошол эле учурда кабар айткандан уялган эмес (Рим. 1:16). Ал Иерусалимде, мурда Исанын жолдоочуларын катуу куугунтуктаган шаарда, эр жүрөктүк менен кабар айткан. Ал жактагы жүйүттөр «ишенген кожосу» Шабылдын Исанын жолдоочусу болуп калганын көргөндө кыжыры кайнап, аны өлтүрөлү дешкен. Бирок Шабылдын «ишенимдештери бул жөнүндө билип калып, аны Кесарияга алып барышкан» да, «андан ары Тарска жөнөтүп жиберишкен» (Элч. 9:30). Ооба, Шабыл Исанын жыйналыш аркылуу берген жетекчилигине баш ийген. Мунун ага да, жыйналышка да пайдасы тийген.
19 Барнабанын демилгени колго алып, Шабылга жардамга келгенине көңүл бурсаң. Ошондон улам ал эки ынталуу жарчы ынак достордон болуп калганы шексиз. Сен да, Барнабага окшоп, жыйналыштагы жаңы жарчылар менен кызматташып, аларга рухий жактан өскөнгө жардам бересиңби? Эгер ошентсең, көп бата аласың. Ал эми жаңы эле жарчы болсоң, Шабылга окшоп, башкалардын жардамын кабыл алганга даярсыңбы? Тажрыйбалуу жарчылар менен кызматка чыксаң, кабарды жакшы айтканга үйрөнөсүң. Кубанычың да артат, түбөлүктүү досторду да табасың.
«Көптөр... ишенип калышты» (Элчилер 9:31—43)
20, 21. Кудайдын байыркы жана азыркы убактагы кызматчылары тынч мезгилди кантип колдонушкан?
20 Шабыл Исанын жолдоочусу болгондон кийин жана Иерусалимден аман-эсен кеткенден кийин, «Жүйүт жериндеги, Галилея менен Самариядагы шакирттер... тынч жашай башташкан» (Элч. 9:31). Шакирттер ошол тынч убакты кандай колдонушкан? (2 Тим. 4:2). Элчилер китебинен алардын «ишеними бекемделгенин» окуйбуз. Элчилер жана жооптуу башка эркектер жыйналыштагылардын ишенимин бекемдегендиктен, жыйналыш «Жахабага жаккандай жашап», «анын ыйык рухунун аркасында дем-күчкө толгон». Алсак, Петир ошол убакты текке кетирбей Шарон түздүгүндө жайгашкан Лидда шаарында жашаган боордошторунун ишенимин бекемдеген. Мунун аркасында ал жакта жашаган көп адамдар да «Мырзабызга ишенип калышкан» (Элч. 9:32—35). Ооба, шакирттер башка нерселерге алаксыбай, убактысын, күчүн бири-бирин бекемдегенге, жакшы кабар таратканга жумшаган. Натыйжада шакирттердин саны барган сайын өсө берген.
21 20-кылымдын аягында көптөгөн өлкөлөрдөгү Жахабанын Күбөлөрү да «тынч жашай баштаган». Мисалы, Кудайдын элин көп жылдар бою эзип келген өлкөлөрдө бийлик күтүүсүздөн алмашкан жана кабар айтканга тыюу салган мыйзамдар жеңилдетилген же такыр эле жоюлган. Бул он миңдеген Күбөлөргө ээн-эркин кабар айтканга шарт түзгөн. Жыйынтыгында көптөр чындыкты уккан.
22. «Тынч» мезгилди канткенде туура колдоно аласың?
22 Эгер кабар айтуу ишине эч кандай чектөө коюлбаган өлкөдө жашасаң, тынч мезгилди туура колдонуп жатасыңбы? Шайтан сенин Жахабага кызмат кылышыңды эмес, убактыңды дүнүйө-мүлк топтогонго жумшашыңды каалайт (Мт. 13:22). Анын азгырышына жол бербе. «Тынч» мезгилди туура колдон. Аны кылдат күбөлөндүргөнгө жана жыйналышты бекемдегенге мүмкүнчүлүк катары көр. Жагдай тез эле өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин эсиңден чыгарба.
23, 24. а) Табита жөнүндөгү билдирүүдөн эмнелерди билдик? б) Эмне кылганга чечкиндүү болушубуз керек?
23 Эми Исанын жолдоочусу болгон Дорка деген аял жөнүндө кеп кылалы. Аны Табита c деп да коюшчу. Ал Лиддадан алыс эмес жерде жайгашкан Жапа шаарында жашачу. Кудайга берилген ал аял убактысын акылдуулук менен колдонуп, «көп жакшы иштерди» жасаган жана «жакырларга көп жакшылык кылган». Бир күнү ал капысынан катуу ооруп, каза болуп калат. Буга Жапа шаарындагы шакирттер, өзгөчө, анын көп жакшылыктарын көргөн жесирлер катуу кайгырышат. Ошондо сөөк чыкканы жаткан үйгө Петир келет. Анан Кудайдан тиленип, Табитаны тирилтет! Мындай кереметти ага чейин Исанын бир да элчиси жасаган эмес болчу. Жесирлер жана башка шакирттер Табитанын тирилгенин көргөндө маңдайы жарыла сүйүнсө керек! Ошол окуяга күбө болгон шакирттер алдыдагы кыйынчылыктарга тике караганга чечкиндүү болуп калганы күмөнсүз. Бул окуя «бүт Жапага тарап, көптөр Мырзабыз Исага ишенип» калышкан (Элч. 9:36—42).
24 Бул окуядан эки маанилүү нерсени биле алабыз: 1) өмүрүбүз кыска. Андыктан көзүбүз тирүү кезде Кудайдын алдында жакшы атка ээ болгонго умтулганыбыз маанилүү! (Нас. 7:1). 2) Өлгөндөр сөзсүз тирилет. Жахаба Табитанын жакшы иштерин көз жаздымда калтырган эмес жана ага ошонусу үчүн сыйлык берген. Ал биздин да эмгегибизди унутпайт жана Армагедонго чейин көзүбүз өтүп кетсе, сөзсүз тирилтет (Евр. 6:10). Андыктан «ыңгайсыз убакта» жашап жатабызбы же «тынч» күндөрдү өткөрүп жатабызбы, мындан ары да Машаяк жөнүндө кылдат күбөлөндүрө берели (2 Тим. 4:2).
a 62-беттеги « Мурда фарисей болгон Шабыл» деген кутучаны кара.
b Адатта, ыйык рух элчилер аркылуу берилчү. Бирок бул жагдайда Иса Шабылга ыйык рухту Анания аркылуу берген. Шабыл Исанын жолдоочусу болгондон кийин бир топ убакытка чейин 12 элчиге жолуккан эмес. Бирок ошол убакыт аралыгында ал, сыягы, жигердүү кабар айта берген. Шабыл кабар айта алышы үчүн, Иса ага элчилерге жолукканга чейин эле Анания аркылуу зарыл күч берүүнү туура көргөн.
c 67-беттеги « „Көп жакшы иштерди жасаган“ Табита» деген кутучаны кара.